Расмий Кыргызстан менен Тажикстан ЕККУнун жыйынына катышкан жок

Конференцияга Казакстандын жана Өзбекстандын расмий өкүлдөрү катышууда. Бишкек менен Дүйшөмбү Венага өзүнүн дипломаттарын жөнөтүүдөн баш тартты.

Кыргызстан бул уюмду июнь коогасы боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровго сөз сүйлөөгө аянтча түзүп бергени үчүн айыптаган. Тажикстан болсо тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы менен “Группа 24” уюмдарынын өкүлдөрү сентябрда Варшавада өткөн ЕККУнун адам укуктары боюнча жыйынына катышкандыгы үчүн нааразы болгон. Анда эки өлкөнүн расмий делегациясы эл аралык издөөдө жүргөн адамдарга сөз берилгенде каршылык иретинде жыйындан чыгып кетишкен.

Бул арада Борбор Азиядагы бир дагы өлкө ЕККУнун сөз эркиндигинин абалы боюнча конференциянын кожоюну болгусу келген жок. Жыйын Австриянын борборунда өтүүдө.

Дунья Миятович Борбор Азиядагы бир дагы өлкө конференцияны өткөрүүгө макул болбогонуна өкүнгөнүн билдирди.

Конференция катышуучулары ММКлардагы көйгөйлөр, кесиптик этика жөнүндө сөз сүйлөштү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *