Расул Умбеталиев: “Бул болсо экономикалык диверсияга жана мамлекеттик чыккынчылыкка тете болгон мамиле, өз элине – Кыргызстанга каршы иштөө болуп саналат”

Кезектеги күзгү-кышкы мезгилге кирүүнүн алдындагы энергетикалык тармактын даярдыгынын негизги көрсөткүчү болуп, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү болуп эсептелет. Жыл сайын 1-октябрда — бүт өлкө боюнча жылуулук берүү сезону башталар алдында өлчөнөт. Суу азбы-көппү, электр энергиясындагы өчүрүүлөр жана чектөөлөр азбы же көппү, сууга байланышкан ремонттук иштер жана профилактикалык даярдыктар кандай деңгээлде дегендей иштер жүргүзүлөт. Энергияны бөлүп берүүчү компанияларга кышкы мезгилде эбегейсиз оордуктар түшүп, чыңалууну өз деңгээлинде берүү үчүн негиздүү жана негизсиз “тыныгуулар” орун алат. Ошондо эч кандай алдын ала 3 күн мурда айтылган эскертүүсүз эле, бүтүндөй райондор, айыл өкмөттөрү, ири жана чакан шаарлардагы борбордук проспекттер, көчөлөр жарыксыз калышат. Чакан жана орто бизнес чоң чыгымдарга учурап, карапайым калк тамак-аш даярдоодогу бирден бир жалгыз булагынан ажырап, үйлөрү жылыбай муздап, кээде аялдар менен балдар набыт болушкан учурлар жолугат. Электр энергиясы күтүүсүз өчүрүлгөн кезде форс-мажордук кырдаалдар жаралып, кыштын эң суук күндөрү элди эбегейсиз чоң түйшүккө кабылтат.

2019-жылдын 2-сентябрында ОАО “НЭХК” мындай билдирүү жасаган: “Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар алмаштырууга байланыштуу, өкмөттөр аралык келишимдерге ылайык, коңшулаш мамлекетке 300 млн куб. өлчөмүнө жакын суу берилген. Ал суу график боюнча электроэнергиясы түрүндө кайтарылып берилет. 2019-жылдын 6-июлунан 31-августка чейин 270 миллион киловатт-саат энергия алынат.

ОАО “Электрические станции” Улуттук энергохолдингдин жетекчилери салтанаттуу түрдө рапорт беришкен, коңшулаш мамлекеттин түштүк-батыш райондорунун айыл-чарба плантацияларын камсыз кылдык дешкен.

Ошол эле учурда, Токтогул суу сактагычынан коё берилген суу көлөмү 2 млрд кубга жакын болуп, 1 млрд квт/саат электр энергиясы иштелип чыккан. 2019-жылдын жайында Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келген кезде Кыргызстан менен Казакстан электроэнергия боюнча товар алмаштыруу жөнүндө макулдашышып, Казакстандык айыл чарба керектөөчүлөрүн сугат суу менен камсыз кылуу айтылган.

ОАО “Электрические станциинин” объектилери 2019-жылдын 1-июнунан 31-августка чейин электроэнергияны иштеп чыгарууну 8 ден 38 млн квт/саатка чейин көбөйтүп, орточо эсеп менен 12–14 млн квт/саат иштеп чыгышкан. Эгерде 92 күнгө көбөйтсөк, бул 1 млрд квт/сааттан ашат.

Токтогул суу сактагычынан 2019-жылдын 2синен 30-сентябрга чейинки суу чыгымын талдоо жана мониторинг кылуу көрсөткөндөй, пайдаланылган чийки зат менен иштелип чыккан электр энергиясынын көлөмү дээрлик бирдей болгон.

2019-жылы 3-сентябрда ОАО “Электрические станции” Улуттук энергохолдинг “Казакстан электроэнергияны Кыргызстандын энергосистемасына мурда макулдашылган рамкаларда кайтара баштады” — деп билдирген.

Компанияларда такташкандай, электроэнергияны кайтаруу 2019-жылдын 18-сентябрында күнүнө 4,8 млн кВт/саат көлөмүндө башталган. Электроэнергияны толук өлчөмдө кайтарып алууну 2019-жылдын ноябрына чейин бүтүрүү пландалган.

18нен 30-сентябрга чейинки суу чыгымы өзгөрүүсүз калган, жайкы мезгилдердей эле уланган, ушундай эле көлөмдөгү энергияны ички керектөөлөргө жана Казакстанга экспортко чыгарууга иштеп чыгуудагы пайдаланылган суу ресурсу сыяктуу эле болгон.

Август айы менен салыштырып караганда, электр энергиясын ички керектөө сентябрда суткасына 30–32 млн квт/саатка жетет. Демек, Казакстан электр энергиясын суткасына 4,8 млн квт/саатка кайтарганда, автоматтык түрдө Токтогул суу сактагычындагы суу чыгымы 70–80 куб/сек. азайышы керек. Коңшулаш өлкө Казакстандын түштүк-батыш регионунун айыл-чарба плантацияларын суу менен камсыз кылуу үчүн, сугат сууну өз учурунда жетишерлик көлөмдө алды. Казакстанга августта электр энергиясын сатуу — бул кайтаруу сентябрдагы товар алмаштыруу эмес. Кыргызстан үчүн энергиялык дефицит мезгили жыл сайын 1-декабрда башталат. Ошондуктан, Казакстандан электр энергиясын Кыргызстанга кайтарууну сентябрдан ноябрга которуу суу топтоонун жана электр энергиясынын жетишпестигинин бардык маселелерин чечмек.

Улуттук энергохолдингдин башчысынын жана анын биринчи орун басарынын кийинки жылы суу аз болчу цикл келгендиктен, электр энергиясын Казакстандан, Туркменистандан жана Тажикистандан сатып алабыз дешкени — бул элге каршы жана мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы жасалган чечим.

Балким, өкмөттүк чиновниктер энергияны иштеп чыгуучу жалгыз чийки затты атайылап “жок кылып, сатып” жатышкандыр. Мындай жол менен тарифтерди электр жана жылуулук энергиясына көтөрүүнү каалап жатышкандыр. Мындай абал 2014-жылы орун алган, ошондо КР өкмөтүнүн 2014-жылдын 20 ноябрдагы № 660-токтому менен, электр энергиясын Казакстандан Кыргызстан кымбат сатып алып жаткандыктан улам, тарифтерди электр жана жылуулук энергиясына көтөрүп жиберишкен.

Токтогул суу сактагычы — миң жылга ылайыкташкан сууну жыйуучу жай. Суу-энергетикалык ресурсту рационалдуу жана эффективдүү пайдалануу менен суу аз болгон циклдер, суу куймаларынын азайышы сыяктуу нерселер электр энергиясын иштетип чыгарууга эч кандай терс таасирин тийгизбей, энергия менен ички керектөөлөрдү камсыз кылуу толук көлөмдө жүрүшү керек.

“Суу аз болуп калган цикл” өкмөттүк чиновниктердин башында жаралган нерсе. Чоочун мамлекеттин айыл-чарба максатындагы жерлерин сугат суу менен ийгиликтүү камсыз кылууну ойлошуп, 2019–2020-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилден өтүүнү тобокелдикке салышканы жатышат.

Суу-энергетикалык ресурсун жана балансты ыксыз пайдаланып, кедергисин кетирүү Кыргызстанды коңшулаш өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алууга жеткирет. Бул болсо экономикалык диверсияга жана мамлекеттик чыккынчылыкка тете болгон мамиле, өз элине — Кыргызстанга каршы иштөө болуп саналат. Кыргыз макалында айтылгандай, азыркы бийликтегилердин кылмыштуу иштери да, “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей болот.

Расул Умбеталиев, коомдук ишмер

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *