Президент Сооронбай Жээнбеков Флориданын Парклэнд шаарындагы мектептеги ок атуудан адамдар курман болгонуна байланыштуу АКШ Президенти Дональд Трампка көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Флориданын Парклэнд шаарындагы мектептеги ок атуудан көп адамдар курман болгонуна байланыштуу Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Джон Трампка көңүл айтты.

«Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан  болгон трагедияга байланыштуу чын ниетимден көңүл айтам, – деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты, ошондой эле жабыркагандардын баарына тез сакайып кетүүсүн каалай турганын билдирип коюуну өтүндү.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *