Расул Үмбөталиев, эксперт: “Сооронбай Жээнбеков инаугурацияда берген убадасына туруп, коррупция менен күрөштү жандантты”

-Расул мырза, экс-президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы митингге чыгары айтыла баштады. Бүгүн чындап эле мыйзамсыз баюу, коррупция менен күрөш деген беренелердин курмандыгы Атамбаевдин тарапташтары жана оппозициялык көз караштагы адамдар болуп жатабы?

– Атамбаев президенттик кызматка киришип жатканда, инагурацияда “коррупция менен күрөшөм”- деп убада берген. Бирок, иш жүзүндө коррупциянын эң башында, коррупцияны гүлдөткөндөрдүн катарында Атамбаев турду. Ал кызматтан кетээр менен ал башында турган коррупциялык схемалар ачылып, анын санаалаштарынын көбү камакка алынды. Резонанстуу кылмыш иштер ачылып, кантип эле ушундай ишке барды деп элдин таң калуусун жаратты. Эми Батукаевди мыйзамсыз коё бергени да ачыкка чыгып, элди кордогон адамды коё беришкени кеч болсо да эске алынып, тиешелүүлөр камакка алына баштады.

– Бирок, анткениңиз менен азыркы бийликтин коррупция менен күрөшүү аракетин мурунку бийликке жасалган чабуул катары сыпаттагандар да четтен чыгат го?

– Мен антип айтпас элем. Анткени, Сооронбай Жээнбеков инаугурацияда берген убадасына туруп, коррупция менен күрөштү жандантты. Ошон үчүн анын коррупция менен күрөштү жандантып, мыйзамсыз байыгандарды каматканын “убадасына турду, айтканын аткара баштады” дейт элем. Менимче мындай эки ач пикир жараткан сөздөрдү азыркы президенттен өч алгысы келген күчтөр коомчулукту эки анжы кылыш үчүн таратып жатат деген ойдомун. Ошон үчүн алар кыргыздарды аёосуз кыйналган, өлтүргөн, кылмышкерди, кримтөбөлдү чыгарып жибергендер камакка алынар менен аларды коргой башташты.

Чынында Батукаевдин эркиндикке чыгышы Кыргызстанга сокку боло турган жаман иш болгон. Атамбаевдин бийлиги мына ушундай мамлекеттин аброюна доо кетирген ишке жол берген.

– Шамил Атахановдун, Аида Салянованын, Динара Сагинбаеванын камалганы туура эле болдубу же “бөрк ал десе баш алып”, аша чапкандыкка жол берилип кеттиби?

– Мен аша чапкандык дебес элем. Анткени, алар кимдир бирөөлөргө түз көрсөтмө беришпесе дагы, жогору жактын буйругун аткарышкан. Жыйынтыгында чоң катачылыкка жол беришкен. Алты жылдан кийин болсо да, ошондогу калпыстыкка жол берип, мыйзам бузулган жок дешкени үчүн камакка алынып жатат. Чынын айтыш керек, азыр камалып жаткандардын көбү ошондо даражалуу чоң кызматтарды ээлеп турганына карабай Батукаевдин адвокатына айланышкан. Ошон үчүн булар туптуура эле камалышты десек болот. Эми кеч болсо да, ошондогу кылган иштери үчүн жооп беришет.

– Азыркы бийлик Атамбаевдин тарапташтарын же ал мезгилдеги мыйзамсыз иштерди чукуп, тиешелүүлөрдү жазаласа эле Кыргызстанда маселе чечилип, өнүгүп өсүү болуп кетеби? Президент Сооронбай Жээнбеков эски иштерди чукуу менен эле чектелбей, учурдагы элди иренжиткен иштерге да маани бериши керекпи?

– Мурдагы мыйзамсыз иштерди иликтеп, тиешелүүсүн жазалатканы туура. Бирок, ошол эле учурда бажа гейт, бажы гейт деген нерселерди да көз жаздымда калтырбашы керек. Эгер аларга маани берилбей кала турган болсо, элдин бийликке болгон ишеними жоголуп, коомчулукта анын коррупцияга каршы күрөшүнүн багыты элдин башка нукка, өч алууга бурулуп бараткандай таасир калтырып калат.

Негизи коррупция менен күрөштө тандоо болбошу керек. Тууганым, жердешим, санаалашьш, бажам дебей, аёосуз күрөшүш керек.

Мамлекетте коррупция менен күрөш жүрүп жатканы менен элде толук ишеним жок. Анткени, “Райым-миллионго” окшогондор мыйзамсыз байып алып, мамлекетти башкаргысы келип, бийликтин чоң тепкичине чыгып, мындан да таасирлүү болгусу келген саясат орун алып жатат.

– “Райым-миллион” жөнүндө “Азаттыктын” иликтөөсүнө президент реакция кылып, ага чара көрүшү керекпи же журналисттер кимдир бирөөнүн буйругун тымызын аткарганы ачыкка чыгышы керекпи?

– Кыргызда “шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт”- деп айтылат. Ошон үчүн “Райым-миллиондун” иш аракеттерине да маани берилип, бийлик алардын шартына, ыгына көнбөй, тескерисинче алардан таасирдүү экенин көрсөтүшү керек. Алар тууралуу чыккан ар бир имишти көз жаздымда калтырбай иликтеп, чын-бышыгына жетүү абзел. “Райым-миллионду” өз ордуна койбосо, бийликке бирди көрсөтөт.

Матраимовдор Кара-Суу району, Ош областын өздөрүнө баш ийдирип, өздөрүнчө мамлекет кылып алышкан дейт. Бийлик күчтүү экенин далилдеп, Мусакеевди камагандай мамилени буларга да колдонушу керек. Матраимовдорго аяр мамиле кыла турган болсо, күздө акыбал курчуп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн аларга кескин түрдө чара көрүп, журналисттердин иликтөөлөрүнө реакция кылып, алар тууралуу айтылган ар бир маалыматка маани бериши керек. Президент күрөштү жакын туугандары жана досторунан баштаса, Сингапурдагыдай ийгиликке жетет.

Болбосо, эски бийликтин эле тагдырын кайталап калышы ыктымал. Досторун, туугандарын, шайлоодо каражат кошкон санаалаштарын калкалай берсе, коомдун нааразычылыгы күчөтүп, элдин ишениминен чыгып, кырдаалды өздөрү курчутуп алышы толук мүмкүн.

– Баса, жаңы дайындалган министрлер үчүн премьер-министр өзу жоопкер болоорун билдирди. Премьер-министрдин берген убадасы депутаттарды жаңы министрлерди колдоого аргасыз кылдыбы же алардын ишенимин жогорулаттыбы?

– Жаңы дайындалган министрлер деле, аларды сунуштаган премьер-министр деле мындан ары ишин мыкты аткарат, айткан сөзүнө турат, берген убадасын эсинен чыгарбайт деп ойлобойм. Анткени, ишинен жыйынтык чыгара албай кызматтан кеткен министрлерди деле премьер-министр өзү тандаган эле. Алар ишенимди аткармак турсун толук кандуу иштеп бере алышкан жок. Премьер-министр бу сапар өзү сунуштаган министрлер үчүн жоопкерчиликти мойнуна алаарын билдирип, “өзүм бекиттим, өзүм тандадым, өзүм жооп берем” деди. Бирок, анын андай популисттик сөзү мындан ары иш илгерилейт дегенден кабар бербейт да. Башкача айтканда, “эптеп иштеп туралы, убакыт бергиле” – дегенди эле түшүндүрөт. Эгер премьер-министр өзү алып келген кадрлар үчүн жоопкерчиликти мойнуна алганды билсе, ишин жөндөй албаган кызматтан кеткен министрлер үчүн да жооп бермек. Анткени, өкмөт коллегиалдуу орган. Бири-биринин катачылыгы үчүн жооп бериши керек болчу.

– Жаңы дайындалган министрлердин арасында өз ишин мыкты билет деп ишеним арта тургандары барбы?

– Жаңы дайындалган Айыл чарба министри ошол министрликте бир канча убакыттан бери орун басарлык кызматты аткарып жүргөн адам экен. Орун басар министр болгондо не өзгөрөт эле. Мыкты адис болсо орун басар кезинде эле ошол тармактын жүгүн жеңилдетип, ишин илтерилетет эле го.

Ошондой эле дагы бир бакыйган министрлик кызматка бекиген Санжар Мукамбетов деген адамдын иштебеген жери калган эмес. Канча жерде иштесе да, бир да жерде өзүн адис катары көрсөткөн эмес. Эми ошондой орто заар кадрдан кайсыл жакшылыкты күтүп, министр кылышканын билбейм. Татыксыз министрлердин катарын Догоев да толуктайт. Догоевдин коррупциялык иштерге күбө катары суралып жүргөңүн эске албай, кайра бакыйтып, министр кылып бекитип коюшту. Татыксыз министрлер иштин илгерилешине эмес, иштин тоскоолдукка учурашына көбүрөөк салым кошушат. Башкача айтканда, чабал өкмөттү ого бетер чабалдантат. Элдин бийликке болгон ишенимин ого бетер жоготушат.

-Жаңы дайындоолордон кийин буга чейинки өкмөттүн отставкасын талап кылган маселелер артка чегинди десек болобу?

– Ошондой десек да болот. Анткени, өкмөт башчынын калпыстыктарга жол бергени, ишин жөндөй албай жатканы баарыбызга көрүнүп турса дагы, эмнегедир президент аны колдоого алып, керек болсо парламенттен колдоп берүүнү өтүнгөн эле. Президенттин премьер-министрге көзү түз болуп турган үчүн анын эсепсиз катачылыктарына да анчалык маани берилбей, реакция жасалбай жатат. Болбосо, ал туура эмес иштерге жол бергени үчүн, президенттин сөзүнө каршы иш кылганы үчүн эбак эле отставкага кетиши керек болчу. Бирок, отставка маселеси баары бир күчүндө калат. Президент канчалык жөлөп, таяганы менен премьер-министр шалаакы болуп жатат. Парламент, президент өкмөт башчыны кош колдоп колдосо да, болгон шартты түзүп берсе да, өкмөт башчы ишин жөндөй албай жатат. Иштегенине бир жылдан ашык убакыт болсо да, ишинен жарытылуу майнап чыгара алган жок. Бир жылдан бери ишин илгерилетип кете албаганы аз келгенсип, “реформаны эми баштайм”- деп жылмаюуга аргасыз кылды. Бир жылда кыйратпаган ишти эми жасамак беле. Абылгазиевдин оюнда реформа жасаш керек деген түшүнүк болсо, эбак эле баштап, анын жыйынтыгын эл көрө баштайт эле го. Президент да, премьер да канчалык жан талашпасын, Абылгазиев күзгө чейин эле иштейт. Анын былык иштери андан ары иштешине жол ачпайт. Эгер президент тийиштүү чара көрбөсө, коомчулуктун нааразычылыгы күчөп, бийликке болгон ишеним мындан да төмөндөйт. Кыскасы, президент күздө премьерди өзү кызматтан кетирүүгө аргасыз болгон жагдайлар жаралат.

– Баса, президент тууганчылыкка жол бербейм дегени менен мамлекетти премьер-министрдин бажалары тейлеп жатканы ачыкка чыгып кетти. Эми президент “менин сөзүмдү колдоого алмак тургай, каршы иштеди”- деп ага чара көрүшү керекпи?

– Негизи президент премьердин бул кылыгына чара көрүп, “кечиримсиз иш кылдың” – деп жазалашы керек болчу. Бирок, эмнегедир президент аны тоготпогондой мамиле жасаган премьер-министрге жумшак мамиле кылып, аны аяп жаткандай. Болбосо, анын бир эле былыгы чыкканда чара көрүп, кызматтан алмак. Элге жакпаган чечимдерди чыгарып, элге каршы иштер менен алек болгон премьерди бажасын, бажасынын баласын, балдызын, кайнежесин ишке коюп, аларга өкмөттөн акча бөлдүргөнү үчүн абийири болсо премьер өзү отставкага кетиши керек эле. Ал болсо өзү кызматтан кетпештин аракетин кылып, башкаларды кызматтан алып, жолун тазалады. Бирок, премьер-министр канчалык жан талашпасын анда убакыт да, мүмкүнчүлүк да калган жок.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *