Президенттик шайлоого карата кайсы күчтөр кимдер менен биригүүдө?

10-январга өлкөдө президенттик шайлоо дайындалган күндөн тартып кыргыз саясат майданында саясый күчтөрдүн биригүүлөрү, орун алмаштыруулары, тымызын жүрүштөрү башталды. Ал жүрүштөрдүн негизинде бул президенттик тактыны талашта негизги күрөш төмөнкү 4 талапкердин арасында болчудай болуп турат, алар: Садыр Жапаров, Өмүрбек Бабанов, Канат Исаев жана Адахан Мадумаров. Эми алардын кимиси жеңишке жетишүү үчүн кандай кадамдарды жасап жатышканына, кандай каржылык, электоралдык ресурстар үчүн күрөш башталганына токтололу.
Садыр Жапаров колунда бийлиги болгондуктан биринчиден, шайлоого пайдалануучу административдик ресурстар колунда, экинчиден, шайлоого сарпталчу каржылык ресурстарды чече алат, үчүнчүдөн, электоралдык ресурстун уюткусу (“Мекенчил” партиясынын шайлоочулары) бар, эми аны 51%га жеткирүү гана калды. Ал максатта Жапаров “Чоң казат” партиясын өзүнө тартып, анын лидерлери Сыймык Жапыкеевге Финполдун төрагалыгын, Максат Мамыткановго вице-премьерликти кармата койду. “Ата-Мекенди” өзүнө имерип, Тилек Токтогазиевге министрлик, Элвира Сурабалдиевага вице-премьерлик мансапты тартуулады. Болгону Жанар Акаевге сураган кызматын бере албай акыркы күндөрдө Текебаев менен мамилеси солгундай түштү(ошондуктан Текебаев Нью ТВга Садыр Жапаров шайлоодон жеңип чыгып президент болот деп интервью берсе, эртеси эле “Азаттыкка” Садыр Жапаров утулуп калат деп ишендирип жатат). Жапаров “Ыйман нуру”, “Ордо”, “Бир бол”, “Республика” жана “Улуттар биримдиги” партияларын да өзү тарапка тартуу аракеттерин көрүүдө.
Ошондой эле шайлоого карата административдик ресурсту колго алуу максатында азыр мамлекеттик кызматтарга ага шайлоодо иштеп бере турган тарапкерлерин коюп, чекесинен алмаштыра баштады. Кыязы шайлоого чейин өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматтарга өз кишилерин дайындап бүтчүдөй. Эсеби, ар бир мамлекеттик кызматкер эле ага баш ийген кызматчылары, өз үй-бүлөсү, урук-туугандары, жоро-жолдоштору менен добуш беришсе эле шайлоого катышкандардын 51% камсыз кылат деген ишеним чоң сыяктуу.
Бирок, аксак жагы – Россия, АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн колдоо таппай жатат. Дүйнөнүн баардык өлкөлөрү Садыр Жапаровду бийликти мыйзамсыз басып алган төңкөрүшчү катары гана кабылдоодо. Эгер шайлоого чейин жок дегенде Россиянын колдоосун таба албаса Жапаров шайлоодон уттуруп коюшу мүмкүн. Бирок Россия өзүнүн колдоосу үчүн аябагандай чоң баага – союздук мамлекетке кошулууну суроого камдангандай болуп турат.
Дагы бир маселе – Садыр Жапаров 13-октябрда Москвадан келген Путиндин атайын өкүлү Козак менен сүйлөшүүдө президент Сооронбай Жээнбеков менен кол алышып, эгер Жээнбеков парламенттин чечимине кол коюп, аны премьер-министрликке дайындаса анда Сооронбай Жээнбеков шайлоого чейин өз кызматында олтуруп турат деп шерттешкен эле. Бирок Сооронбай Жээнбеков аны премьер-министрликке дайындаган жарлыкка кол коёру менен Козактын ортомчулугу алдында болгон шертти бузуп, Жапаров эртеси эле Жээнбековду кызматтан кетүүгө аргасыз кылды. Бул кадамы менен Жапаров Москванын алдында сөзүнө турбаган, шертти бузган саясатчынын кейпин кийип калды жана ошондуктан Кремль бүгүн Жапаровго далысын салып жатат. Ошондой эле мезгилде Жапаров шертти бузуп, Жээнбековду кызматтан кетирүү менен түштүк электоратынын көп бөлүгүн жоготуп алды.
Өмүрбек Бабанов алигиче президенттик шайлоого катышуу дымагын ачык жарыялай элек. Азырынча ортомчулар аны “Республика” партиясы менен бирдикте Садыр Жапаровду колдоого чакырып, премьер-министрлик кызматты убадалашып жатканы айтылууда.
Белгилүү болгондой Бабановго мурунку бийликтер козгогон 8 кылмыш ишине Садыр Жапаровдун бийлиги дагы 3 кылмыш ишин козгоп кошуп, 11ге жеткирип койгон. Ошондуктан өмүрүн, эркиндигин, байлыктарын тобокелге салып, ачык күрөшкө чыгып, президентикке ат салышууга духу жетеби?
Баса, Бабановдун электоралдык жана каржылык ресурстары жетиштүү жана акыл-эс менен бул ресурстарды шайлоого мобилизациялай алса чоң жеңишти камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү бар.
Биздеги маалыматтар боюнча Россия да эгер Өмүрбек Бабанов шайлоого аттанса аны колдоо ниеттери бар. Анткени Бабанов орус бийлигине жат эмес, тепкичтен-тепкичке өсүп премьер-министрликке чейин жетип, кызматташып жүргөн. Россияда байланыштары жана чоң бизнестери бар. Бирок Бабановдун “канжыгага башын байлап” чыкканга эрки жетеби?
Биздин баамыбызда Бабанов өзүнүн коопсуздугуна Путин кепилдик бергенде гана шайлоого баш оту менен киришип, күрөшкө аттанат.
Эгер андай кепилдик алалбаса Бабанов досу Канат Исаевди колдоп кетеринде күмөн жок. Эсиңиздерде болсо 2017-жылы Атамбаев Канат Исаевди саясый негизде камакка алганда Бабанов “Канат Исаев президенттик шайлоодо мени колдогону үчүн эле камалып кетти” деп чырылдап чыккан. Өзүн моралдык жактан карыз эсептеп, ар дайым Канат Исаевди абактан чыгарып алууга аракеттенип жүргөнү белгилүү.
Канат Исаев тууралу азыр ал шайлоодо аутсайдер болот деген пикирлер арбын, бирок биздин баамыбызда ал тымызын көп жүрүштөрдү жасоо менен акырын күчтөнүп баратат. Белгилүү болгондой 10-октябрда Канат Исаевдин спикер болуп калышына ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков чоң роль ойногон. Кечээ, 31-октябрда Бишкектеги мечиттердин биринде Сооронбай Жээнбеков менен Канат Исаев бирге намазга жыгылганы да узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жетти.
Канат Исаевде каржылык ресурстар жетиштүү (артында арак магнаты Шаке Абдыкеримов баштаган бизнестин дөө-шаалары турат).
Электоралдык ресурстун уюткусу (“Кыргызстан” партиясы) өзүндө бар. Бизге жеткен маалыматтар боюнча “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партиялары да өздөрүнүн электоралдык ресурстарын бүтүндөй бойдон Канат Исаевге бурганы даярданып жатышат. Бул партиялардын функционерлеринин баары азыр кызматсыз талаада калышты жана булардын келечегине Канат Исаевдин жеңиши гана “жашыл жарык” ачышы мүмкүн.
Эгер буларга Бабанов “Республика” партиясы менен кошулуп кетсе Канат Исаевди колдой турган саясый күчтөрдүн чоң ири альянсы түзүлөт. Бир эле учурда 4 ири саясый партия, анын ичинде 2 түштүктүн (“Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан”) жана 2 түндүктүн (“Кыргызстан” менен “Республика”) партиялары колдоп калат. Бул деген Канат Исаев түштүктөн да жана түндүктөн да көп добуш алат дегенди түшүндүрөт. Дегеле Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен Садыр Жапаровдун “Мекенчил” партиясынан башка бардык партиялар жана олуттуу саясый күчтөр партиялык-парламенттик системанын өнүгүшүн каалашууда, ошондуктан Канат Исаев бул жагынан да электораттын чоң колдоосуна ээ болгону турат.
Канат Исаевге Россиянын колдоосун экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен россиячыл “Биримдик” партиясынын билермандары камсыз кылганы аракеттенишүүдө. Россия деле же Бабанов же Канат Исаев деп турганы айтылууда. Анткени Садыр Жапаров шертти бузду, бийликти шайлоо жолу менен эмес, түрмөдөн чыгып келип, күч менен басып алды, артында бандиттер турат деген шек жаралды. Өзүн КМШнын жандармы сезген Россия муну оңой баага кечирбейт.
Эгер бул ресурстардын баарын акыл менен бир муштумга түйө алса Канат Исаев шайлоодо жеңип кетишине күмөн жок.
Адахан Мадумаров боюнча айрымдар аны Садыр Жапаровдун бүгүнкү күндөгү негизги атаандашы деп аташып, шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү чоң талапкер катары баалашууда. Бирок Адахан Мадумаров менен Садыр Жапаровдун идеологиялары жана электораты окшош болгондуктан бири-бирине электоралдык тоскоолдуктарды гана жаратышат.
Садыр Жапаров да жана Адахан Мадумаров да президенттик башкарууну кайра алып келебиз, парламенттик шайлоону бир мандаттуу округдарга кайтарабыз деп жар салышууда.
Экөөсүнүн тең негизги колдоочулары Россия менен Казакстандагы кыргыз эмгек мигранттары.
Экөөсүнүн тең өлкөнүн түштүгүндө эң көп жактоочулары бар. Жапаровдун ал жактоочуларына Ташиевдин шайлоочулары да кошулуп кетери айдан ачык.
Ошондой эле Мадумаров да Россиядан колдоо таба албайт.
Мадумаровдун дагы бир аксак жагы – каржылык ресурстары жок. Кыргыздар шайлоолордо “куру аякка бата жүрбөйт” принцибине өтүп алганы алда качан.
Ошондуктан Адахан Мадумаров бул шайлоодо да өткөнкүдөй үчүнчү орунда келиши болжолдонууда.
Анын үстүнө кыргыздын жазылбаган мыйзамдары боюнча жаңы кыргыз тарыхында президент бир түштүктөн, бир түндүктөн алмак-салмак алмашып келе жатат. Эмики кезек түндүк аймакта жана бул табышмактуу күчтөр колдогон салтты буга чейин эч ким буза алган эмес.
Жогоруда аттары аталган 4 азаматтын бүгүнкү күнгө карата артыкчылыктары менен кемчиликтерин мына ушул өңүттө салыштырып караганда: күтпөгөн жерден Канат Исаевдин арымы кеңейип, дүбүртү күчөп бараткандай…
Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *