Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 11-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын Саммитине катышуу үчүн Кыргыз Республикасына Владимир Путиндин боло турган визити, ошондой эле эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *