Райым Матраимов кайда? Бишкекте!

Соцтүйүндөрдө Райымбек Матраимовду өлкөдөн чыгып кеткен катары сүрөттөшүп, талкуу жаралып аткан. Көп өтпөй “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев Фейсбук баракчасына 20-январь күнү мындайча жазды.

“Душмандашуунун да өзүнчө эрежелери бар… Кечээтен бери Райым Матраимов боюнча төмөнкүдөй жалган кабар таратышып, бактысыз пенделердин кычуусу кангандай сезилди. Мен бүгүн Райым байке менен сүйлөштүм, Бишкекте эле жакшынакай жүрөт. Бул имиш боюнча айтсам, күлүп койду. Сыягы, ал мындай жалган маалыматтарга көнүп деле калганын, маани бербей турганын байкадым. Ток этери, Райым Матраимовдун артынан канчалык ушак-айың кептер ээрчиген сайын, анын кадыры ошончолук өсүп атканы жашыруун эмес. Ал эми кыянаттык кылууга ашыккандар эртеңки күндөрүн ойлоп коюшса…” деп.

Ошентип, кайсы бир кыянатчыл күчтөрдүн каралоосу суу кечпей, калпы чыгып калганына ынанып турабыз.

Журналист Аслан Сартбаевдин фейсбуктагы өздүк баракчасынан алынды 

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *