Профессор Сулайман Кайыповдун тарыхчы-журналист Арслан Койчиевге каяша каты: “Бизге баарынан мурда, кыргыздардын этностук монолиттүүлүгү керек”

Арслан иним, сенин жазгандарыңды окуп жүрөм. Откөндө эле ушул сайтка кандай сонун документтерди жарыяладың. Рахмат. Архив материалдарын “сүйлөтүү” жагынан кыйладан бери мыкты иштерди жасап келе жатасың. Жазуучулук, журналисттик менен тарыхчылыкты удаа алып бара жатканың таланттуулугуңдун белгиси, муну ачык эле айтып коёюн.

Бирок, бүгүнкү “Кыпчактар (кыргыздын кыпчак уруусу эмес) жана эл каттоо” деген, бүдөмүктөтө жазылган эки ооз материалыңдын түпкү максаты эмне экендигин анык түшүнө албадым. Ай, капырай деп, кайра-кайра кайталап окудум. Түшүнбөгөн менен түшүнгөндүн ортосунда арасат калдым. Муну жазган чын эле Арсланбы дедим. Ушул кербезденген, космоско чыгып алып тээ төмөнкү кудуктун түбүн карап жаткансыган узүл-кесил, төрөпейил сүйлөмдөр чын эле Арсланга таандыкпы дедим. Акыры түшүндүм… Түшүнүп, кабыл алса да, албаса да пикиримди билдирип коёюн деп чечтим.

Сөздү ток этер жеринен баштасам, Арслан, “Айтайын дегеним, Кара-кыргыз облусунун жетекчилери жан үрөп күрөшкөн мүдөөнү бүгүнкүнүн катардагы эле эл каттоочулары калемдин учу менен таш каптырып жатышканы кызык” дегениңе караганда жанагы алабукалыкты баш кылып, каалаган кишини улутун КЫПЧАК же КЫРГЫЗ-КЫПЧАК деп каттай бериш керек деп турасын го, ээ? Же мен дале туура эмес түшүнүп жатамбы? Ошол кантип болсун, үкөм! Кыргызстан да өзүнчө өлкө эмеспи, анда эл каттоодо колдонула турган улут аталыштарынын расмий бекитилген реестри бар чыгар. Андан чыгып кетүүгө болбостур. Ал сен айткандай, “бүгүнкүнүн катардагы эле эл каттоочулары” кылып жаткан маселе эместир. Алабукалык акеси “мени кыпчак деп жазып кой” десе эле, макул деп жазып бере салганга жете турган полномочиеге ээ эмес чыгар.

Анан, бул кыпчак маселесинин көптөн бери жасалма түрдө козутулуп келе жатканын билерсиң. Анын Борбордук Азияны будуң-чаңга сала турган факторго айланып кетиши мүмкүн экенин билип-билбей айтылган күдүң-күдүң сөздөрдүн качантан бери жүрүп жатканын да билет чыгарсың. Борбордук Азия өлкөлөрү эгемендик алганга чейин бул маселе жок болучу, болсо да саясый өңүткө ээ эмес эле. Кийинчерээк Кыргызстанда гана эмес, Казакстан, Өзбекстан, Түркменстан, ал турсун Тажикстанда да кыпчактар бар экен, алар да биз барбыз деп турушпайбы. Алар мурда, мисалы, “биз кыргызбыз, уруубуз кыпчак” деп келишсе, кийинчерээк “биз кыргыз эмеспиз, кыпчакпыз” дей башташты – айырма барбы? Демек улуттук консолидацияга, идентификацияга доо кетти.

Мынабу Баткендеги “паспортума кыпчак деп жаздырам” деген аракеттердин башталганынан бери жыйырма жылдан ашык убакыт өттү. Андан бери да кыйла нерсе өзгөрдү, мисалы, кыргыздын ичкилик уруусуна таандык айрым адамдар да “биз кыпчак экенбиз” дей башташты. Аларга эми кыргыз, кыпчак деген түшүнүктөр түпкүрүндө бир, бир болбосо эгиз экендигин өлсөң да түшүндүрө албайсын. Негизи, Борбордук Азия өлкөлөрүндө каалаган киши улутун кыпчак деп жаздырып ала берсе, мунун түбү кайда алып барат? Эртең кыпчак картасын ойногондор чыкпайт деп ким айта алат?

Бүгүн кыпчак маселеси “бытовой”, күдүң-күдүң сөз деңгээлинен чыгып баратат, эртең анын саясый факторго айлабашына ким кепил? Кыпчактар антип жатса, наймандар, каңдылар, барластар, барактар ж.б. уруулар биз да башка экенбиз деп, кыргыз, казак, өзбек, түркмөндөрдү жерип чыкса эмне болот? Этностук процессти жөнгө сала албай кала турган кырдаал түзүлүшү мүмкүн да. Ансыз да, бул өлкөлөрдө улуттук консолидация процесси оңдуу соңуна чыкпаганын билесиң. Ошонун азабын тартып жатканыбыз доско да, душманга да маалым.

Балакеттики ай, сөзүм көбөйүп кетти, Арслан үкөм. Колдон келишинче кыскарта айтайын. Мен бул сөздөрдү жөндөн-жөн эле, эриккенден жазып жаткан жокмун. Мен фольклорист-этнографмын, ушул адистиктердин профессионалымын, көчө чаңыткан демогог дилетанттарынан эмесмин. Мүмкүнчүлүк боло калса, эл аралап фольклордук, этнографиялык, лингвистикалык материалдар жыйнайм. Акыркы 20 жылдан бери кыргыздардын ичкилик урууларынын рухий жана материалдык салттуу маданиятын изилдеп, 10 чакты китеп жазып чыгардым, андан эки эсе көбү кол жазма түрүндө үйүмдө турат. Баткен областын үймө-үй кыдырдым деп айта алам. Буларды айтып жатканымдын себеби, ал жерлердеги үй-бүлө, топ, урук, уруу, эл (народность), улут түшүнүктөрүнө байланыштуу маселелерди, анын ичинен кыпчак маселесин да жандуу фактылар аркылуу бир аз да болсо билем. Ошондуктан, ушул сөздөрдү убакыт кетирип, өлүп кайра тирилип жазып жатам. Сен айтып жаткан нерсени мен ар кимден азыр да көп угам – “адам каалап атса, кыпчак деп эле жазып берип койбойбу” дешет. Улуттун эсебинен айкөл болгулары келет. Аларга кеп деле кайтарбайм, анткени алар – “ар ким”. Сен “ар ким” эмессиң, кыргыздын тилинде мөөрү бар жигиттеринин бирисиң. Ар ким айткан “ар нерсе” айтылган жерде кала бериши мүмкүн. Ал эми сендей кишилер айткан пикир ар жерде калбайт, бирөөлөрдүн мээсине кирип алып, акырындап өз ишин жасай берет. Балким, өзүң унутуп каласың, бирок тигил окуп алган макулук эч унутпайт. Иштей берип, анан бир күнү жыйынтыгын берет. Өзүң да билбей каласың.

Бизге баарынан мурда, кыргыздардын этностук монолиттүүлүгү керек. Ансыз да, ыркы жок, жер-жерлерге бөлүнгөн, чыккынчысы көп, саткыны арбын, тойбосу толтура, өзүмчүлү өлө көп, макоосу мол бир кызык элге айланып баратабыз. Ылдамдык менен ошентип баратабыз! Бул илдеттерден качан, канткенде арылабыз? Бул илдеттердин жанында короновирус тим эле бок жеп калат. Анан бир жактан сен эл каттоодо кыпчакты кыпчак эле деп жазса деген оюңду каңкуулап жатасаң. Анан да аны өтмүштөгү кеп-келеч менен далилдегени турсун. Кантебиз… Кыргыздын биримдигине, жүрүп отуруп, казак, өзбек, түркмөндүн биримдигине доо кетире турган ушул балээлүү кепти оозуңа албай эле койсоң жакшы болмок экен, үкөм.

Теңирим баарыңарга ынсап берсин! Буга чейин кыргызмын деп, кыргыз өлкөсүндө жан багып келген кимдир бирөө бүгүн чыгып, менин тегим башка тура, кыргыз болбойм дебесин! Анын бетин ары кылсын! Андайдын акыбети курусун!

Сулайман Кайыпов, фольклорист-этнограф

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *