Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Президенттин басма сөз кызматы: ИИМдин жана Бишкек комендатурасынын өзгөчө абал талаптарын аткарбай жаткандыгы бизди чочулатууда
САЯСАТ

Президенттин басма сөз кызматы: ИИМдин жана Бишкек комендатурасынын өзгөчө абал талаптарын аткарбай жаткандыгы бизди чочулатууда

Ички иштер министрлигинин аракетсиздиги жана Бишкек комендатурасынын өзгөчө абал талаптарын аткарбай жаткандыгы бизди чочулатат. Бул тууралуу кечээ, 14-октябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана жарандардын Бишкек шаарынын эски аянтындагы митингдин катышуучулары мамлекеттик резиденцияны көздөй бет алышты деген кооптонуу менен көптөгөн чакырууларга байланыштуу, эсиңиздерге салабыз: жарлыкка ылайык, саат 22:00дөн 5:00гө чейин борбор калаада коменданттык саат жарыяланган”, – деп айтылат билдирүүдө.

Президенттик аппарат Ички иштер министрлигинин, Бишкек шаарынын комендатурасынын жана мамлекеттик резиденцияны көздөй бет алгандардын иш-аракеттери үчүн жооп бере албайт, деп билдирди басма сөз кызматы.

Буга чейин маалымдалгандай, Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митингинен кийин белгисиз адамдар мамлекеттик резиденцияга барууга чакырышкан, бирок тарапташтар чагымчылдыкка берилбөөгө жана тарап кетүүгө үндөшкөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Элчисин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Биздин аэропорттор менчиктештирилбейт, алар тышкы башкарууга берилет”

Депутат Исхак Пирматов: “Кыргызстандын аскер күчтөрүн Баткенге алып баралы”