Равшан Жээнбеков, экс депутат: “Америка эч убакта төңкөрүш жасабайт, кызыктар дагы эмес”

– Равшан Бабырбекович, Америкага кандай максат менен барып келдиңиздер? Сиздер келгенче ММК беттеринде түркүн-түстүү ушактар чыгып, бийликтин өкүлдөрү алар төңкөрүш жасоого максат кылып кетишти деген сөздөрдү чыгарып жиберишти?

– Ал болбогон көчө сөздөрү деп билем. Дүйнөдө демократиялык баалуулуктарды колдогон, демократия курабыз деген мамлекеттер жана чыныгы элдик бийликти курабыз деген саясатчылардын баардыгы Америкага жана Европа мамлекеттерине барышат. Анткени ушул баалуулуктарды колдогон Америка болуп эсептелинет. Баардык саясатчылар колдон келишинче Америкадагы, Европадагы демократиялык иштерди колдогонго аракет кылышат. Биз дагы саясатчы, ММКнын өкүлү, граждандык коомдун өкүлдөрү катарында Американын демократиялык институттары менен колдон келишинче жакшы мамиле түзүп, алардан жакшы нерселерди үйрөнгөнгө, ошол эле убакта Кыргызстанда болуп жаткан демократиянын абалын, саясый экономикалык абалды талкуулаганга кызыктарбыз.

– Себеби?

– Биздин мамлекеттеги демократияга баа бере турган негизги институттар ошол Европада болот. Негизи институттар баа бергенден кийин гана демократия болду же болгон жок деп чет элдик гуманитардык уюмдар же саясатчылар, бизге каражат берип реформаны колдой турган мамлекеттер жана уюмдар кызыгып ошолордун берген баасына таяна башташат. Тилекке каршы акыркы жылдары Кыргызстанда абал, өзгөчө сөз эркиндиги, чогулуш эркиндиги кайрадан кысымга дуушар болуп калды дагы, биздин абал 2011-2012-жылдарга караганда бир топ начарлап кетти. Бул жөнүндө баардык демократиялык уюмдар айтып жатышат. Биз ушунун баарын Америкада жайгашкан демократиялуу уюмдар менен колубуздан келишинче талкуулаганга аракет кылдык.

– Сиздер АКШга кетээриңиздер менен төңкөрүш жасоону максат кылып жатышат деген сөздөр байма-бай социалдык түйүндөр аркылуу талкууланып жатты. Буга кандай жооп айта аласыз?

– Мындай сөздөр эки булактан чыгышы мүмкүн. Биринчиси Кремль колдогон массалык маалымат каражаттары менен журналисттер жана биздин бийлик өкүлдөрү, экинчиси Эл аралык саясатты, мамлекеттер арасындагы мамилени түшүнбөгөн адамдардын айткандары болушу мүмкүн. Мен акыркы 15 жылдын ичинде саясатта активдүү жүргөн саясатчы катарында айта алам, демократиялык мамлекеттер өзгөчө Америка, Францияга окшогон мамлекеттер төңкөрүштү эч убакта колдобойт. Аларга каражат да бөлбөйт. Булар баардык мамлекетте болгон саясый күчтөр менен иштегенди билишет. Алар демократияны гана колдойт. Колдорунан келишинче бийлик менен иштегенге гана аракет кылат. Бирок авторитардуу, коррупциялашкан бийлик боло турган болсо алар ошол эле убакта бийликтин оппоненттери менен дагы иштегенди билишет. Мен бийликтин оппоненттери деп өзүбүздү айтып жатам. Бул оппозициялык саясатчыларды, журналисттерди жана активисттерди айтып жатам. Башка демократияны колдогон мамлекеттер дагы колдорунан келишинче биз менен иштегенде аракет кылып жатышат. Ошондуктан мен так айта алам, Америка баш болгон демократиялуу мамлекеттер эч убакта төңкөрүш жасабайт, кызыктар дагы эмес. Ал жерде мыйзам мындай нерселерге толугу менен тыюу салган, тыюу салгандан кийин мамлекеттик атка минерлер эч убакта андай нерселерге барбайт.

– Демек сиз төңкөрүшкө каршы экенсиз да ээ?

– Биздин эки жолку болгон Кыргызстандагы төңкөрүш тилекке каршы максатына жеткен жок. Эмнегедир Кыргызстандагы төңкөрүш мамлекеттеги кандайдыр бир системаларды, маанилүү өзгөрүүлөрдү жаратпастан мамлекет башында турган адамды кетирип, анын ордунда башкалар келгендиги менен бүтүп жатат. Ошондуктан биздин мамлекетте маанилүү өзгөрүүлөр болгон жок. Биз Америкага баргандагы жолугушкан демократиялуу институттардын баардыгы “Кыргызстан эмнегедир өткөөл убакта көп жылдар бою калып калган мамлекеттин элесин калтырат” –деп айтышты. Бул бизде төңкөрүштөр болот бирок маанилүү өзгөрүүлөр болбойт дегендин далили ушул болуп эсептелинет. Ошондуктан өлкөдөгү төңкөрүш өзүн актабагандан кийин төңкөрүштүн азырынча зарылчылыгы жок. Колубуздан келишинче бийликке басым жасоо же дагы башка жолдор менен өзгөртүүгө аракет жасашыбыз керек.

– Бажы биримдигине киргенден бери элибиз эч кандай өзгөрүүлөрдү көрө алган жок, кымбатчылыктан өтө кыйналып кеттик. Бизге мунун зарылдыгы бар беле?

– Бажы биримдиги Кыргызстанга эч кандай маанилүү социалдык өзгөрүүлөрдү алып келе алган жок. Бажы биримдиги биз мурда кандай саясый басым жолу жасалган экономикалык уюм деп айтып келсек бүгүнкү күндө ошол толугу менен айкындалды. Өкмөт бажы биримдигине кирээрде 3 багытты каттуу айтып кирген эле. Биринчиси тигүү иштери болчу. Тилекке каршы бажы биримдигине киргенде тескерисинче жеңил өнөр жай толугу менен талкаланды. Экинчиси айыл чарбасы болсо башка продукцияны айтпайын, картошкабыздын өтпөй жатканын кайра-кайра ММКлар жазып жатышат. Ага жооп катарында биздин бийлик казак боордошторубузга карата Кыргызстанга келгенден кийин каттоо болбосо жоопко тартылат деген эрежени киргизип жатышат. Экономикалык алкакта бир болгон мамлекеттер бири-бирине мындай мамиле кылбайт. Бүгүнкү күндөгү биздин Россия менен Кыргызстандын ортосундагы же Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле экономикалык алкакта жашап жаткан өлкөлөрдүн эмес, тескерисинче бири-бирин баса калалы, бири-бирине кандайдыр бир кыйынчылыктарды жараталы деген мамлекеттердин абалын элестетет. Жалпылап айтканда экономикалык биримдик өзүн актаган жок жана актабайт дагы. Экономикалык өсүшү ар кандай, башкаруу системасы такыр башка мамлекеттер экономикалык биримдик түзө албайт, бул мүмкүн эмес. Эртеби-кечпи бул биримдик тарайт.

– Тигүү иштерин азыр толугу менен кытайлар ээлеп жатышат. Муну менен биз ички өнөр жайыбызды талкалап албайбызбы?

– Тигүү иштерине кытайлардын кириши биздин мурдагы кийим тигүү ишканаларыбыз толугу менен талкаланып, жаңы тигүү иштери пайда болду десек болот. Биздин тигүүчүлөр мурда товарды кытайдан алып келип, Россияга, Казакстанга сатып жатса, бүгүнкү күндө Кытайдан келген товарлар кымбаттап жаткандыктан алар толугу менен токтоп калды. Эми кытай өзүнүн өндүрүшчүлөрүн протекция кылып, чет мамлекетке алып чыгып, Кытайдын товарын ошол жактарга алып барып өндүрүш жаратып сатсаңар биз силерге колдоо көрсөтөбүз дегенден кийин Кытайдын ишкерлери Кыргызстанга, Казакстанга кирип, ал жерде өндүрүш жаратып, ошол өндүрүш аркылуу Россияга, КМШ мамлекеттеринин алкагына киргенге аракет кылып жатышат. Бул мурдагы тигүү иштеринин баарын токтотуп анын ордуна кытайларды алып келип, азыр кытайларды колдоп жатабыз деген экономикалык саясат болуп жатат.

– Мындан кийинки саясый кадамыңыз кандай болот?

– Саясатта активдүү иштеген тажрыйбалуу саясатчылар эч качан саясаттан кетпейт. Саясат бул депутат же министр болуу менен чектелбейт. Тескерисинче Кыргызстанда депутат же министр болбой калган адамдын орду аябай маанилүү. Эгерде депутат же министр болсо бизде баардыгы бийликтин көзүн карайт, өзүнүн жетекчилеринин көзүн карап жатып жакшы иштей албай калышат. Ал эми эгемендүү саясатчылар дайыма өздөрү туу туткан так позицияларды карманып, ошону ишке ашырганга аракет кылат. Мен дагы саясатчы катары эч качан саясаттан кеткен эмесмин жана кетпейм дагы. Өмүрүмдүн акырына чейин саясатта болом. Бирөөгө жагабы, жакпайбы бул менин жеке көз карашым. Саясат биздин Кыргызстанда эң актуалдуу, маанилүү болуп эсептелинет. Кыргызстанга өтө оор абал жакындашып келе жатат. Мурда менин айткандарымдын баардыгы ишке ашып келе жатат. Мындан аркы абалыбыз жаман болот. Дүйнөдө нефтиге таянган, авторитардык мамлекеттердин күнү бүтүп баратат. Мунайдын күнү бүткөндөн кийин, авторитардык жол менен башкарган саясатчылардын баардыгынын күнү бүтөт. Ошону менен бирге алардын да экономикалык абалы оорлойт. Биздин экономикалык абалыбыз Россия менен Казакстандын экономикалык абалына аябагандай байланышкан. Ошону менен бирге азыркы күндө ал мамлекеттерде авторитардык башкаруучулар олтурат. Биздин абалыбыз алар менен кошо оорлошот. Эгер биз ошол абалды жеңилирээк тосолу десек президенттик бийликти жоюп, чыныгы сот реформасын жүргүзүп, маанилүү структуралык, экономикалык реформаларды жасашыбыз керек. Мында ушул үч нерсени жасай турган болсок жакынкы кризисти жеңил тосуп, жеңил чыгабыз.

– Коңшу мамлекеттерде болуп жаткан элдик толкундоолорго кандай комментарий бересиз?

– Эгерде бийлик адилеттүү болсо эч убакта элдик толкундоолор эч качан болбойт. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанды 30 жылдан бери бир адам башкарып келе жатат. Бүгүнкү күндө Россияда да элдик толкундоолор пайда болууда. Себеби бүгүн адамдын эркиндигин баскан, бир адам мамлекетти башкарып жатат. Тажикстанда деле ушундай. Өзбекстандагы оор нерселер эмнеге келе жатат? Мына ушулардын баардыгы эч кандай батыш түрткүлөп жатат дегенге жатпайт. Бул мамлекеттерде кандайдыр бир жаман, туура эмес болуп жаткандыгынан кабар берет. Аларга караганда Кыргызстанда бүгүнкү абалыбыз бир топ дурус. Кыргыз эли демократиялык багытка түшүп алганыбызга он жыл алдыдабыз. Коңшулар бул маселе боюнча артта келе жатышат.

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *