Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Путиндин пресс-катчысы Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине байланыштуу комментарий берди
Саясат

Путиндин пресс-катчысы Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине байланыштуу комментарий берди

Россиянын президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине байланыштуу орусиялык журналисттерге комментарий берди.

“Кандайдыр бир эмоционалдык критерийлердин негизинде баа берүү мүмкүн эмес. Азыр республикада кырдаалды турукташтырууга жана болуп жаткан окуяларды конституциялык нукка бурууга жардам бере турган ар кандай иш-аракеттер маанилүү” – дейт Песков.

“Ошондуктан, биз Кыргызстандагы болуп жаткан окуялардын бардыгын кылдаттык менен көзөмөлгө алууну улантабыз жана биз ал жактагы кырдаалдын тезирээк тынчып, конституциялык жол менен андан ары өнүгүшүн каалайбыз “, – деди ал.

Песков ошондой эле учурда республика менен байланыштар жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт