Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Президенттин милдетин аткаруучу Канат Исаев кызматтан кетеби?
САЯСАТ

Президенттин милдетин аткаруучу Канат Исаев кызматтан кетеби?

Эртең, 16-октябрда парламенттин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, президенттин кызматтан кетишин кабыл алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Конституцияга ылайык, өлкө башчысы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе, Жогорку Кеңештин төрагасы жаңысы шайланганга чейин президенттин милдетин аткарышы керек.

Аянттагы митингчилер президенттин милдетин аткарган спикер Канат Исаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.

Канат Исаев журналисттердин “Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу кызматынан кетесизби же жокпу?”деген суроосуна жооп кайтарган эмес. Бирок ал VI чакырылыштын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу бул кызматты ээлөөгө моралдык укугу жок экенин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөштү

Момбеков Мурашевди эмес Бекбоевди күнөөлөгөн тура

Сагынбек Абдрахманов: “Биз Алмазбек Атамбаев партиянын төрагалыгынан куулуп, КСДПнын катарынан чыгарылмайынча тынчыбайбыз”