Радислав Сафин, көз боочу (фокусник): “Өзүмдү сахнада элестете алчу эмесмин”

Көргөн жандын кызыгуусун арттырып, көз алдыңда турган нерсени жок кылып, (магия, трюк) оюнчукту жумурткага айлантып, акчаны тешип кайра калыбына келтирип, адамдын колуна темирди сайып, ак кагазды түрдүү түстөргө боегон, таланттуу көз боочу Радислав Сафин 1981-жылы Кара-Балта шаарында төрөлүп-өсүп, орто мектепти аяктаган соң, БГУнун журналистика факультетин жана Кыргыз-Россия Славян университетинин менеджерлик факультетин аяктаган. Ал 15 жашында өзү төрөлүп-өскөн Кара-Балта шаарындагы радио бөлүмүндө иштеп баштаган. Андан кийин коомдук саясий институтта, “РТР” Россия телеканалында журналисттик кызматты аркалап, көптөгөн саясатчылар менен иштешүүгө жетишкен. Учурда Радислав көз боочулук менен алектенип, өзгөчө талантын элге тартуулоо менен бирге Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытып келет.

– Радислав, журналисттик кесибиңди алмаштырууга эмне себеп болду?

– ЖОЖду аяктагандан кийин 1996-жылы 15 жашымда 1-жолу радиодон жаныбарлар жөнүндө программаны алып баргам. Ошондон кийин журналисттик кесипке чоң кадам шилтедим. Бирок 2009-жылы көптөгөн менин кесиптештеримдин үстүнөн коркутуп-үркүтүүлөр болуп, кээ бирлери жабыр тартышкан. Ошондуктан бул кесип менен иштөө өтө коркунучтуу эле. Себеби ошол жылы мен журналисттердин коопсуздугу тууралуу макалаларды жазып, чоң-чоң тегерек столдорду өткөрүп жүрчүмүн. Бирок журналисттик кесиптен эргүү ала алган жокмун. Негизи көз боочулук өнөргө мурдатан эле кызыгып, бирок сахнада өзүмдү элестете алчу эмесмин. Ошентип атактуу окумуштуу Колумб Американы ачкандай, мен да 2 айдын ичинде жеке жашоомдо чоң ачылыш жасай алдым.

– Элдин эсин тандырган бул өнөрдү кайдан үйрөнгөнсүң?

– 2005-жылы Россияда жашап “РТР” телеканалында иштеп жүргөн кезимде көз боочулар менен таанышып интервью алгандан кийин, алар катышкан ар кандай иш-чараларга барып жүрүп достошуп кеттик. Алар жаңы ойлоп тапкан фокустарын алгач жакындарына көрсөтүп, андан кийин эл назарына салышат. Аларды көрүп кызыгып, мен да үйрөнүп баштадым. Бирок ошол кезде мен да атактуу көз боочу болом деп такыр ойлогон эмесмин. 2010-жылдын 28-апрелинен тартып өзүмдүн жеке чыгармачылык шоу тобумду ачтым. Топ менен иштешкенден бери көптөгөн ийгиликтерге жетишип, коомчулукка таанылып калдык.

– Чыгармачылык топто канча адам эмгектенет?

– Жалпысынан 6 адам эмгектенет. Бардыгы тең тажрыйбалуу кызматкерлер. Мисалы, Ольга аттуу ассистент кызым бар. Ал мага фокустарды көрсөтүүгө жардам берет. Андан тышкары күчтүү музыкант жана менеджерим Юля рекламалык жана ММК иштери менен алектенет.

– Буга чейин кандай эл аралык конкурстарга катышып, ийгиликтерге жетише алдың?

– Биз бардык нерсени өз убактысы менен жасоону туура көрөбүз. Биринчиден элди кызыктырыш үчүн өзгөчө, кызыктуу фокустарды ойлоп табуу керек. 2010-жылы Санкт-Петербургда болгон “Маданият борбору” конкурсуна барып жеңиш менен кайтканбыз. Бул биздин алгачкы ийгиликтерибиздин бири болчу. Чындыгында 100дөгөн катышуучунун ичинен Россиянын атактуу адамдарынан түзүлгөн калыстар тобунун чечими менен жеңишке жетиш бизге чоң күч-кубат тартуулады. Ошол эле жылы Россияда өткөн “Жылдыздар долбоору” конкурсуна катышып, биринчиликти багындырдык. 2013-жылы Швейцариянын «Минута славы» долбооруна катышып, көрсөткөн өнөрүбүзгө Европалык «Mental Arts Magie» көз боочу ассоциациясы жогорку деңгээлде баа берип, кыргыздын чыгармачылыгына өзгөчө көңүл буруп, жыл сайын өтүүчү “Des Stars de la Magie et des Etoiles du Cirque” мыкты көз боочу фестивалына катышууга чакыруу алганбыз. Ошондон бери жыл сайын Францияда өтүүчү көз боочулар фестивалына катышып келебиз. Менин дагы ачыла элек көптөгөн идеяларым бар. Алардын баары ишке ашкандан кийин дагы ар кандай эл аралык конкурстарга катышып, Кыргызстандын атын алыска таанытууга аракет кылам.

– Бул өнөрдүн аркасы менен Индия өлкөсүнө да барып келдиңер. Ушул туурасында айтып берсең?

– Ооба, Индия өлкөсүнө бир эмес, эки жолу барып келдик. Алгач Нью-Дели андан кийин Кераллу шаарларында өткөн көз боочулардын эл аралык жогорку деңгээлдеги фестивалына сыйлуу конок катары чакырылдык. Фестивалга дүйнө жүзү боюнча көптөгөн мамлекеттерден өнөр ээлери келишти. Мисалы, Аргентина, Германия, Япония, Австралия, Малайзия, Индонезия ж.б. Келген конокторго биздин өлкөнүн атынан “Silk Road” деген аталыштагы номерибизди аткарып бердик.

– Фокустарды ойлоп табууга канча убакыт керек?

– Фокустарды ойлоп табууга абдан көп убакыт керек. Бир жаңы фокусту жаратам деп көпкө ойлоно берип, ал нерсе түшүмө да кирген убактар болот. Азыр тажрыйбалуу болуп калгандан кийин коомчулук көбүнчө эмнеге кызыгаарын билип, фокустарды оңой жаратуудамын.

– Сенин аткарган номерлериңди интернет булактарынан сырткары дагы кайсы жактан көрө алсак болот?

– Көп жылдан бери “Көчө магиясы” аттуу теледолбоорун ачып, Бишкектин көчөлөрүндө кызыктуу фокустарды көрсөтүп келем. Андан сырткары “Жылдыздар менен магия” жана башка чет жерлерде конкурстарда аткарган номерлербизди интернеттик социалдык баракчаларыбыздан  жана namba.kg жана өзүбүздүн сайтыбыздан көрө аласыздар.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *