Президенттик шайлоого бийлик менен соодалашыш үчүн гана чыгып жаткан саясатчыларга кызмат берүү практикасы токтотулуш керек

Алдыда, 10-январда өтө турган президенттик шайлоого карата бүгүнкү күнгө чейин 65 адам өз талапкердигин көрсөттү. Алардын ичинен биз мурунтан айтып келгендей 3-4 гана талапкердин ортосунда чыныгы күрөш жүрөт. Калгандары кыргыз айткандай “иттин уулу байгара” деле президент болгусу келет дегендей кеп. Айрым оорукчандары эле өз “мурдуна карабай бышкырганы” болбосо, көпчүлүгү өздөрүнүн шайлоодон өтпөй каларын да билишет. Анда эмнеге жанталашып президенттик кызматка жулунушууда?

Бир эле максат – бийликти коркутуп, соодалашып, бир устукан өндүрүп аламбы деген үмүт. Анткени бул президенттик шайлоолордун алдында бизде традиция болуп калды. Кайсы бир региондо, кайсы бир участокто бийликтин талапкеринин добуштарын талашып, чачыратып жиберет деп эсептеген бийлик коркконунан айрым бир талапкерлер өз талапкердигин алып салыш үчүн устукан – кызмат кармата коёт.

Алыска барбай, бүгүн да президенттикке талапкер болуп жаткан Турсунбай Бакир уулун алалы, ал 2009-жылы президенттик шайлоодо бийликтин талапкери Курманбек Бакиевге атаандаш катары президенттик кызматка өз талапкердигин койгондо өз кичи мекени Кара-Сууда бутка чалынып, добуштарды чачыратып, тоскоол болбосун деген бийлик ага Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматын сунуштары менен шайлоодон өз талапкердигин алып салып, Бакиевди алкап-жалкап, Малайзияга “зуу” койгон. Эми болсо Садыр Жапаров эмне сунуштай коёт деп жулунууда.

Ал эми Бектур Асанов ошол эле 2009-жылы президенттик шайлоодо өз талапкердигин алып чыкканда Бакиевдик бийлик ага Кыргызстандын Пакистандагы элчилик кызматын кармата салары менен шайлоодон талапкердигин алып салып, Пакистаганга чаап кеткен. Эми азыр Жапаров эмне бере коёт деп күтүүдө.

2017-жылы президенттик шайлоого катышкан Улукбек Кочкоров болгону 8 миң добуш алган, азыр да өтпөшүн билет, бирок 2017-жылдагы шайлоодон кийин бийлик ага сооротуучу сыйлык катары министрлик кызмат берген. Бийлик ооз жабуу максатында кээде шайлоодогу улуу-кичүү атаандаштарына да устукан – кызмат кармата коёт.  Ошону менен оозу жап болот. Мындай устукан күткөндөр да 65 талапкердин арасында толтура.

Бүгүн президенттик кызматка барам деп арыз берген 65 адамды бирден тартып жиликтесе, мындай жоруктары чекеден чыгат.  Баары устукан күтүүдө. Ошондуктан президенттик кызматты аркалап кетүү колунан келгени деле, келбегени деле шакылдата арыз жазып, БШКны демитип турат. Көп талапкерлердин кебетесине, акылына, билимине, деңгээлине эл күлүп жатат, дүйнө күлүп жатат. Мамлекеттүүлүкө доо кетирүүдө, Кыргызстанды “сөзгө сөлтүк, кепке кемтик” кылууда. Ошондуктан жаңы бийлик жогоркудай жаман салтты токтотуш керек. Бутка чалынып, тоскоол болот деп устукан кармата коюп, аларды жаман үйрөтпөшү зарыл. Алардын артында  куру дымактан башка эч нерсе жок. Алардын айткан кооз сөздөрүнө коомчулук да сын көз менен карап, талдоого убакыт жетти. Президенттик шайлоого бийлик менен соодалашыш үчүн гана чыгып жаткан саясатчыларга кызмат берүү практикасы токтотулуш керек.

Бул жагынан байлык десе байлыгы бар, электорат десе 600 миң электораты бар Өмүрбек Бабанов прагматик катары туура кадам жасады. Анткени 2017-жылы ал президенттик шайлоого катышканда анда каржылык жана электоралдык ресурстар жетиштүү болгон, бирок административдик ресурстары жетишсиз болуп, экинчи орунда келди.  Бирок президенттик шайлоодо 2-орун деген болбойт, бирөө утат, калгандары утулат. Парламенттик шайлоодо гана партиялар добуштун санына жараша 1-2-3-орундарды бөлүшүп мандат алышат. Эгер Бабанов бул шайлоого катышканда да баягы эле административдик ресурстун тартыштыгынан кайра эле 2-орунда келмек. Бирок 2-орундун кимге кереги бар? Ресурстарды курулай ысырап кылгандан башка пайдасы жок. Ошондуктан ал “эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө жакшы” дегендей Садыр Жапаровдун талапкердигин колдоп чыкты. Бүгүнкү адыраңдаган 65 талапкердин ичинде эң чоң мүмкүнчүлүктөрү бар Бабанов реалдуу чечимге келип, шайлоого катышуудан баш тартты.

Биз 1-ноябрда жазгандай, Кыргызстандын шартында президенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн негизги 3 ресурс аба менен суудай керек. Биринчиден, талапкерде электоралдык ресурс болушу керек, экинчиден, каржылык ресурс жетиштүү болушу зарыл. Үчүнчүдөн, административдик ресурс баары бир чечүүчү ролду ойнойт. Бул 3 ресурс азырынча бир гана Садыр Жапаровдо бар.

Калган олуттуу талапкерлердин бири Канат Исаевде электоралдык жана каржылык ресурс  гана бар, ал эми административдик ресурстан ал өзү баш тартып алды. Эми колундагы ресурстарын үч-төрт эселеп көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн пайдалана алабы? “Кыргызстан” партиясынан башка да “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынын жана айрым олигархтардын ресурстарын өзүнө бура алабы?  Геосаясый оюндардын субъекттеринин колдоосун таба алабы? Муну убакыт көрсөтөт.

Үчүнчү олуттуу талапкер Адахан Мадумаровдо чектелүү гана электоралдык ресурс бар. Каржылык жана административдик ресурстары чак. Геосаясый оюнчулардын колдоосун табуу максатында Москвада жасаган кадамдары алгач жакшы жемиштерди берип жаткан. Анткени Мадумаровдун күчтүү атаандаштары Канат Исаев менен Садыр Жапаров Россиядан колдоо таппай жаткан учурда Мадумаров Москвага визит жасап, интервюларды берип, маалымат жыйындарын өткөрүп, “Мадумаровду Москва колдойт экен” деп эл оозуна кайрадан алына баштаган.

Аңгыча эле Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 25 күндүн ичинде Москванын, Астананын, Ташкендин жана Анкаранын эшигин жыртып жатып, блицкриг жасап, Кыргызстандагы дүйнө өлкөлөрүнүн элчилерин эпке келтирип, Садыр Жапаровду тааныбай жатышкан дүйнө лөктөрүн ийге келтирди. Садыр Жапаровго Россиянын президенти Путин, премьер-министри Мишустин, өзбек президенти Мирзёев, казак президенти Токаев, премьери Мамин сыяктуу КМШнын дөө-шаалары телефон чалышып, ал-акыбал сурап, саясый жана экономикалык колдоо көрсөтө башташты. Бул деген алардын Садыр Жапаровду өздөрүнө тең ата катары тааный баштоо фактысы болду.

Эми Жапаровдун колунда электоралдык, каржылык, административдик ресурстардан башка да төртүнчү фактор – геосаясат да роль ойной баштады. Бул деген Садыр Жапаров бул шайлоодо атаандаштарын алда канча артка калтырып кетет деп болжолдоого шарт түзөт. Бирок, Садыр Жапаровдун командасы колунда турган административдик ресурсту иштете алабы?  Административдик ресурс  иштеши үчүн бийликтин күчтүү вертикалы болуш керек.

Аткаруу бийлигинде Көк үйдөн тартып, айыл өкмөтүнө чейин бийликтин аппараттык оюндарын мыкты билген, алчы таасын жеген, тажрыйбалуу аткаминерлер олтуруш керек. Эмне, тажрыйбасы аз, бирок премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп калган Артём Новиков админ ресурсту иштетеби же өмүрүндө мамлекеттик жооптуу кызматтарда (аткаруу бийлигинде) иштебей эле вице-премьер министр болуп жаңы эле барышкан Элвира Сурабалдиева  менен Максат Мамыткановдорбу? Тегерегине бүт тажрыйбасыз эр-азаматтарды жыйнап алды.

Жаңы дайындалып жаткан тажрыйбасыз министрлер менен агенттиктин, мекеме-ишканалардын башчыларын, губернаторлорду ал жерде иштеген эски карышкырлар угабы?

Бүгүн президенттикке талапкер болуп чыгышкандардын көбү 2-турга болжоп жатышат. Экинчи турда соодалашып алабыз, ага чейин таймаша беребиз деп көшөрүшүүдө.  Шайлоо үгүтү 15-декабрдан башталып, 8-январда бүтөт, 10-январь шайлоо күнү. Жаңы жыл алды жана жаңы жылдан кийин элдер эс алууда болуп, саясый активдүүлүк кескин төмөндөйт. Шайлоого катышуу азаят. Мындай учурда биринчи турдан эле 51% добушту алып кетүү кыйынга турат. Эгер шайлоо 2-турга өтсө анда Адахан Мадумаровдун шансы өсөт. Регионалдык фактор Мадумаров үчүн иштейт…

Садыр Жапаров шайлоого күчтүү командасы менен киришиш керек эле, бирок ал досторунун, тарапташтарынын баарын аткаруу бийлигине жогорку кызматтарга дайындап салды. Балким ушунча жыл колдоп жүргөн тарапташтарына болгон моралдык карыздарынан кутулуп жаткандыр. Ошол эле учурда аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик кызматкерлер менен депутаттар шайлоо учурунда талапкерди коштоп-колдоп жүрө албайт. Мыйзам жол бербейт. Жанындагы командасын мамлекеттик кызматтарга таратып жиберип, утуш үчүн шайлоого кайсы тажрыйбалуу оюнчулар менен барат? Командасына кимдерди алат? Кыргызстанды кимдер менен кыдырат? Коррупция менен күрөшүү лозунгун туу катары көтөрүп чыккан талапкердин командасында буга чейин коррупцияга шектелбеген, арты таза, репутациясы бийик гана тажрыйбалуу адамдар болушу керек. Бул өңүттөн алганда Садыр Жапаровдун командасы ойлоно турган көйгөйлөр көп…

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *