Раим миллионерди жоопко тартпагандын кесепетинен эл экиге бөлүнүп, бийликке болгон ишеним солгундоодо

Ушул мезгилде каякка барбагын, эл “Коопсуз шаар” программасын, “түкүрүк” сыяктуу чуулгандуу мыйзамдарды талкуулап, чөнтөккө салыштырмалуу штрафтардын чоңойгонун кеп кылып, бийликке билинбей нааразылык күчөп бара жаткандай. Түкүрүк боюнча Өкмөт элдин оозун ошту каратып, 5500 сом айып пул сала коюп, чоочуп кетип кайра азайтып, Атамбаевдин “замедленный минасы” дешип жанын жеп туруп калышты. Ушунча чоң акча сарпталып, өтүп кеткен мыйзамды президенттин аппараты баш болуп билбей калышса, анда ким билет? Коомчулукту дүрбөлөңгө салган бул мыйзам кайдан келди, ким сунуш кылды? – дешип иликтеп чыккан адам болбостон, эч ким жооп берген жок. Элди эч нерсе билбейт деп, “төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок” болуп жатып калды. Ал учурда элдин азыркы бийликке болгон ишеними күндөн-күнгө төмөндөп, эл ичи акырын кайнай баштаган мезгили.

Ага чейин мурдагы, азыркы бийлик дагы маани бербей жүрүп бышып калган кытай маселеси көтөрүлүп чыга калды. Бул өлкө үчүн эң кооптуу жана чоң маселе, 220 эле адам чогулду деп А. Акаевдин мезгилинде мамлекеттик секретарь О.Ибраимов “200 пьяная толпа” дегендей президентти жооткотуп тынчып калышты. Маселе чечилбей, дүрмөттөлгөн боюнча турат.

Коррупция менен күрөшүү онго жетпеген адамды камап алган менен чектелди. ЖЭБ өткөн жылы суукта тоңбогондо, жабылуу аяк ачылат беле ким билет? Эл аралаган жетекчи болсо угат эле. Жаңы Кодекстин күчүнө киришинин себебинен милицияда, прокуратурада, соттордо коррупция мурдагыдан дагы күчөдү деп эле сайрап жатышпайбы. Бул оркоюп чыгып турган проблеманы, бийлик билбей жатабы же атайылап көрбөй жатканы белгисиз. Бирок эл ооруканага же милицияга барабы, баягы эле мамайдын көрү. Экономика өспөй жатат деп эл арасында катуу сөз болуп жатса, Республикалык статистиканын төрагасы өлкөдө 24 пайыз акча кара жол менен айланат деп элди чоочутту (интернеттен алынды). Ал эми эркин эксперттердин билдирүүсүндө 60-70 пайыз акча каражаты кара жол менен айланат экен. Ушуга байланыштуу Дача-СУдан кийин жүк кимдики экендиги көмүскөдө калып келсе, ЕврАзия белгилегендей дагы дале Кытайдан, Турциядан “Манас” аэропортуна контрабандалык жол менен жүктүн келип жатканы таңгалыштуу. Ошондуктан, канча чоң сумма кара жол менен айланып жүргөнү кимге да болсо түшүнүктүү болсо керек. Эксперттерге ишенсек, ушундай жашыруун жол менен акчаны айлантуунун эсебинен аябагандай чоң сумма бюджетке түшпөй калып жатыптыр.

Экономиканы көтөрүүдөгү негизги булактардын бири болгон таможня тармагын азыр дале “Раим миллион” көзөмөлдөп, кааласа планды толтуруп, каалабаса толтурбай коё тургандыгын элдин айтып жүргөнү, бийликти ойлондура турган көрүнүш. Элдин оозун тыя албайсың! Таможнянын төрагасы Оңолбеков “Раим миллиондун” адамы экендигин, бул кадры аркылуу таможнянын кадрларын дагы эле Раим чечип, мурдагы эле схема иштеп жаткандыгы эл оозунда ырдалып эле жүрбөйбү. Мындай караган адамга “Раим миллион” дегендин өзү коррупционер дегенди эле түшүндүрүп жатпайбы. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштесе, же мурда атасы миллионер болбосо, анан кайдан келди мынча чоң капитал?!

Эгер коррупционер болсо, эмне себептен тигил жеп, ичип алгандарга кошуп, мыйзам чегинде жоопко тартпайбыз? Же бийлик Раим “коррупционердин” (экс-президент ушинтип айткан) алдында алсызбы? Раим миллионерди жоопко тартпагандын кесепетинен эл экиге бөлүнүп, “түндүктүктөрдү эле камай береби?” деп бийлике болгон ишеним солгундоодо. Бул түздөн-түз мамлекеттин коопсуздугуна доо келтирип жатканына саресеп салып, ага баа бере турган УККМ кайда? АКС кайсыл жакты карап олтурат? Өткөн жылы таможняда төлөм 41 млрд сомду же 95 пайызды түзүп, салык 747 сомго аз чогултулуптур.

«Түндүк-электродон» 1 млрд 830 млн сом казынага аз түшүптүр (интернеттен). Ал эми Ширшовдун схемасы дагы деле иштеп, ал жерди А. Атамбаевдин балдары ээлеп алышып, өндүрүлгөн энергияга ортомчулук кылышып, атасы кеткенден кийин деле бекер акчага маарып жатышат экен. Бюджетти толтура турган акчалар сол чөнтөккө солонуп жатса, Өкмөттү айтпай эле коёюн, досунан кетип элге ыктап турган Президент кайсыл жакты карап жатат? Азыр мамлекеттин экономикасын алсыратып, Жогорку Кеңешке дагы басым жасап, саясатты аныктап, Президенттин колу-бутун байлап олтурган уюшкан кылмыштуу топ (ОПГ) экендигинде менин шегим жок.

Депутаттарга сын такпайын десем, депутаттардын өзү ОПГны түшүнө албай олтурганы өкүндүрөт. Депутат К.Рыспаев бир жолку комитеттин отурумунда “90-х все были контрабандистами. Кто не был” деп балп эттирсе, кийинчерээк “… чтобы признать ОПГшником, должно быть уголовное дело… должны быть факты”-деп элди таң калтырды. ОПГнын аныктамасында “ОПГ – устойчивая группа лиц, заранее обьединившихся для совершения одного или нескольких преступлений. В судебной практике… ОПГ признается… независимо от того принимали ли они непосредсвенное участие в совершнии преступления” деп так, ким ОПГ экенин керсөтүп турат. К.Рыспаев баардык элди контрабандист кылганга моралдык укугу барбы? 90-жылдары баардыгы эле контрабандага барбастан чыгармачыл адамдар чыгармасын жазып, окмуштуулар илимдин үстүнөн эмгектенишип, мугалимдер балдарды окутуп жүрүшсө, укук коргоо органдарынын патриот кызматкерлери мамлекетти жок болуп кетүүдөн сактап, К. Рыспаев сыяктуулардын бүгүнкү күндө, эгемендүү өлкөнүн депутаты болуп келишине шарт түзүшкөн.

ОПГ демекчи, спортко жамынып, өздөрүнүн спорт мектептерин ачып алышып, кылмыш иштерине аралашып жүргөн ЖКнын депутаттары, чоң кызматты ээлеп олтургандар жокпу? Казакстанда контрабанда менен колго түшкөн Асылбек уулу жакындагы эле Токмоктогу эки тараптын атышында ЖК депутатынын кулагынын көрүнүшү, буга толук мисал боло алса керек. ОПГ куралданып алып, түздөн-түз мамлекетке каршылык көрсөтүп, экономикалык, кадрдык иштерди чечип, мамлекеттин ички жана тышкы саясатына аралашууда. Мурдагы Бишкек мэри А. Ибраимовдун өткөн жылы УКМКга каршылык көрсөтүп, менин куралданган балдарым бар дегени эмнени каңкуулайт? Мындай куралданган топтор Ошто, Нарында же Таласта жокпу? “Азыр Арашанда А. Атамбаевдин куралдуу адамдары бар, тийишсең куралдуу каршылык көрсөтөт экен” деп элдин арасында сөздүн жүрүшү, бийликтин, анын ичинде күч органдарынын алсыздыгы эмей эмне? Бул топтор эмнеге жок кылынбайт? Ким үчүн керек? Же бул топторду жок кылганга бийликтин саясий эрки жетпейби?

Кайсыл жакка барбагын, өткөндө кен байлыктар боюнча болгон Коопсуздук кеңеши курулай сөз боюнча калып, эч кандай жыйынтык чыкпагандыгын айтышып, элдин үмүтүн таш каап турган мезгили. Айтса-айтпаса төгүнбү “Кумтөр” баш болуп, Конституцияга каршы келген иштерди кылышып, баардык райондордо бирин-экин адам кен байлыктарды ээлеп алып олтурушпайбы. Ушундай көрүнүштөр Ала-Бука, Чаткалда же Таласта, Ошто жокпу? Бар. Мисалы, Чоң-Алай районундагы “Сарыташ” көмүр кенин ата-бала Примовдор иштетишип, элге арзан көмүр сатуунун ордуна, Өзбекстанга, Кытайга көмүрдү калтырбай сатып жиберишип, акчага туйтунуп жатышпайбы. Канча көмүр сатканын, салык канча түшкөнүн билген эч ким жок. Мындай көрүнүштөр республика боюнча бар десем жаңылышпасам керек. Өткөн Коопсуздук кеңешинде белгилүү болгондой, бир адамдын колунда 30-40 лицензия жүрсө, мамлекеттин жери таланып-тонолуп, жалпы элге эмес, бир ууч алдым-жуттумга кызмат кылып калса, мамлекет буга түздөн-түз кийлигишээр мезгилге келип жетти деп ойлоймун.

Ал эми Президент бул тармакты калыбына келтирүү жөнүндө канчалык столду муштабасын, айтылган сөз айтылган боюнча калып калгандай сыяктанат. Акыркы мезгилде айдоочуларга болгон айып пулдардын көбөйүшү, ансыз дагы чайпалып турган элди толкундата турган түрү бар. Ага кошумча Башкы прокурор Конституциялык полномочиесинен чыгып, Жогорку Кеңеште Кытайга төлөй турган карызды элдин эсебинен төлөнөт дегени, чак түштөгү чагылгандай эле болду. Андан сырткары карызды төлөө үчүн, электр энергиясына болгон баа көтөрүлөт деген сөздүн айтылышы, элдин бийликке болгон нааразылыгын пайда кылып келүүдө. Андан көрө Башкы прокурор асынып, атылып өлгөн прокурорлорунун себебин дыкат изилдеп, прокуратура системасындагы коррупция менен күрөштү күчөтүп, алардын арасындагы тартипти чыңдаса жакшы болмок.

Деги эле укук коргоо органдарындагы акыбал жан жыргатаарлык эмес. ИИМде жетекчилеринин ортосундагы келишпестикти пресса утур жазып жатса, Жогорку соттун төрайымына депутат М. Абдылдаев 7-класстын деңгээлинде деп баа бергенин жумурай журт телевизордон көрүп турду. Сот реформасы деп какшаганыбыз менен эч реформа жок, кээ бир учурларда 10 жылдан ашуун граждандык иштердин жүргөнүн көрүп жакаңды кармайсың. Карыздарды кечүү жөнүндө мыйзам иштелип жатканын угуп, эмнеге бийлик дайыма элге каршы иштейт деп таң каласың. Ош облустук соту ОШ “Дан-азыктан” 10 миң тонна буудай берген мамлекеттин аласасын колдобой, карызкордун пайдасына чечип койгонун кандай деп түшүнсө болот? Мунун үстүндө, Ошко белгилүү Фаттахов бар дешип өндүрүүдөн түңүлгөн мамлекеттик кызматкерлер жүрүшөт, кайсыл жакка барып даттанаарын билишпей. Мамлекеттин кызыкчылыгын колдобогон соттордун айынан бул мамлекеттин аласасы дагы учуруна келгенде кыскарылабы? Коомду оңдош үчүн мыйзамга мыйзамсыз сот чечимин, өкүмүн чыгарган соттордун жоопкерчилигин карай турган пункттарды киргизүү учурдун талабы деп ойлоймун.

Ал эми УКМК Сегизбаевден кийин сендиректеп эле калгандай. А. Акаевден бери карай эле милициядан, прокуратурадан граждандык иштерде иштегендерди эле алып келип, атайын кызматтын “А” тамгасын билбегендерди тыгып жатса, анан УКМКдан дагы эмнени күтөбүз? Учурунда М. Горбачев башка жактан атайын кызмат жөнүнде түшүнүгү жок Бакатинди алып келип, КГБнын күч кубатын кетирип, анан СССР таркаган. УКМКнын төрагасынын кебетеси тигил. ЖКда жооп бере албай, көлөкөгө жашынса, тоо кен боюнча өткөн Коопсуздук кеңешинде спикер “колуңузда анализ, информация жок” деп ким экенин көрсөтсө, өзү турат өлкөнүн коопсуздугун коргобой эле өзү биринчи кача турган сыяктанып.

Милициябыздын абалы тигил, башында ылайланган суу акса этеги тунуп кетет беле. Түндүк-түштүк деген тең салмактуулукту сактап отура бербей, жалпы кыргыз элинин келечегин ойлоп, ЖК депутаттары А. Жапаров, М. Абдылдаев сыяктуу кыргыз жарандарынын бирин Өкмөт башчысы, экинчисин баш прокурор койгонго эмне үчүн болбойт? Биздин ушул тең салмактуулукту сактайбыз дегенибиз орус империясынын атайылап кыргыздарды бөлүп-жаруу үчүн киргизген саясаты экенин, ошол тең салмактуулук дегенибиз кыргыз элин бөлүп-жарууну дагы тереңдетип жатканын эмнеге эске албайбыз?

Ал эми улуттар аралык маселени караган эч ким жок. Достукту чыңдайбыз деп өзбек, кыргызды кучакташтырып койгон менен “ Он адыр” менен өзбек эли компактно жашаган жерлерде кеч киргенден баштап бийликке баш ийбей, өздөрүнчө автономия сыяктуу жашап жатышканын каякка катабыз? Бийлик катуураак сураса арыздана турган “акалари“ дагы белгилүү. Бийликтин ушул алсыз жерине барып “башты ийбей, тик туруп өлгөн жакшы”- деп учурунда Ө. Бабанов дагы бекеринен айтпаса керек.

Депутат К. Исаевди актап чыгарып жибердик. Анда эмнеге аны ак жеринен камагандарга кылмыш иши ачылбайт? Же эмнеге, “Белизгейт” аферасы, Маевскийдин берген көрсөтмөсү Сегизбаев менен кошо элге белгилүү болгондон кийин Ө. Текебаевди чыгарганга эмне үчүн болбосун?

Көп эле азыркы аткаминерлер бизде идеология жок деп какшап келишет. Оштогу Техникалык университеттин жаштар комитетинин төрагасы, аксакалдар менен жолугушууда сиздерден калган идеологияны биз бир жакка сатып жибердикпи деген эле. Туура, балдарыбызга идеологияны ким түптөп берет? Албетте алгачкы муун. Же Манастын төрөлүшүн күтүп олтура беребизби? Идеологияны тейлеген вицелерди койсок эле аялдарды издейбиз. СССРдин мезгилинде идеологияга өтө чоң маани берип, улуу державада Суслов, ал эми бизде М. Шеримкуловдор эң эле сонун иштешпеди беле. Өткөн “Көчмөндөр” оюнунда Турциянын президенти Эрдоган Кыргыз атанын балдарыбыз деп жатса дагы, буга көңүл бөлбөй кайра эле Түрк атанын балдарыбыз дейбиз. Ушундайларды элге жеткире турган КТРК оозун ачып эптеп бийликте кармалып калуунун амалын издөөнүн аракетинде.

А. Атамбаевдин тарыхын казып, баатыр кылып алып чыккан тарыхчыларыбыз башын кумга катып унчукпайт. Эл баатырлары, эл акыны жана башка элдик деген нааамды алгандар, эл үчүн бир-эки ооз сөз айта албай дагы эле жогорку жакты карап үмүттөнүшүүдө. Ошол эле учурда, Афганистан менен Тажикстандын чегарасында 7000ден ашуун ИГИЛчилер топтолушууда деп Россиянын ички иштер министрлигинин орун басары эки жыл мурун айтса, азыр Тажикстан муну официалдуу түрдө билдирип олтурат. Түштүктө, анын ичинде Баткен тарапта аларга туруштук бере турган күчтөрүбүз барбы? Орусиянын тышкы иштер министри С. Лавров айткан түштүктө ачыла турган экинчи база сөз боюнча калбай тездетилиш керек, учурдун талабы.

Пакистанда диний агым “таблиги жаамат” эки тарап болуп урушуп кетти десе, Россия баш болгон көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинен коңшуларда тыюу салынган ушул агымдын лидери бизде муфтий болуп олтурганын көрүп, тышкы саясатыбыз туурабы деген бүдөмүк, түшүнбөгөн ойлор келет экен. Диний тараптан бизде баардыгы эле жакшыбы, же бул жагыбыз дагы ачык жатабы? Мына окурман, менин байкоомдо акыбалыбыз ушундай. Эл толкуп, дагы тополоң болуунун менин оюмча эч кереги жок. Мамлекеттүүлүгүбүздү сактайлы, Президенттин айланасына биригели. Президент дагы өзүнүн элге берген убадасын эске алып, эл үчүн иштеп, тууган-урук, куда-сөөк дегендерден арылып, айланасына күчтүү кадрларды топтоп, тайманбай иштеши, бул стабилдүүлүккө, келечектеги өнүгүп-өсүүгө карай жол деп эсептеймин.

Кылычбек Токтошев, Ош шаары

Булак: «Жаңы Ордо»

 

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *