Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү боюнча өлкөбүздү региондогу алдыӊкы орунга алып чыгууну максат кылдык

«Санариптештирүү боюнча өлкөбүздү региондогу алдыӊкы орунга алып чыгууну максат кылдык», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясында.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

«Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Биздин өлкөбүз үчүн мааниси чоң — бүгүнкү конференциянын баардык катышуучуларына, сиздерге салам айтам.

Кымбаттуу коноктор,

IT-тармагынын интеллектуалдык лидерлери, компаниялардын жетекчилери, биздин күнөстүү жергебизге кош келиңиздер.

Өзүңөрдүн билимиңер, тажрыйбаңар менен бөлүшкөнү келгениңерге, биздин өлкөбүздө жүрүп жаткан санариптик реформаларга салым кошууга даяр экениңерге ыраазылык билдирем.

Өзүбүздүн, жергиликтүү IT коомчулугунун өкүлдөрү!

Жаңыланган Кыргызстанды — Санариптүү Кыргызстанды курууда — силердин ишиңер негизги мааниге ээ.

Бүгүн силер — жаңы өзгөрүүлөрдү демилгелеп, санарип философиясын биздин коомго киргизип жатасыңар.

Мекенчил, жаңычыл ишиңерге ийгилик каалап, мындан ары да силерди дайыма колдоп турууга даяр экенимди билдирем.

Урматтуу конференциянын катышуучулары!

Азыркы учурда санарип технологиялары дүйнө экономикасынын жүзүн өзгөртүп, бардык өлкөлөр үчүн глобалдык процесстерге кеңири катышуу мүмкүндүгүн жаратты.

Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн мамлекеттик башкарууда, бизнесте жана коомдо жаңылыктарды кабыл алууга даяр чөйрөнү түзүү керек.

Өзгөрүүлөрдөн качпай, жаңыланууну ыкчам кабыл алып, турмушка тездетип киргизген өлкөлөр гана ийгиликке жетип жатышат.

Биз дагы башка мамлекеттерден артта калбай, заманбап коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табууга умтулуп жатабыз.

Санариптештирүү боюнча өлкөбүздү региондогу алдыӊкы орунга алып чыгууну максат кылдык.

Бирок, бул максатка жетүүгө кедерги болуп жаткан бир катар көйгөйлөрдү кечиктирбей чечүү зарыл.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта санарип технологиялары терең колдонулбай келген.

Санарип инфраструктурасынын начардыгы -бизнестин сапаттуу продукция чыгарып, атаандаштыкка жөндөмдүү болушуна тоскоолдуктарды жаратууда.

Кеӊири тилкелүү интернеттин жоктугунан, айыл жергесине санарип технологиялары толук жете элек.

Бул өлкөнүн, өзгөчө региондордун өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген фактор.

Ушул жана башка көйгөйлөрдү тездик менен чечүү үчүн — менин Жарлыгым менен 2019-жыл — региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланган.

Бул багытта комплекстүү иштер аткарылып жатат.

Кудайга шүгүр, өлкөнү санариптештирүү боюнча алгачкы жыйынтыктар көрүнө баштады.

“Түндүк” ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу Мамлекеттик органдардын маалымат алмашуусу жолго коюлду.

Айрым мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү калкыбыз санарип форматында ала баштады.

“Коопсуз шаар” долбоору ишке активдүү кирип жатат.

Бул долбоор — Өкмөт пайда издөөчү экономикалык долбоор эмес, ал жол кырсыктарын азайтууга, адам өмүрүн сактоого багытталган долбоор экенин баса белгилейм.

Бул долбоор ишке киргенден тартып жолдо жүрүү эрежесин бузгандар 50 пайызга азайды.

Жол кырсыгынын саны эки эсеге жакын кыскарды.

Сот системасын, прокуратура органдарын санариптештирүү жүрүп жатат.

Бул чөйрөлөрдө ачык-айкындуулук орнотула баштады.

Социалдык чөйрөнү санариптештирүүдө айрым жетишкендиктер орун алды.

Электрондук китеп, электрондук кезек, мобилдик түзүлүш аркылуу төлөмдөр сыяктуу жаңылыктар пайда болду.

Адистердин жана жетекчилердин санариптик квалификациясын көтөрүүгө багытталган масштабдуу окутуулар жүрүп жатат.

Санарип технологиясынын маанисин жана пайдасын түшүнүп, бул процесске катышкан жарандардын катары өсүүдө.

Алардын мамлекеттик органдар менен болгон байланыштарында чиновниктин катышуусу азайып, техникалык каражаттарды пайдалануу арбындоодо.

Ошентсе да, кырдаалга объективдүү баа берип, алдыда дагы көп иштер аткарылаарын белгилейбиз.  Жакынкы жылдарга коюлган максаттарыбыз төмөнкүлөр:

Биринчи, санарип технологиялары мамлекеттик жана муниципалдык кызматты олуттуу өзгөртөт.

Жарандардын талабын тез аныктап, коомдун муктаждыгын ыкчам „өлчөп“, кечиктирбей чечим кабыл алуу үчүн „санарип чечимдери“ кеңейет жана тереңдейт.

Чечимдерди кабыл алуунун айкындыгы, жарандар менен болгон байланыштын ачыктыгы жана ыкчамдыгы санарип аркылуу жаңы деңгээлге чыгат.

Санариптештирүү — мамлекеттик органдардын  эффективдүүлүгүн жогорулатат, адам факторун азайтат, коррупцияны кыскартат.

Ар кайсы кырдаалга ыкчам жооп берген, мобилдүү жана ийкем мамлекеттик башкаруу —   мамлекеттик кызматкерлердин мобилдүү болушун шарттайт.

Өкмөт — санариптик платформа болот, бизнестин катышуусу менен, мобилдик түзүлүштөр аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн саны көбөйөт.

Аны менен катар „Санарип аймак“ платформасы ишке киргизилет.

Жергиликтүү жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр электрондук форматка которулуп, стационардык жана мобилдик түзүлүштөр аркылуу көрсөтүлө баштайт.

Санариптештирүү жараткан жаӊы шарттарга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өзүнүн ой-жүгүртүүсүн өзгөртүп, реформанын алдыңкы сабында болууга милдеттүү.

Экинчи, жарандарыбыздын санариптик билимин, жөндөмүн жогорулатып, санариптик коомду калыптандырууга барабыз.

Санариптештирүү — жашоонун баардык чөйрөлөрүн, адамдардын жашоо образын өзгөртөт.

Коомдун менталитети өзгөрөт, санарип технологиялары ар бир жарандын турмушуна кирет.

Жаӊы билимдерди алып, жаӊы ыкмаларды такай өздөштүрүп туруу керек.

Бул — адамдын атаандаштыкка жөндөмүн арттырат, заман талабына ылайык эмгек рыногунда керектигин жогорулатат.

Өзгөрүүлөргө даяр болбосок, санарип дүйнөсү биз үчүн жабык бойдон калат.

Ошондуктан ар бир жаран дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды кабыл алып, үйрөнө билүү муктаждыгы жаралды.

Интернет мейкиндигинде баарлашуунун этикасы, киберкоопсуздуктун ыкмалары, санарип маданияты — турмушубузда сөзсүз орун алчу талаптар болуп калышы керек.

Ошентип, коомду санариптештирүү — башка көрсөткүчтөр менен катар, биздин дүйнөдөгү ордубузду аныктай турган маанилүү процесс.

Санариптештирүүнүн ийгилиги — баардык кызыкдар тараптардын —  коомдун, мамлекеттин, бизнестин, эл аралык уюмдардын, чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн аракети бириккенде гана болот.

Үчүнчү, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо тармактарын санарипти колдонуу аркылуу жалпы республиканын масштабында мындан ары жакшыртуу милдети турат.

Эки стратегиялык багытка өзгөчө көңүл бурулат.

Биринчиси, адамдардын жашаган жери шаар же айыл экенине карабай сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыз кылуу, ал үчүн жаӊы санарип технологияларын дагы тереӊ киргизүү.

Экинчиси, билимдин сапатын жогорулатуу.  Анын ичинде элет жеринде тереӊ билим алуу мүмкүндүгүн жаратуу. Ал үчүн аралыктан билим берүү технологияларын жайылтуу.

Келечектин мектебинде жана бейтапканасында санарип технологиясы кеңири колдонулат.

Социалдык чөйрөдөгү мына ушул ийгиликтер элдин турмушун жакшыртууга биринчи кезекте таасирин тийгизет.

Төртүнчү, жаӊы мүмкүнчүлүктөр экономиканын көнүмүш секторлорун өзгөртөт, жасалма интеллекти пайдалануу аркылуу эмгектин өндүрүмдүүлүгү жогорулайт.

Инновациялык чечимдер — бизнес жүргүзүүгө, жалпы эле экономикалык өсүшкө оӊ таасирин тийгизет.

Мурда таптакыр болбогон жаӊы мүмкүндүктөр ачылат.

Аларга таянып, эӊ кыска убакта, өнүгүүнүн жаӊы деӊгээлине чыга алабыз.

Маалымат технологияларды колдонуу менен жаңы жумуш орундарын түзүүнү кеңейтебиз.

Бул мүмкүндүк элет жеринде жаңы бизнестин пайда болушуна шарт түзөт.

Дагы бир маанилүү жагдай.

Кыргызстандын энергетикалык потенциалы зор.

Ал жасалма интеллект, ири маалыматтар (большие данные), блокчейн технологиялары үчүн зарыл болгон регионалдык эсептөө инфраструктурасын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Бирок, биз криптовалютанын экономикага тийгизе турган таасирине кылдат мамиле кылышыбыз абзел.

Келечекте маалыматтын өзү — санариптик алтын катары баалана баштайт.

Натыйжада, биз санарип экономикасын, билимге таянган экономиканы курууну максат кылабыз.

Бешинчи, биз, Кыргызстан, технологиялык трансфердин регионалдык борбору болушубуз керек.

Бул биздин амбициялуу максатыбыз.

Биз алдыӊкы технологияларды өздөштүрүп, башкаларга жайылтуубуз зарыл.

Келечекте өзгөрүүлөрдүн катализатору болгон, жаӊы технологиялык чечимдерди, инновацияларды ЕврАзЭС, Шанхай кызматташтык уюмунун жана Дүйнөлүк соода уюмунун мейкиндигине жеткирип турган өлкө болушубуз абзел.

Ошондуктан өзүбүздүн IT продуктуларыбызды чыгарууга дем берип, технологиялык долбоорлорду, стартап– демилгелерди, бул багыттагы изилдөөлөрдү колдоо керек.

Технологиялык парктарды жана лабораторияларды түзүү зарыл.

Жогорку технологиялар паркынын базасында инновациялык кластерди түзүү — максатка ылайыктуу болот.

Алтынчы, өтө кылдат мамилени, зор түйшүктү талап кылган багыт — бул маалыматтарды коргоонун коопсуздугу.

Мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо — мамлекеттик сырды коргоодон башталат.

Ошол эле учурда жарандарыбыздын кызыкчылыктары — кол тийгис.

Адамдын уруксатысыз анын персоналдык маалыматын билүүгө эч кимдин акысы жок.

Ошондуктан санарип этикасын сактоонун, киберкоопсуздукту камсыздоонун жана жарандардын ички маалыматтарын коргоонун жетиштүү деӊгээли камсыз болуш керек.

Киберкоопсуздук боюнча Өкмөт стратегия кабыл алды.

Эми бул багыттагы эӊ жаӊы технологияларды киргизүүгө муктажбыз.

Уважаемые наши партнеры,

Мы хорошо понимаем, что успех цифровизации страны зависит от объединения усилий всех заинтересованных сторон.

Требует консолидации усилий государства, бизнеса и общества.

Совместная работа с зарубежными партнерами, международными организациями имеет очень важное значение для нас.

Мы нуждаемся в помощи партнеров как в сфере знаний и технологий, так и финансовой поддержке для реализации новых проектов.

Партнерство и совместные инициативы для нас — острая необходимость, и мы намерены сформировать новую культуру широкоформатного взаимодействия.

Наши цели мы изложили и теперь вы знаете, чего мы хотим достичь.

В связи с этим, я предлагаю рассмотреть возможность создания Клуба цифровых лидеров с вашим участием.

Думаю, предлагаемый мною Клуб может стать эффективной форсайт площадкой в нашем регионе по вопросам цифрового развития.

Тем самым мы заложили бы основу для нашего долгосрочного партнерства.

От имени государства в предлагаемом Клубе будет участвовать Государственный комитет Кыргызской Республики по информационным технологиям и связи.

Ардактуу меймандар,

Биздин өлкөбүздү санариптештирүү процессине катышып жатканыңар үчүн дагы бир жолу  рахмат айтам.

Биз өнөктөштүккө, чогуу иштешүүгө даяр экенибизди дагы бир ирет белгилейм.

Баарыбыз чогуу аракет кылсак, Кыргыз Республикасы санарип дүйнөсүндө бараандуу орунга   жетишет.

Ошону менен катар санариптештирүү процессин алдыга жылдыруу милдети — ушул жерде отурган мамлекеттик органдардын жетекчилерине таандык экенин дагы бир жолу баса белгилейм.

Мамлекет тарабынан санариптештирүү багытында бир катар чоң кадамдар жасалды, дагы жасалат.

Өлкө Президенти катары бул багытка өзгөчө көңүл буруп, бул менин ишимдеги артыкчылыктуу багыт экенин эсиңерге салам.

Тиешелүү министрликтер, ведомстволор аныкталган тапшырмаларды кечиктирбей ишке ашырууга милдеттүүсүңөр.

Жогоруда билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо тармагындагы милдеттерди айттым.

Ага кошумча тез жардам системасын автоматташтыруу, телемедицина, онлайн консультация алууну республиканын баардык аймактарына жеткирүү керек.

Архитектура жана курулуш секторуна санарип технологияларын активдүү киргизүү милдети турат.

Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу үчүн электрондук реестр, электрондук эсеп-кысап каражаттарын бул секторго киргизүүнү ылдамдатуу зарыл.

Энергетика жана тоо кен секторун реформалоого барабыз.

Бул чөйрөдө ачык-айкындуулукту орнотуу үчүн санариптештерүү — негизги курал болот.

Мамлекеттик каттоо кызматын санариптештирүү жүрүп жатат, бирок, анын темпи жана тереңдиги жетишсиз.

Азыр жүрүп жаткан сот системасын, прокуратура жана укук коргоо органдарын санариптештирүү процессин ылдамдатуу зарыл.

Санариптештирүүнү элге жеткирүү үчүн областтык жана райондук бийликтер өздөрү санарип технологиясын жакшы өздөштүрүп, областтын жана райондун деңгээлиндеги кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү милдети коюлат.

Жергиликтүү бийлик жаңылыктарды кечеңдетпей кабыл алып, өз функцияларын аткарууда санариптик чечимдерди көбөйтүүсү зарыл.

Элдин санариптик сабатын көтөрүүдөгү негизги милдет силерге таандык экенин унутпагыла.

Бизнес чөйрөсүн санариптештирүүнү тездетебиз.

Жаңы жумуш ордун түзгөн фирмаларга, өзгөчө элет жеринде иш алып барган IT компанияларга мамлекет тарабынан чечкиндүү колдоо көрсөтүлөт.

Урматтуу катышуучулар,

Сөзүмдүн аягында, бүгүнкү конференциянын уюштуруучуларына — Борбордук Азия Университетине, Жогорку технологиялар паркына, Маалымат технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетине ыраазылык билдирем.

Бул конференция санариптик трансформация боюнча чыгармачылык идеялардын аянтчасы болуп калат деп ишенем.

Баарыңыздарга ийгиликтерди каалайм.

Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!

Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай Өзү колдосун».

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *