Президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 72 жылдыгын майрамдоого арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү жөнүндө буйрукка кол койду

КР Президенттик Аппараттын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык,  1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 72 жылдыгын майрамдоого арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүү максатында, кыргызстандыктардын согуш жылдарында фронтто жана оорукта көрсөткөн эрдигине, кайратына жана каармандыгына таазим кылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

– 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 72 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана аларды бардык жерде жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылсын;

– иш-чараларды финансылык жана уюштуруучулук камсыз кылуу маселелерин чечсин.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *