Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кечээ, 8-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташуусун талкуулашты.

Өзбекстандын башчысы кыргыз боордош элине акыл-эстүүлүк, тынчтык жана туруктуулук каалады.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *