Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде, Ош шаарында өтүп жаткан «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» аттуу 1-телекоммуникациялык форумга катышты.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу Биринчи телекоммуникациялык форумдун катышуучулары!

2019–жыл — региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланган.

Биз башка мамлекеттерден артта калбай, заманбап коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табышыбыз керек.

Санариптештирүү боюнча өлкөбүздү биздин региондогу алдыӊкы орунга алып чыгуу максатын койдук.

Эӊ татаал, көп түйшүктү, убакытты талап кылган көйгөй ушул.

Мындай тарыхый мүмкүнчүлүк бир келет.

Бул максатка жетпесек, санарип дүйнөсү биз үчүн жабык бойдон калат.

Жакынкы келечекте Кыргызстандын санарип экономикасын өнүктүрүү төмөнкү үч приоритеттүү багытта жүргүзүлөт:

Биринчи. Бизнес-процесстерди, өндүрүш байланыштарын санариптик трансформациялоо;

-финансы жана банк секторуна инновацияларды киргизүү;

— компетенттүү адистер менен камсыз кылуу, ата-мекендик компаниялардын натыйжалуулугун арттыруу, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көтөрүү;

— экономиканын артыкчылыктуу тармактарында санариптик инфраструктураны жана санариптик платформаларды өнүктүрүү.

Экинчи. Өнөктөш-өлкөлөрдүн санарип экономиканы өнүктүрүү боюнча стратегияларын пайдалануу;

— „Евразиялык экономикалык биримдиктин 2025 санарип күн тартибин“ колдонуу;

— „Бир алкак — бир жол“ программасы аркылуу санарип Жибек жолун кайра жандандыруу жана регионалдык санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча эл аралык дагы башка демилгелерди колдоо.

Үчүнчү. Санарип технологияларды өнүктүрүү, аларды иштеп чыгууда тоскоолдуктарды азайтуу.

Бул багыттарды ишке ашырсак жеке сектор үчүн сатуу рынокторун кеңейтүү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн түзүү жана глобалдык өндүрүш байланышына катышууга мүмкүндүк алабыз.

Өлкөдө жаңы экономикалык кластерлер түзүлөт.

Биздин күч-аракет улуттук санарип инфраструктурага дем берүүчү инвестициялардын келишине шарт түзүүгө багытталат.

Өлкөнүн бир дагы региону байланышы жок калбашы керек. Ансыз „Санарип Кыргызстан“ куруу мүмкүн эмес.

Урматтуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү,

Калк арасына санариптештирүү саясатын жайылтуу иши — силердин түздөн-түз милдетиңер.

Бул максатка жетүүгө кедерги болуп жаткан көйгөйлөрдү ыкчам чечүү мезгили келди.

Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, бардык кыйынчылыктарды жеңип, чечкиндүү аракеттенүү талап кылынат.

Урматтуу Форумдун катышуучулары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Бул процесс бүт дүйнөнү кучагына алды.

Бүгүн дүйнө калкынын жарымына жакыны интернетке кошулган.

Жакынкы келечекте санариптик экономика активдүү өнүгөт.

Ал дүйнө жүзүндө инновациялардын, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жана экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы болуп калат.

Азыр санарип инструменттери толук колдонулбай, кызмат көрсөтүү жана документ жүгүртүү — негизинен кагаз түрүндө болууда.

Бул кабыл алынган чечимдердин ачыктыгын камсыздай албай, коррупциялык мүмкүнчүлүктөргө шарт түзүп жатат.

Санарип технологиялары бизге аба менен суудай зарыл. Мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер, коом муну толук андап, түшүнүшү керек. Мунсуз өлкө өнүкпөйт.

Сиздерге белгилүү болгондой, Коопсуздук кеңеши „Санарип Кыргызстан 2019-2023“ санариптик трансформациялоо концепциясын бекиткен. Аны ишке ашыруу боюнча „Жол картасы“ иштелип чыкты.

Ага ылайык, глобалдык процесстен артта калбоо үчүн 2019-жылдын аягына чейин төмөнкү милдеттер кынтыксыз аткарылышы керек.

»Түндүк« системасы аркылуу керексиз процедураларды жана справкаларды жокко чыгарууну талап кылам.

Анын натыйжасында кошумча маалымкаттар жана документтерди талап кылуу токтойт.

Мамлекеттик органдар жана жеке сектор документтерди электрондук форматта алмашат.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бизнес-түзүмдөр „Түндүк“ системасы аркылуу гана иштешет. Өз ара иш-аракеттеринде кагазды колдонууну токтотушат.

Социалдык кызматтар боюнча пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү алуу, жөлөк пул алуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу абзел. Бул керексиз справкаларды жана документтерди жокко чыгаруу аркылуу ишке ашат.

Ушул милдетти толугу менен „Түндүк“ системасы аркылуу электрондук форматта жүргүзүү үчүн бардык шарттарды түзүү зарыл.

Эскертип кетейин, мамлекеттик органдардын „Түндүк“ системасына кошулуусу жана өз ара маалымат алмашуусу менин жеке көзөмөлүмдө болот.

Ошондуктан 189 мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү жана бирдиктүү интернет порталын толук кандуу иштетүү процесси аягына чыгуусу керек.

Белгилеп кетчү жагдай, бул иш 2016-жылы башталгандыгына карабай, дагы эле аягына чыга элек. Бул иш мен Премьер-министр кезде эле башталган.  Конкреттүү жылыштарды күтөбүз.

»Түндүк« системасы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук көзөмөлдөөгө, электрондук документти жүгүртүүнү ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

»Түндүк« системасы толук кандуу ишке кириш үчүн тез аранын ичинде системага кошулган мамлекеттик органдардагы иш процесстерин автаматташтырууну тездетиш керек.

Улуттук банк менен биргеликте „Түндүк“ системасына коммерциялык банктардын жана башка жеке тараптардын кошулуусу үчүн шарттар түзүлөт.

Электрондук төлөмдөрдү жана мобилдик банкинг кызматтарын региондордо камсыз кылуу тууралуу Улуттук банкка буга чейин тапшырма берилген, жыйынтыгын күтөбүз.

Азыр „Санарип аймак“ платформасын „Түндүк“ системасы менен айкалыштыруу милдети турат.

Санариптештирүү процессинде электрондук кол тамга өтө маанилүү, ошондуктан электрондук кол тамганы кеңири колдонууга багытталган иш-чараларды тез арада иштеп чыгып, аны турмушкка киргизүү зарыл.

Мындан тышкары санарип долбоорлорун тездетүү үчүн кийинки багыттар аткарылышы керек:

2019-жылдын сентябрь айына чейин персоналдык маалыматтарды коргоо боюнча тиешелүү мамлекеттик орган түзүү өтө зарыл.

Электрондук коммерция жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу зарыл.

Салыктык жол жоболорду фискалдаштыруу, товарларды маркирлөө, электрондук эсеп-фактурасы жана онлайн контролдук кассалык машиналар механиздерин киргизүү боюнча долбоорду баштоо кечендеп баратат.

Өткөрмө пункттарда экспорттук жана импорттук операцияларды көзөмөлдөө үчүн онлайн санарип технологияларын киргизүүнү тездетүү зарыл.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоодо бирдиктүү терезени Авто ЦОН долбоорунун алкагында 2019-жылдын 1-октябрына чейин ишке киргизүү милдети турат.

»Коопсуз шаар« долбоорлорунун 2-фазасы башталууда. Бул жарандардын коопсуздугун камсыздоодогу негизги долбоорлордун бири.

Digital CASA долбоорунун алкагында региондорду интернет менен камсыздоо, жана регионалдык Дата-борборлорду куруу иштерин ылдамдатуу керек.

Аталган чаралар боюнча жылдын аягына чейин керектүү мыйзамдарга жана укуктук ченемдик актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилбесе, биз алга жыла албайбыз.

Эл аралык тажрыйбага ылайык, санариптик теңсиздик региондордун арасында пайда болуу тобокелчилиги кыйла жогору.

Айтылган максаттар региондордун өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ.

Буга чейин мен айтып келгендей, киреше булактарынын жана финансылык каржылоонун региондор арасындагы теңсиздиги аймактардын өнүгүүсүн кечеңдеткен.

Эми санарип теңсиздигин жое албасак, анда аймактарды өнүктүрүү максатына жете албайбыз.

Ошондуктан биз бул жылды Региондорду өнүктүрүү менен катар өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялаганбыз. Эки багыт бири-бири менен тыгыз байланышта.

Республиканын 20 шаарынын базасында „акылдуу шаар“ долбоорунун негизги компоненттерин борбордук бийликтен жардам, колдоо күтпөй эле, өз алдынча иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Мисалы, Балыкчы шаарында бүгүнкү күнү муниципалдык мүлктүн электрондук реестри, шаардын электрондук картасы сыяктуу долбоорлор даярдалууда.

Коопсуз шаар долбоорунун алкагында 84 видео камералары орнотулуп, атайын кырдаалдарды башкаруу борборуна кошулду.

Шаар ичинде 38 километр опто-волокно кабели тартылды.

Демек, жер-жерлерде жергиликтүү бийлик өзүнүн аракети менен өзгөрүүлөрдү жасаса болот. Болгону демилге жана аракет керек.

Буга чейин да айткам, дагы бир жолу токтоло кетейин. Аймактарды колдоо максатында төмөнкү чечимдер кабыл алынган:

Киреше салыгынын үлүшүн жергиликтүү бюджетке этап-этабы менен өткөрүп берүү алкагында 2019-жылы киреше салыгынын эсебинен жергиликтүү бюджеттерге кошумча  2,1 млрд. сом бөлүнүүдө.

Мындан тышкары региондорду өнүктүрүү үчүн республикалык бюджетте өзүнчө берене менен 2 млрд сом каралды.

Бул каражаттарды колдонуу механизмин тездетүү абзел.

Дотациялык региондордо ачылып жаткан өнөр жай ишканалары 5 жылдан 10 жылга чейин киреше салыгын, сатуудан алынган салыгын, жер жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотулду.

Технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду.

Региондорду өнүктүрүүнү финансылык колдоо максатында мамлекеттик жеңилдетилген кредиттөө программалары да иштеп жатат.

Эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн демилге-аракети, талыкпас эмгеги чечүүчү роль ойнойт.

Биздин жарандардын татыктуу жашоосун камсыз кылуу, алардын бекем саламаттыгы, сапаттуу билими — биздин негизги милдетибиз.

Ошондуктан, региондордо социалдык кызматтардын санарипке өтүүсүнө өзгөчө басым жасайбыз.

Ушул жол менен гана биз калкыбызга сапаттуу, ыкчам, даректүү мамлекеттик кызмат көрсөтө алабыз.

Кээ бир долбоорлорду жер-жерлерде кичи шаарлардын жана дотациядан чыккан айыл өкмөттөрдүн өз каражаттарынын эсебинен эле ишке ашырса болот.

Билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо тармактарында санарипти колдонуу аркылуу кызматтардын сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү арбын.

Биз аларды толук колдоно албай жүрөбүз. Мындан региондордун жашоочулары өзгөчө жапа чегүүдө.

Медицина тармагында заманбап маалымат технологияларын тереӊ колдонуу менен тез жардам системасы кескин түрдө өзгөрөт.

Бишкектеги тез жардам кызматы автоматташтырылган башкаруу системасы 2019-жылдын декабрь айында толугу менен бүтүшү керек.

Бул долбоор 2020-жылы Ош жана Каракол шаарларына да иштеп баштайт, башка шаарларда да бул системаны жайылтуу керек.

Ар бир адамга, ар бир үй-бүлөгө үй-бүлөлүк врач жана медайым дайыма жеткиликтүү болушу керек.

Ошондуктан, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун иши таптакыр жаӊы принцип менен уюштурулат.

Бул борборлор элге күнү-түнү үзгүлтүксүз кызмат көрсөтөт.

Ал үчүн интернет аркылуу, телефон аркылуу онлайн консультация берүү, электрондук кезек кызматтары киргизилиши керек.

Бул долбоор пилоттук түрдө Бишкек шаарында 2019-жылдын июль айында башталат.

Долбоорду ишке киргизүүдө биздин байланыш операторлору активдүү катышат деп терең ишенем.

Жарандардын эң көп нааразычылыгы — ооруканалардагы кезек күтүү. Ушул көйгөйдү чече албай жатасыңар, ошондуктан санариптештирүүнү талап кылам. Анткени, мамлекеттик бийликке болгон нааразылык мына ушундай кезек күтүүлөрдөн улам күчөйт.

»Акылдуу мектеп« долбоору боюнча мектептин негизги процесстерин санариптештирүү зарыл.

Бул долбоордун алкагында мектепке окуучуларды алууда электрондук кезек киргизилүүдө.

Мугалимдердин иш процессин, окуучулардын окуу процессин көзөмөлдөө санариптештирилет.

Ал үчүн Өкмөт 2019-жылдын 1-июнуна чейин калган мектептерди толугу менен интернетке кошуу ишин аяктоосу керек. Бүгүнкү күнгө республикадагы мектептердин 86 пайызы интернетке кошулган.

Мындан тышкары республика боюнча социалдык жактан маанилүү болгон баардык мекемелерди интернетке кошуу башталат.

Бүгүн бул жерде облус жеткечилери отурасыңар.

Силердин ишиңерди баалоодогу негизги критерий катары ар бир региондо бирден инновациялык мектеп ачуу талабы коюлат.

Ал үчүн Билим берүү министрлиги атайын методиканы жана окуу стандарттарын иштеп чыгып, бекитип берет.

Инновациялык мектептер аркылуу информатика, математика жана чет тил сабактары дистанттык түрдө региондогу мектептерге дагы жайылтылат.

Аймактарда электрондук муниципалитет долбоорун ишке ашыруу реалдуу. Бул долбоорлордун ийгилиги акимдер, мэрлер, айыл өкмөт башчыларына байланыштуу болот.

Бул долбоордун алкагында электрондук бирдиктүү терезе аркылуу калкка кызмат көрсөтүү, калктуу конуштардын электрондук карталарын түзүү, муниципалдык менчиктин электрондук реестирин киргизүү каралууда.

Бул кызматтардын ишке кириши боюнча мэрлердин, акимдердин жана айыл өкмөттөрдүн башчыларынын ишин баалайбыз.

Заманбап технологиялар аркылуу биз бизнеске кедергесин тийгизген тоскоолдуктарды да жое алабыз.

Өкмөт тарабынан лицензияларды жана уруксат кагаздарды электрондук түргө өткөзүү маселеси 2015-жылдан бери бүтпөй келет.

Ал эми электр тармактары боюнча ишкерлердин сунушу менен киргизилген „Энергетикалык карта“ долбоору толук кандуу иштеген жок.

2017-жылдан бери бул карта жаңыланбагандыктан, ишкерлерге электр тармактарына кошулууда тоскоолдуктар болууда.

Ишин токтоткон ишканаларды жабуу процедуралары татаалдашкан.

Электрондук салык отчеттуулукту берүүдө электрондук кол тамганы колдонуу процедуралары да ыңгайсыз.

Бул жерде крипто коддорду колдонууда ар кандай стандарттар болгондуктан, программалык камсыздоодо башаламандык пайда болууда.

Буга байланыштуу мамлекеттик органдар жарандарга жана бизнеске жагымдуу шарт түзүү үчүн электрондук кол тамганын бирдиктүү стандарттарын колдонуусу зарыл.

Дагы бир милдет — Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай агенттигине курулуш жана архитектура тармагында бирдиктүү терезени 2019-жылдын 1-ноябрына чейин толук кандуу ишке киргизүү милдети жүктөлгөн.

Бул долбоор азыр пилоттук түрдө ишин баштады.

Таза суу тармагында абоненттердин бирдиктүү маалымат базасындагы билинг системасын кичи шаарларга жайылтуу зарыл.

Юстиция министрлиги нотариалдык кызматтарды электрондук түргө өткөзүү үчүн „Электрондук нотариат“ долбоорун 2019-жылдын 1-июлуна чейин киргизет.

Мындан тышкары справка, көчүрмө сыяктуу жарандарга жана бизнеске керектүү документтерди санарип түргө өткөрүү, башкача айтканда электрондук архив керек.

Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы архивдик документтерди санариптештирип, электрондук архив түзүштү.

Жарандарга жана бизнеске кызмат көрсөткөн бардык мамлекеттик органдар тез арада электрондук архив түзүү ишин аякташы керек.

Санариптештирүү боюнча биздин амбициялык максаттарды ишке ашыруу чоң көлөмдөгү каражат талап кылат.

Ошондуктан, Каржы министрлиги санарип долбоорлорун каржылоого бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыксын.

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Санариптик трансформацияда мамлекеттик органдардын, жарандардын санарип сабаттуулугун жогорулатуу, санарип инфраструктуралык түзүмдү жана платформаларды өнүктүрүү маанилүү.

Бул жерде жергиликтүү бийликтин бардык бутактары отурасыңар. Аймактарды, жалпы өлкөнү санариптештирүү үчүн биринчи кезекте силер өзүңөр санарип боюнча жогорку деңгээлде сабаттуу болушуңар керек. Жаңы нерсени үйрөнүп, окуп, элге түшүндүрүп, алдыга жылбасаңар, убакытка уттуруп коесуңар. Эсиңерде бар, санарип маселесин Коопсуздук кеңешинде караганбыз. Бүгүн дагы жаңы тапшырмалар берилди.

Мен региондорго чыкканда дагы көзөмөлдөйм, айтылган сөз айтылган бойдон калат деп ойлобогула. Бул маселе жылдын жыйынтыгы менен Коопсуздук кеңешинде дагы каралат.

Урматтуу форумдун катышуучулары,

Жакынкы жылдары төмөнкү маселелер актуалдуу.

Биз экономиканы санариптештирүү шартында адам ресурстарын толук пайдаланууну биринчи орунга коебуз.

Биздин адистер алган билимин өндүрүш менен айкалыштыра билген деңгээлге жетиши керек.

Башкача айтканда, жогорку квалификациялуу инноваторлорду, инновациялык кадрларды даярдоо — замандын негизги талабы.

Баарыбызга белгилүү болгондой, адам ресурсу — бул экономиканы өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы.

Ал үчүн, бардык кошумча билим берүү институттары аркылуу туруктуу окутуу жана адистердин квалификациясын кайра өзгөртүү үчүн шарттарды түзүү керек.

Инновациялык борборлордун аянтчалары аркылуу академиялык жана бизнес структуралардын өз ара пайдалуу кызматташуусун камсыз кылуу зарыл.

Ошондо, ишкерлер өздөрүнө гана эмес, мамлекет үчүн да пайдалуу, конкреттүү инновациялык чечимдерди иштеп чыгып, пилоттук түрдө жаңы долбоорлорго инвестиция салышат.

Дагы бир маанилүү жагдай.

Укук коргоо органдарынын жана сот бийлигинин ишине санариптик инструменттерди кеңири киргизүү милдети кынтыксыз аткарылышы керек.

Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери, бул тапшырмага өтө олуттуу мамиле жасагыла.

Санариптештирүү аркылуу силер өз ишиңердин ачыктыгын күчөтүп, адам укугун коргоо багытындагы ишиңерди дагы да бекемдейсиңер.

Санариптештирүү процессинде жогорку окуу жайлардын мүмкүнчүлүгүн да кеңири пайдалануу керек.

Жогорку окуу жайлары старт-аптарды  сыноо, жаңы окутуу модулдарын апробациялоо үчүн эң сонун аянтча болуп бере алат.

Санариптик трансформациялоо аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык чечимдерди кабыл алуу процесстерине жарандарды кеңири тартуу — мезгил талабы.

Сапаттуу санариптик кызматтарды көрсөтүү, натыйжалуулукту, ачык-айкындуулукту арттыруу жана мамлекеттик башкаруу системасында коррупцияны жоюу — негизги милдет!

Бул багытта ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү керек.

Бул айрыкча жарандар жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара мамилесине тийиштүү.

Ал үчүн ички процесстерди толук автоматташтыруу керек.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри (КЖБР) жана Бузуулардын бирдиктүү реестри (ББР) сыяктуу негизги системалардын сааттай так иштешин камсыз кылуу абзел.

Урматтуу өнөктөштөр!

Санариптик трансформациялоону ишке ашыруу мамлекеттик же муниципалдык органдарга гана тиешелүү эмес.

Бизнес „Санарип Кыргызстанды“ илгерилетүүдө маанилүү өнөктөш боло алат.

Ийгиликке жетишүү үчүн бардык күч-аракетибизди бириктирүү абдан маанилүү.

Мамлекет, бизнес жана коомчулук өлкөнү санариптешүүнү артыкчылыктуу багыт катары карашы керек!

Жарандык сектордун, коммерциялык уюмдардын катышуусу менен гана „Санарип Кыргызстан“ ишке ашат!

Урматтуу мекендештерим,

Санариптештирүү менин президенттик ишимдин  артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет.

Ошондуктан мен бул чөйрөдөгү бардык маселеге кылдат көнүл бурам.

Жакында эле ГРС тармагындагы тендерге байланыштуу жооптуу кызматкерлер кармалды.

Бул коомдо резонанс жаратты.

Мен коомчулуктун ой-пикирине чоң сый-урмат менен мамиле кылам.

Биздин жарандык коом абдан кучтүү, жарандарыбыз мамлекеттик маселелерге кайдыгер мамиле кылбагандыгы жакшы көрүнүш.

Бирок, тендердин айланасында көп талаш-тартыштар жүрүп жатат.

Ошондуктан, шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырам.

Бардыгы мыйзамдын алкагында болушу керек.

Мыйзамдуулук баарына бирдей. Эгерде мыйзам бузулса, анда ким болсо да жоопкерчилик тартышсын.

Укук коргоо органдары да мыйзамды катуу карманышы керек.

Мен премьер-министр болуп иштеп жатканда Кара-Балта жолун куруу боюнча тендердин тегерегинде да чоң ызы чуу чыккан.

Эми азыр паспорт тендери да ызы чуу жаратты, эл аралык коомчулуктун көнүлүн бурду.

Ошондуктан, мыйзам базасын жакшыртып, коррупциялык элементтери болсо, алып салуу керек.

Азыр парламент сатып алуулар тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат. Тендер процедураларынын ачыктыгын жана аларга карата ишенимди жогорулатуу зарыл.

Санарип технологияларды ишке киргизүү, байланыш технологиялары, телекоммуникациялар жана санариптик контент абдан маанилүү.

Алыскы аймактардагы санарип инфраструктурасынын начардыгы бизнестин сапаттуу продукция чыгарып, атаандаштыкка жөндөмдүү болушуна кедерги болууда.

Кеӊири тилкелүү интернеттин жоктугунан айыл жергесине санарип технологиялары аркылуу жашоо-тиричиликти жеӊилдеткен мүмкүндүктөр жетпей калууда.

Санарип инфраструктурасы трафикти толук берүүнү камсыз кылууга жана интернеттин өсүшүнө өбөлгө болууга тийиш.

Радиожыштык спектрин натыйжалуу пайдалануу зарыл.

Ошондо байланыш технологиялары жаатындагы инвестицияларды жана инновацияларды кеңири тартууга мүмкүндүк болот.

Жакынкы жылдарда Кыргызстандын бүткүл аймагын кең тилкелүү жана кымбат эмес Интернет камтыш керек.

Жаны технологиялар, регионалдык дата-борборлор эл аралык өнөктөштүк үчүн шарттардын бири болууга тийиш.

Заманбап санариптик инфраструктура мамлекет, жеке сектор жана жарандар ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн жаңы платформасын түзүүгө өбөлгө болот.

Бизнестин жана байланыш операторлорунун жардамы менен ар бир региондо бирден аймактык дата-борболорун куруу максаты коюлууда.

Бул борборлор жер-жерлерде санарип технологияларын жайылтуу мүмкүнчүлүгун берет.

Акыркы жылдары байланыш тармагында иштеген компаниялар сектордун өнүгүшүнө зор салым кошууда.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча телекоммуникациялык компаниялардан салыктык чегерүүлөрдүн көлөмү 5,8 млрд сомдон ашык каражатты түздү.

Мобилдик абоненттерди персонификациялоо, электрондук коммерция, мобилдик төлөмдөргө окшогон заманбап технологиялары киргизилүүдө.

Мындан ары да ачык-айкындуулукту күчөтүп, жагымдуу инвестициялык климатты түзүүнүн үстүндө иштешибиз керек.

Эл аралык деңгээлдеги инфраструктураны куруу — өлкөнүн маанилүү приоритети болуп саналат.

Учурда байланыш операторлорунун корпоративдүү социалдык жоопкерчилигинин айкын мисалына күбө болуп жатабыз.

Байланыш операторлорунун ассоциациясы биздин операторлор менен бирдикте Ош шаарында интернет трафигин алмашуу боюнча аймактык пунктун ишке киргизүүдө.

Бул жергиликтүү компаниялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат.

Кызматтардын баасын төмөндөтүүгө жана сапатын жогорулатууга өбөлгө болот.

Телекоммуникациялык компаниялар маалыматтык коомду түзүүдө негизги күч, башкы тирек болуп берет деп терең ишенем.

Бул милдеттерди ишке ашыруу мамлекеттик башкарууну өзгөртүүнү, күчтүү тармактык жөндөгүчтөрдүн (регуляторлордун) пайда болушун жана ченемдик-укуктук базаны жаңыртууну талап кылат.

Урматтуу бизнес өкүлдөрү, сиздерди бул ишке активдүү катышууга чакырам!

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Биз бизнес менен мамлекеттин ортосундагы ишенимдүү жана натыйжалуу мамилелерди түзүүгө багыт алдык.

Бүгүн биринчи жолу өтүп жаткан телекоммуникация Форуму Кыргызстандын санариптик экономикасын өнүктүрүү боюнча натыйжалуу сунуштарды иштеп чыгат деп ишенем.

Форум келечекте жыл сайын актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн туруктуу аянтча болуп калат деп үмүттөнөм.

Бүгүн IT-тармагынын эң мыктылары отурасыңар. Өлкөнү санариптештирүү милдетин татыктуу аткарасыңар деп мен силерге жаран катары да, өлкө жетекчиси катары да ишенем.

Ишиңерге ийгилик каалайм!»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *