Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту
Расмий кабарлар

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту

Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалда жаралган кризистин биринчи күндөрүнөн тартып КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен бир канча жолу телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Россия — создаштар жана стратегиялык өнөктөштөр, ошондой эле ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ уюмдарынын мүчөлөрү болуп саналат.

Россия тарап кырдаал түзүлгөндөн баштап тынчсыздануусун билдирген жана абалды жөнгө салуу боюнча өздөрүнүн жардамын сунушташкан.

Жакында Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте РФ Президенти Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча Кыргызстанга келген Россия Федерациясынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту.

Жолугушууга Садыр Жапаров дагы катышты.

Япония Кыргызстанга акысыз түрдө коронавирусту табуу боюнча 2000 тест берди

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт

Январь-август аралыгында Кыргызстанда орточо айлык акы – 236 долларды же 16,4 миң сомду түзгөн