Прокурор: «ЖЭБ боюнча Осмон Артыкбаевдин күнөөсү далилденген жок»

Бүгүн, 29-ноябрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланды. Соттук процесс судья Инара Гилязетдинованын жетекчилигинин алдында өтүүдө. Бүгүн сот тараптардын жарыш сөзүн укту.

Прокурордун сөзү бүгүн башкача болду. Ал буга чейинки соттук отурумдарда мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жылга, Сапар Исаковду 15 жылга, “Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 17 жылга кесүүнү суранган. Бүгүн болсо мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин ЖЭБ боюнча күнөөсү далилденбегинин айтып, ага коюлуп жаткан «Жемкорлук» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине өзгөртүү киргизүүнү, анын ден соолугунун начардыгын (Осмонбек Артыкбаевди соттук отурумга майыптардын коляскасы менен алып келишүүдө, ал омурткасынан эки жолу операция болгон – авт.) жана өз ыктыяры менен бирдиктүү эсепке 100 миллион сом которгонун эске алууну судьядан суранды.

Ал эми адвокат Рабига Садыкованын айтымында, ЖЭБди модернизациялоо боюнча чечим Осмонбек Артыкбаевдин энергетика министри болуп дайындалганына чейин кабыл алынган, ал модернизациялоо ишине катышкан эмес. Болгону ал өзүнүн функционалдык милдетин аткарган.

Буга чейин прокурорлор Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом өлчөмүндө айып салуу тууралуу өкүм чыгарууну судьядан суранышкан. Осмонбек Артыкбаевге келтирилген зыяндын 100 млн сомун  27-ноябрда төлөгөнү маалым болгон.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени ачыкталып, эксперттердин тыянагы боюнча, «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана аны ишке ашырууда мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилгени аныкталып, бир топ адамга кылмыш иши козголгон.

Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *