Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында бейшемби күнү, 8-февралда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөрүлөт.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө» маселе каралат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *