Прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча сотто айыпталуучуга акыркы сөз берилбеди

Ош шаардык сотунда Баткен болусунун прокурорунун өлүмүн боюнча сот иши өтүүдө. Жарыш сөздөр соңуна чыгып, эртең сот иш боюнча өз өкүмүн чыгарат. Бул тууралуу 5-ноябрда айыпталуучунун эжеси Дамира Калыкова билдирди.

Анын айтымында, сот Мелис Калыковго акыркы атчу сөзүн бербей, каалабаса дагы мамжактоочу Чынаргүл Камбарованы коюп койгон. “Бир тууганым ал жактоочуну албайм десе болбой, күч менен таңуулап берип коюшту. Жактоочу айым сот ишине катышты. Эң кызыгы, сот бүтүп, чыгып баратканда, ал келинди катуу кайтарышты, жактоочу болуп туруп, биздин үй-бүлө менен сүйлөшкөндөн качты”, – дейт Дамира Калыкова.

По ее словам, Мелиса Калыкова лишили последнего слова и против его воли назначили дежурного адвоката Чынаргул Камбарову. «Мой брат отказался, но его и слушать не стали. В итоге она одна сидела на судебном процессе. Самое интересное, что при выходе ее усиленно охраняли и она всячески избегала контактов с нашей семьей», — рассказала Дамира Калыкова.

Эскерте кетсек, баткен облусунун прокурору Анарбай Ммажакыпов Баткенде 2018-жылдын 18-ноябрында өлтүрүлгөн. Анын күйүк денеси шаардын четинен табылган. Шектүү катары жергиликтүү капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери кармалган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *