Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт Мамлекетинин Эмири ШейхСабах Аль-Ахмед Аль Сабахты Кувейт Мамлекетинин Улуттук күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Кувейт Мамлекетинин Эмири Шейх Сабах Аль-Ахмед Аль Сабахты  Кувейт Мамлекетинин Улуттук күнү менен куттуктады.

“Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы калыптанып,  өз ара ишеним жараткан мамилелер  эки өлкөнүн элдеринин гүлдөп өнүгүшү үчүн өз ара пайдалуу кызматташуунун жана конструктивдүү диалогдун маанайында ырааттуу өнүгө берет деп ишенем. Кыргыз-кувейт мамилелеринин бардык багыттарын  мындан ары  тереңдетүүгө кызыктар экендигимди  билдирем”,- деп белгиленет Кыргызстандын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт Мамлекетинин Эмири Шейх Сабах Аль-Ахмед Аль Сабахка чың ден-соолук, бакубатчылык жана бакыт-таалай, ал эми достук мамиледеги кувейт элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *