Президент Сооронбай Жээнбеков КР Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат

Эртең, 30-июнда, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралу бүгүн, 29-июнда президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөт мүчөлөрү Мамлекет башчысынын катышуусунда ант беришет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *