Президенттин ата-теги ким?

Үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгы айтылуу Каркыра жайлоосунда чоң салтанат менен белгиленди. Бул мааракеге Бишкектен чакырылган меймандардын катарында мен дагы барып калдым. Убагында Көкөтөй бабабыздын ашы өткөн жайлоонун болуп турган учуру экен. Каскатар тигилген жүздөн ашуун жасалгалуу боз үйлөр, улуттук кийим кийип, меймандарды тейлеген кыз-келиндер, ат ойноткон жигиттер… Музыка жаңырып, Каркыранын көркүнө көрк кошуп, ата-бабадан мураска калган жайлообуз шаңга бөлөнүп турду.

Мааракеге арналган салтанат саат 10до башталмак. Биздин топ Бишкектен бир күн мурда чыгып, Талды-Суу кыштагына түнөгөнбүз. Биз жайлоого саат сегиз боло электе жетип, андагы эл менен учурашып, чай ичкиле, жок дегенде даам ооз тийип чыккыла деген боз үй ээлеринин көңүлүн кыйбай, улам бир боз үйгө кирип, элибиздин пейилине ыраазы болуп, үйдүн жасалгасына көз кырыбызды салып, суктана карап жаттык.

Кезектеги боз үйдөн чыкканыбызда, бизди тосуп чыккан жигит: «Бул боз үйгө да кайрыла кеткиле, алыстан келген кадырлуу адамдар отурат»,- деп бет маңдайдагы сыртынын көркү келишкен ак өргөнү көрсөтүп, жол баштады. Боз үйдөгүлөрдүн арасында Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген коомдук ишмерлер, илимдин ар кайсы тармактарын изилдеген окумуштуулар, манасчылар, чыгармачыл адамдар отурган экен. Биз отургандарга салам айтып, дасторкон четинен орун алдык. Боз үйдүн ички жасалгасы да көздүн жоосун алат. Он эки канат боз үйдүн кеңдигин ошондо баамдадым. Ичине 50гө жакын адам кенен отурат.

Сөз өлкөбүздүн Президентинин ата-теги жөнүндө экен. Биз келгенге чейин эле бул үйдө саясат жөнүндө сөз жүрүп жатыптыр. Сүйлөгөнүнө караганда мурдагы кызматкерлерден болсо керек, бир аксакал киши көлдөгү Теңизбай уругу өз элинен качып келген калмактан тараганын айтып, отургандарды ынандырууга аракеттенип жатты. Аны жанындагы бирөө қоштоп, Жору уруусу бүт бойдон эле калмактардын уруусу болот экен деп “ачылыш” жасагансып өз сөзүнө маашырланган түр көрсөттү. Бул темада бизге чейин да далай сөз болгон окшойт. Отургандардын ичинен Бишкектен баргандардын бири «деги Кыргызстанга теги таза кыргыз Президент болбой койду го, бизди ушинтип эле ата-теги кыргыз эместер башкара береби, минтип отурса өлкөбүз оңолбой эле жоголот го»,- деп каңырыгы түтөп калды. Аны отургандардын бир даары коштоп, түбү калмак болсо, бул дагы Кыргызстанды оңобойт экен да деген кобур-собур сөздөр айтылып жатты…

Кыргызда «Сөз өз учурунда айтылбаса, сөздүн атасы өлөт» – деген накыл сөз бар. Эгерде мен буга чейин сөз болуп жаткан Теңизбай уругунун кыргыз элинин чоң бутагын түзгөн Адигине уруу бирикмесинин Жору (Жолжакшы) уруусунун ажырагыс бир бутагы экендигин жакшы билбегенимде сөзгө батынып, аралаша албай калаар элем. Оңтою келе калган учурда отургандарга кайрылып, өзүмдүн аты-жөнүмдү,т арыхчы экенимди сөз болуп жаткан уруу жөнүндө жакшы билээримди, анткени 2016-жылы Жору уруусу жөнүндө басмадан чыккан көлөмдүү китепке илимий редактор болгонумду айтып, элдин көңүлүн бурдум. Отургандардын арасынан бирөө: “Бул Осмонов деген чоң тарыхчы, биздин балдар окуп жаткан окуу китептерин жазып жүрбөйбү”,- деп менин аброюмду көтөрүп койду.

Экинчи бирөөлөр:”Тарыхчыларды билебиз, ким президент болсо эле ошонун ата-тегин жасалмалап, жерге-сууга тийгизбей, мактап каласыңар”,-деп тетириленди. Аны колдогондор да болду. Мен сөзгө терикпестен: «андай тарыхчыларыбыз да жок эмес. Мен айтпадымбы, Жору уруусу жөнүндөгү китеп 2016-жылы чыккан деп, ал мезгилде азыркы Президентибиз Ош облусунда губернатор болуп иштеп жүргөн. Менин ал киши менен эч кандай тааныштыгым болгон эмес»,- дедим. Сөзүмдү андан ары улап, 2009-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Тарыхчылар ассоциациясы иштээрин, бул коомдук уюм биринчи кезекте окуу жайлары үчүн тарых боюнча окуу китептерин жана окуу куралдарын жазуу менен алектенээрин, экинчиден, кыргыз элинин санжырасын илимий негизде изилдеп, аны тарыхый булак катары пайдалануу багытында иштеп келе жатканын айттым. Сөздөрүм ынанымдуу чыкты окшойт, ал жерде отургандар менин сөзүмө кулак төшөп калышты. Салтанаттын башталышына бир сааттан ашык убакыт бар болгондуктан, Теңизбай уруусунун илимий жактан такталган таржымалын кыскача баяндап келип, сөзүмдүн аягында ушул элеЫсык-Көл жергесинен чыгып, өздөрүнүн өмүрүн, чыгармачылыгын кыргыз элине арнаган Жору уруусунун Теңизбай уругунан чыккан таланттуу жазуучу, окумуштуу Ташым Байжиевди, Кыргыз ССРинин эл жазуучусу Касымаалы Жантөшевди, көрүнүктүү Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевди, тигинде отурган киши айткандай Жору уруусу калмактардан куралган болсо Жору уруусунан чыккан Кыргыз Республикасынын баатыры, акын Сооронбай Жусуевди, белгилүү ырчы Рыспай Абдыкадыровду кыргыз эмес, калмактар дейбизби десем, боз үйдө отургандар жарыша: «Жо-жоок, андай эмес, бул уулдарыбыз өзүбүздүкү, алар биздин сыймыгыбыз, аларды калмактар деп айтканга оозубуз да барбайт,- деп чурулдап жиберишти. Менин айткан сөздөрүм отургандарга таасир этти окшойт, Теңизбайлардын түбү калмактар деген сөз далилсиз экендигине ынангандай болду.

Ошондо төрдө отурган белгилуү аксакал: «Кепти туура эмес баштап, акырында жакшы жыйынтыкка келдик. Өзүбүз шайлаган Президенттин ата-тегинде эч жазык жок. Мен Президенттин түбүн билбесем да, атасы Шарипти жакшы билем. Ал киши кыргыз эли үчүн өмүрүн арнаган, чыныгы айкөл адам эле. Анын тарбиялаган уулдары элдик азаматтар болуп чыкты. Көрүп жатабыз го, Сооронбай Шарипович ак дилинен Кыргызстан үчүн болгон аракетин жасап жатпайбы. Анын теги-жайын талашпай, жасаган аракетин колдоп, колубуздан келген жардамыбызды берели»,- деп сөзүн жыйынтыктады. Убакыт болуп калгандыктан, баарыбыз салтанаттуу жыйын боло турган аянтча тарапка бастык…

Баягы сөздү Барскоондон дагы уктум. Педагог болгондуктан, июль айынын башында окуу жылын аяктап, эмгек өргүүсүнө чыккан соң, жылына үй-бүлөм менен Жети-Өгүз районунун Барскоон айылына жакын, Барскоон суусу көлгө куйган жердеги “Геологдордун дачалары” деп аталган чакан кыштакчадагы өзүмдүн чакан эс алуу үйүмдө эс алам.

1970-80-жылдары “Кумтөр” алтын кенин изилдеген геологдор (алар өз мезгилинде советтик мыкты адистер болушкан) бул жерге кыштакча негиздеп, үй-бүлөлөрү менен жайкысын эс алышат (азыркы учурда геологдордун көбү улгайып калышты), ошондой эле жыл бою жашагандар да бар. Мен ошолордон «Кумтөр» алтын кени биринчи жолу 1973-жылы кокусунан байкалганын, 1976-жылы анализ алуу үчүн адистер вертолет менен келип, 30 үлгү алганын, бул жерден чыккан алтындын сапаты эң жакшы экендигин уккамын.

Геологдордун дачасынын тушунан сайды бойлой Кумтөрдү карай жол кетет. Ошол жол менен 10 чакырымдай жүргөндө эки жагын карагай каптаган Барскоондун капчыгайы башталат. Дагы 10 чакырымдан кийин эки чоң шаркыратма бар. Шаркыратманын этегиндеги чакан жайык жерди эл «Тагай бийдин конушу» деп айтышат.

Санжырада XV кылымдын аягы – XVI кылымдын 1-жарымында бир туугандар Адигине менен Тагай бий кыргыз элин бийлеп, бириктиргендиги айтылат. Адигине түштүктөгү анжияндык кыргыз урууларын бийлесе, анын иниси Тагай түндүктөгү аркалык кыргыздарды бийлеген. Тагай бий 1508-жылы Барскоон аймагында хан көтөрүлгөн. Ал жайлоого же көл жээгиндеги ордосуна кайра көчкөндө ушул шаркыратмалардын этегиндеги жайыкка ак аргөөсун тиктирип, бир-эки жума өргүп жатчу экен. Ошол жердеги алачыктай чоң ташты эл «Тагай бийдин чоң ташы» деп атап, анын тегерегин тосуп коюшкан. Баргандар ал жерге зыярат кылышат. Жергиликтүү тургундар жайкысын бул жерге он чакты боз үй тигишип, келген туристтерди, зыяратчыларды ж.б. тейлешет. Мен дагы бул жерге жыл сайын үй-бүлөм менен келип кетем. Бул жолу шаркыратмага 26-июлда бардык. Эл адаттагыдай көп, менин байкашыма караганда жылдан жылга чет өлкөлөрдөн келген (өзгөчө Араб алкөлөрүнөн) туристтердин саны арбын.

Кымыз ичиш үчүн боз үйлөрдүн бирине кирсем, анда он чакты аксакал кобурашып отурган экен. Саламдашып, алардын катарына отурдум. Элибиз ушунчалык саясатташып кеткен окшойт. Бул жерден да саясат жөнүндө сөз жүрүп, өлкөбүздүн Президентин узун-туурасынан талдап жатышкан экен. Сөздүн жүрүшүндө Президенттин аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, коррупцияга каршы чечкиндүү аракети, эл аралык мамилелерди чыңдоо боюнча алгылыктуу иштери, анын алгачкы ийгиликтери ж.б. жөнүндө кеп козголбой эле, сын-пикирлер айтылууда. Четте отурган сары чийкил, чокчо сакал абышка: «Мурдагылардын ата-тектери аз келгенсип, азыркы Президентибиз да калмак турбайбы, бул да кыргыздарды сызга отургузат го», – десе болобу. Мен сөзгө аралашып, баягы Каркырада айткандарымды кайталадым. Чокчо сакал абышка: «Ким билет? Элдин баары эле азыркы Президентибиздин теги калмак экен деп жатышат», – деп тайсалдап калды.

Санжыра тактоого муктаж. Жогорудагы эки окуядан кийин чын эле Президентибиздин ата-теги жөнүндө өйдө-төмөн сөздөр эл арасына тарап кеткенби деген ойдо калдым. Ушундан улам окумуштуу-тарыхчы катары, негизгиси Турдумамат Эргешовдун ондогон жылдар бою чогултуп жүрүп казган «Кыргыздын Жору (Жолжакшы) уруусунун санжырасы» (Бишкек: «Учкун», 2016.- 648-бет) – деп аталган китебинин илимий редактору катары илимий жактан такталган санжыранын Президентибиздин ата-тегине тиешелүү жерлерин басма сөзгө жарыялоону туура көрдүм.

Эгемендүүлүктүн шартында элибиздин өзүнүн тарыхына, санжырасына кызыгуусу күчөдү. Өзүнүн ата-тегин изилдөөгө көпчүлүк адамдар ынтызар болуп, уруулардын санжыраларын жазган авторлор кебөйдү. Тарых боюнча атайын базалык билими жоктор да санжыра жазып, китеп кылып чыгара баштады. Жоопкерчиликти сезген айрым санжыра сүйүүчүлөр жазган санжыраларын изилдеп жүргөн тарыхчыларга окутуп, илимий жактан тактатып алууга аракет жасаганы, албетте туура көрүнүш.

Ушундай максат менен биздин Тарыхчылар ассоциациясына жылына бир нече санжыра сүйүүчүлөр кайрылып, кеп-кеңештерин алып турат. Биз алардын аракетин колдоп, туура багыт берүүгө көмөктөшүп турабыз.

Биздин ассоциацияга 2015-жылы кыргыздын Жору (Жолжакшы) уруусунун санжырасын жазып жүргөн Т. Эргешов кайрылып, он жылдан ашуун убакыттан бери аракеттенип, жазып жургөн санжырасын илимий электен өткөрүп берүүнү суранган эле.

Айта кетейин, китептин автору Турдумамат экөөбүз 1976-жылы КМУнун тарых факультетинде бир группада окуп, жакшы мамиледе жүргөнбүз. Ал учурунда курстагы мыкты окуган студенттердин катарында эсептелип, жакшы билим алган эле. Базалык билими күчтүү, тарых илиминин изилдөө ыкмаларын жакшы билгендиктен, анын китеби көпчүлүк санжыраларга (буга чейин бизге келген) салыштырмалуу жогорку адистик деңгээлде жазылганы адегенде эле байкалган. Биздин ассоциациянын мүчөлөрү тарыхчы-илимпоздор Т. Эргешовдун кол жазмасы менен таанышып, жетишкендиктерин белгилеп, китептин сапатын жакшыртуу үчүн сын-пикирлерин айтышкан.

Илимий-практикалык конференцияда такталган. 2014-жылдын 10-октябрында Ош шаарында «Санжыра көчмөндөрдүн тарыхы» (кыргыздын Адигине тобунун Жору уруусунун мисалында) аттуу илимий-практикалык конференция болуп өткөн. Конференцияда кыргыз элинин генеологиясын, санжырасын ондогон жылдардан бери изилдеп жүргөн, Бишкек шаарынан барган окумуштуулар: тарых илимдеринин доктору, профессор 0. К. Каратаев, тарых илимдеринин кандидаттары, доценттер Р. Жолдошев, Т. Асанов.А. Беделбаев, Ош шаарындагы жогорку окуу жайларында, илимий мекемелерде эмгектенишкен окумуштуу-педагогдор, илимдин докторлору, профессорлор: Б. Нурумбетов, К. Матикеев, тарых илимдеринин кандидаттары, доценттер Ж. Адилбаев, Т. Өмүрзакова ж.б. маанилүү илимий докладдарды жасашкан. Конференциянын резолюциясында Жору уруусу кыргыздын эң байыркы урууларынын бири экендиги, бул уруу ХV-ХVІ кылымдарда кыргыз элинин биротоло калыптанышында маанилүү роль ойногондугу баса белгиленген. Акырында конференцияда жасалган докладдарда айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен Т. Эргешов даярдаган китепти басмадан чыгаруу чечими кабыл алынган.

Жору уруусу жана анын Теңизбай уругу жөнүндөгү негизги жоболор. Санжыра кылымдан кылымга, муундан муунга оозеки айтылып келген элдин эс тутуму. Ошондуктан санжыраларда айтылгандын баарын чыныгы тарых катары кабыл алууга болбойт. Илимий электен өткөн санжыралык маалыматтар гана тарыхый булак катары пайдаланылат.

Кыргыз эли Борбордук Азиядагы эң байыркы эл экендиги дүйнөлүк тарыхта таанылды. 2005-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын эл аралык алкакта белгилеп бекемдеп алдык. Бул чоң жетишкендик. Өлкөбүздүн Президенти С. Жээнбековдун үстүбуздөгү жылы Кытай Эл Республикасына барган иш сапарынан кийин Кытайдын архивинен кыргыздардын мамлекеттүүлүгүнүн жашын дагы миң жылга узарткан тарыхый маалыматтар табылганы жөнүндө маанилүү кабар айтылды. Демек, кыргыз тарыхы дагы тереңдээрине шек жок…

Байыркы эл катары кыргыз элинин ата-бабалары тарыхый өнүгүүнүн алгачкы жамааттык баскычын басып өткөн.

Кыргыздардын уруулук бөлүктөрүнүн алгачкылары ошол доордо эле пайда болгону талашсыз. Ал доордо адамдардын алгачкы диний ишеними – тотемизм пайда болгон. Бул дүйнөдөгү бардык элдердин ата-бабаларына тийиштүү, мыйзам ченемдүү көрүнүш. Тотемисттик ишеним боюнча ар бир уруу өзүнүн келип чыгышын тигил же бул жаныбардын түрү менен байланыштырып, ал жаныбарга сыйынып, өз уруусун анын аты менен атоого аракет кылган. Тотемдик жаныбарлардын аталышы көп учурда адамдардын энчилүү атына айланган. Уруулардын, адамдардын бир кездеги ыйык деп эсептелген жаныбардын аты менен аталышы миңдеген жылдар бою кайталанып, узак жылдардан кийин жаңыланып, өзгөчө кыргыздарда азыркы мезгилге чейин сакталып, ал тургай учурда кайрадан жаралууда.

Кыргыз элинин оң канатындагы уруулардын атасы катары эсептелген бир туугандар Адигине, Тагай бий, булардын эжеси Наалы тарыхый маалыматтар боюнча XVI кылымда жашап өткөн инсандар. Санжыра боюнча Баргы, Бөрү, Жору, Карабагыш, Сарт Адигиненин балдары катары эсептелет. Чындыгында жогорудагыдай аталыштагы уруулар кыргыздар мамлекеттик башкарууга өткөн эрте орто кылымдарда (V-VІ кылымдарда) эле тарыхый булактарда кездешет. Демек, Адигине өзүнүн балдарына байыркы доордо эле тотемдик жаныбарлардын аталышы менен калыптанып келген кыргыз урууларынын атын жаңыртып койгон. Себеби, Адигине тобуна кирген уруулар эрте орто кылымдарда эле азыркы Кыргызстанды, Түштүк Сибирди (Хакасия, Миң-Суу ойдуңу, Тыва, Батыш Монголия), Чыгыш Түркестанды мекендеп келгени тарыхый булактарда жазылган.

ХV-ХVІ кылымдарда кыргыз элинин генеологиялык бөлүнүүсү калыптанып бүткөн. Ошол мезгилден баштап кыргыз элинин санжырасы жазуу булактарына түшө баштаган. Ушуга байланыштуу кыргыздардын XVI кылымдардан берки генеологиялык бөлүнүүсүн илимий негизде тактоого болот.

Темабызга кайрылсак, санжыра боюнча Жору Адигиненин уулу. Өз аты Жолжакшы болушу мүмкүн. Биз жогоруда белгилегендей Адигине бул уулун (башка балдарына да) өзүнүн байыркы уруусунун атынан «жору» деп атаса керек. Жорунун (Жолжакшы) баласы Жолубай, анын баласы Астар бий, андан Серке баатыр, анын баласы Теңизбай, анын баласы Назар. Санжыралык маалыматтарда Теңизбайдын бакма бала экендиги жөнүндө бир да маалымат кездешпейт. Тескерисинче, эрте орто кылымдардагы кыргыз урууларынын катарында Теңизбай уруусу болгондугу жөнүндө маалымат бар. Серке баатыр өз баласын түпкү урууларынын атынан Теңизбай деп аташы мүмкүн. Санжырада Теңизбайдын Дөөлөтой деген баласынын уулу Назар гана Анжиян жергесинен Аркага б.а. Ысык-Көл жергесине качып келгени жөнүндө, андан көл кылаасын жердеген Теңизбай уругу тараганы айтылат.

Назардын көлгө келиши мындайча баяндалат: Назар эр жетип үйлөнүп, бир балалуу болот. Күндөрдүн биринде Анжиянда өткөн чоң тойдо улак тартыш учурунда Назар Карабагыш уругунан чыккан мансаптуу адамдын жалгыз баласын кокусунан өлтүрүп алат. Эр өлтүргөн Назарды “канга-кан” салты боюнча карабагыштар өлтүрмөк болот. Назардын туугандары кеңешип, аны өлүмдөн куткаруу үчүн башка жакка качыралы деген бүтүмгө келет. Туугандары Назарды Ысык-Көлгө жөнөтмөк болот (ошол кезде көл кылаасын Белек хан бийлеп турган). Анткени Теңизбайдын аялдарынын бири бугу уруусунун кызы болгон имиш. Ошентип, Назар Ысык-Көлдү көздөй жол тартат. Жолдон Чүйдү ээлеген калмактардын колуна түшүп, алардын туткунунда бир жылдай кармалат. Акыры көптөгөн кыйынчылыктар менен Назар көл аймагына келет. Ал Белек ханга жолугуп, жан-жайын айтып, таяке-жээн тууганчылыктарын такташат. Белек хан жээни Назарга ак өргөө көтөрүп, үйлөндүрүп, чакан айыл курап берет. Акылы зирек, жашынан балбан катары таанылган Назар тез эле элге алынат. Эки аял алып, алты балалуу болот. Кыргыздын илгерки уруусунун атынан аталгандыктанбы, Назарды эл чоң атасынын атынан Теңизбай деп атап алышат. Бирок, убакыт аткөн соң, эл ичинде «келгин жигит калмактан келиптир» деген сөз тарайт. Мындай сөздүн чыгышына анын Чүйдөгү калмактардын туткунунда болушу да себеп болушу мүмкүн. Жылдар өтүп Назардын тукуму көл аймагында «Теңизбайлар» деген ат менен өсөт. Акыры анын тукуму көл башындагы чоң урукка айланат. Бирок, бул урукка түпкү атасы калмактардан келген, аны белек хан той өткөрүп, элдин батасын алып, асырап алган деген сөз ээрчип кала берген. Биз башында айткандай, бул сөз көл кылаасында ушул күндөргө чейин сакталыптыр.

Кыргызстандын түштүгүндө Теңизбайдын Буйлаш, Биймырза, Даөлөтой деген үч уулунан тараган тукум да көбөйүп өсөт. Назардын ал жакта калган уулунун урпактары да алардын катарында болот. Убакыттын өтүшү менен Теңизбай тукуму негизинен түштүктө өсүп, Назардын тукумунан көлдөгү Теңизбайлар куралат. Ошентип, Адигине уруу бирикмесиндеги Жору уруусунун Теңизбай уругу калыптанып, негизги бөлүгү азыркы маалымат боюнча 80 проценти Кыргызстандын түштүгүн, ал эми Назардан таралган бөлүгү Ысык-Көлдүн башын жердеп калган. Уруктун эки бөлүгүнүн ортосундагы туугандык байланыш үзүлгөн эмес. Белгилей турган нерсе, азыркы Президентибиз түштүктү жердеген Теңизбай уругунун Биймырза тобунан, тактап айтканда Теңизбайдын экинчи уулунун урпагы болот. Ал жакта Теңизбайлардын калмактар менен генеологиялык байланышы жөнүндө эч сөз болбойт. Тескерисинче бул уруктан чыккан далай баатырлар кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн калмак баскынчыларына каршы күрөштө каны-жанын аябай салгылашканы белгилүү.

Соңку сөз

Кыргыз эли байыркы эл экендигин археологиялык табылгалар, жазма булактар менен катар генеологиясын чагылдырган санжыралык маалыматтар да айгинелеп турат. Кыргыздарда азыркы мезгилге чейин сакталып калган уруунун аттарынын көбүнүн алгачкы общиналык коомго тиешелүү, ата-бабалар ыйык туткан тотемдик жаныбарлардын аттары менен аталышы бул уруулардын байыркы доордо эле калыптангандыгынан кабар берет. Алардын бири эзелки ата-бабаларыбыз ыйык туткан куш-жорунун атын алып жүргөн Жору уруусу. Бул уруу тарыхый булактарда кыргыздын эрте орто кылымдагы урууларынын катарында аталып, Борбордук Азияга тараган уруу катары баяндалат.

Тарыхта Жору уруусу азыркы кыргыз эли биротоло калыптанган XV-ХVІ кылымдарда кыргыздын оң канатындагы Адигине уруулук бирикмесин түзүүдө маанилүү орун ээлегендиги белгилуү. Тигил же бул элдин же уруунун генеологиялык тарыхын изилдөөдө, дүйнөдө бир дагы эл, бир дагы уруу кылымдап таза бойдон сакталбашын эске алуу керек. Бир баланын атасы жана энеси болгон сыяктуу ар бир уруу же уруктун бир нече аталары жана энелери болот. Генетика илиминин аксиомасы боюнча уруулардын канынын аралашы тукумдун сапатын жакшыртат. Тескерисинче бир уруктагы эркек менен аялдын канынын аралашышы тукумдун бузулушуна алып келет. Бекеринен кыргызда «айлыңдан аял алсаң, күйпүл күчүк, бел ашырып алсаң, белдүү бөрү, эл ашырып (башка улуттан) аял алсаң, кара кулак шер туулат»,- деп айтылбаса керек.

Ушундай эрежени туу туткан кыргыздар белөк уруу же эл менен куда-сөөк болууга аракеттенген. Кубаттуу уруу башчылары башка элден же уруудан баш баанек издеп келген жеке адамдарды, ал тургай бүтүндөй уруктарды той берип, бата тилеп «асырап» алган. Мындай киринди жеке адамды же урукту кодулагандарды өтө катуу жазалоо, ал тургай уруудан кубалап чыгуу эрежеси болгон.

Акылман уруу жетекчилери өз уруусунун биримдигин чыңдап, тектеш уруулар менен ынтымакты бекемдеген. Натыйжада, кырк уруу эл биригип, кыргыз элин түзгөнү белгилүү. Кыргыз элинин курамына акыркы 500 жылда эле түбү тектеш ондогон элдер жана уруулар кирген. Муну «Манас» эпосундагы «Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым» деген ыр саптары айгинелеп турат.

Эмнегедир кийинки учурда “Кыргызстандагы калмактардын тизмесин” түзүп алып, элге таратып жүргөндөр пайда болду. Бул тизмеге ишенсек Эгемендүү Кыргызстандын коомдук турмушунун бардык тармактарында ак эмгек өтөгөн 100дөн ашуун көрүнүктүү инсандар кыргыз атын жамынып жүргөн калмактар имиш. Кыргызстандын оңоло албай жатканына ошолор күнөөлүү экен. Мындай бузукулукка жол бербөө коомчулуктун, кыргыз интеллигенциясынын, биринчи кезекте тарыхчы – окумуштуулардын милдети деп эсептейбиз.

Азыркы учурда кылымдар бою кыргыз элинин курамына кирген элдер менен уруулардын урпактарынын генеологиясын териштирип, элди бөлүп-жаруу элибиздин бекемделип калган тамырына балта чабуу менен барабар.

Баарыбызга кыргыз болуп төрөлүү жетишсиз, башкысы адамда кыргыз руху, кыргыз дили калыптанып, өнүгүшү зарыл экендигин, кыргыздардын жан дүйнөсүндө кыргыз руху өнүккөндө гана мамлекетибиздин пайдубалы бекем болуп, элибиздин келечеги кең болоорун түшүнүшүбүз зарыл.

Өскөн Осмонов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *