Президент Сооронбай Жээнбеков “Жылдын адамы” деп аталды

Бүгүн, 25-декабрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарып маалымат жыйын өткөрүп жатат. Учурда суроо-жооп рубрикасы уланууда.

Пресс-конференцияда “Факты.kg” гезити президентке суроо берердин алдында Сооронбай Жээнбековду “Жылдын адамы” деп атады.

“Кыргыз Республикасынын өнүгүп-өсүшүнө адал, ак эмгегин арнап, жигердүү өзгөрүүлөрдү, жемиштүү ийгиликтерди кызматы менен кылгандыгы үчүн Сооронбай Жээнбеков “Жылдын адамы” деп табылды” – деп жазылат дипломдо.

Бул тандоо “Факты.kg” гезити жана анын окурмандары тарабынан аныкталгандыгы айтылды.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *