Райымбек Матраимов казынага дагы 42,3 миллион сом которду

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов Каржы министрлигинин эсебине дагы 42,3 миллион сом которду. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Райымбек Матраимовдон 536,2 млн. сом түштү. Ошол эле учурда, 5-ноябрга чейин каражат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин эсебине, андан кийин Каржы министрлигинин казынасынын эсептерине которулган. 20-октябрдан 12-ноябрга чейин ал 493,8 миллион сом которгон.

Эскерте кетсек, Райымбек Матраимов бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 20-октябрда кармалган. УКМК Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берерин билдирген. Ал ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн. Сот Райымбек Матраимовду кетпөө тил каты менен бошоткон.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *