Президент Сооронбай Жээнбеков: Куралдуу Күчтөр – мамлекеттүүлүктүн тиреги!

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды Мекенди коргоочулардын күнү менен чын пейилимден куттуктайм. Өлкөбүздүн Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөп жаткан Мекенди коргоочуларга жана атуулдук парзын өтөп, ардактуу эс алууда жүргөн ардагерлерибизге Мекенге арнаган кызматтары үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Бүгүнкү күн – тарыхый күн. Мындан 100 жыл мурда Кызыл Армия жана Аскер деңиз флоту түзүлгөн. Даӊктуу тарыхый жолду басып өткөн согуштун жана ооруктун ардагерлеринин көөнөрбөс салтын жаӊы муундун өкүлдөрү татыктуу улап келүүдө.

Куралдуу Күчтөр дайыма мамлекеттүүлүктүн тиреги болуп келет. Мекенди коргоо – бул Ыйык милдет. Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгы, жөндөмү улуттук коопсуздуктун маанилүү фактору болуп эсептелет.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерге бекем ден соолук, тынчтык жана зор ийгиликтерди каалайм. Мекенибизди көз карегиндей коргоп, аскердик күжүрмөн даярдыгыңыздар дайыма бийик деңгээлде болсун!”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *