Президент Сооронбай Жээнбеков Соликамскидеги шахтада чыккан өрттө шахтерлордун каза болгондугуна байланыштуу Россиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Соликамскидеги шахтада өрт чыгып, шахтерлордун каза болгондугуна байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Соликамскидеги шахтада өрт чыгып, кенчилер трагедиялуу каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза тапкандардын жакындарына жана туугандырына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», -деп белгиленет Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *