Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Путиндин тапшырмасы менен келген Козак менен жолугушууда Жээнбеков менен Жапаров кандай шартка макул болуп, кол алышкан?
САЯСАТ

Путиндин тапшырмасы менен келген Козак менен жолугушууда Жээнбеков менен Жапаров кандай шартка макул болуп, кол алышкан?

Жакында Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Садыр Жапаров Бишкекте РФ Президенти Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча Кыргызстанга келген Россия Федерациясынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушканы белгилүү.

Ал жолугушууда  Путиндин атынан сүйлөгөн Козак ортомчу катары тараптарды өлкөнү туруктуулукка алып келүүгө чакырып, президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону өткөрүп, жаңы президенттик шайлоону дайындап, анан отставкага кетсин, ал эми Садыр Жапаров премьер-министр кызматын аркалап кетсин деген сунушун айткан. Буга эки тарап тең макулдугун берип кол алышкан. Бул тууралу биздин өкмөттөгү булактарыбыз билдирди.

Ал макулдашуунун негизинде Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүүгө жана анын өкмөт мүчөлөрүн дайындоо боюнча указдарга кол койгон.

Ал эми Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кыла баштады.

Сооронбай Жээнбеков өлкөдө туруктуулук орноп, парламенттик шайлоо өткөндөн кийин отставкага кетем деп билдирүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Кремль өзөктүк ракетасын сыноодон өткөргөнү үчүн АКШга жооп кайтарат

Сапар Исаков: Улуттук онкология борбору «Таза коом» долбоорунун алкагында модернизацияланган алгачкы пилоттук оорукана болот

«Дене тарбия жана спорт жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду