Прокурорлор соттон Карганбек Самаковду 19 жылга, Игор Чудиновду, Искендербек Айдаралиевди 11 жылга түрмөгө кесүүнү талап кылышууда

Чүйдөгү Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл өкмөтүнө таандык 260 гектардан ашуун жердин 2008-жылы сатылышы боюн­ча 2015-жылы май айында козголгон кылмыш ишине байланыштуу мамлекеттик айыптоочулар мурдагы депутат Карганбек Самаковду 19 жылга, ошол убакта өкмөттү жетектеп турган учурда Жогорку Кеңеште “Бир Бол” фракциясынан депутат болгон Игорь Чудинов, мурдагы вице-премьер министр Искендербек Айдаралиев жана экс-министр Арстанбек Ногоевди 11 жылга абакка кесүү тууралуу өтүнүч келтирди. Күнөөлөнүп жаткандар жерди трансформациялоо мыйзамдуу болгонун айтып келишет. Ырасында, Самаковду 19 жыл эркинен ажыратуу акылга сыйбайт. Бул жерде Башкы прокуратура мурдагы тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиевдин Самаковдорго ишти жабуу үчүн 100 миң доллар пара талап кылып камалганын кектеп жаткандай. Анткени миллиондоп мамлекетти жегендер жазадан кутулуп жатканда, «Манас» үчүн опол тоодой эмгек жасаган Самаковдун күнөөсүн далилдей албай туруп 19 жыл суроо, прокурорлордун кызмат абалынан кыянат пайдаланып, «паракор кесиптешинин» кегин алып жаткандай таасир калтырууда…

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *