Равшан Жээнбеков, экс депутат: Стратегияны ишке ашырууга аябагандай күчтүү команда керек

Кыргызстанды туруктуу өнуктүрүү боюнча улуттук кеңеш Бишкекте 13-августта жыйынга чогулуп, 2040-жылга чейинки стратегияны кабыл алды. Жыйында буга чейинки стратегияларда деле айтылган иш-чаралардын басымдуу бөлүгү аткарылбай калганы тууралуу сөз болду. Эми кечээ кунку кабыл алып алган бугункү бийликтин стратегиясынын канчасы ишке ашат, аны убакыт көрсөтөөр.

2040-жылга чеиинки улуттук стратегия 80ге жетпеген барактан, анын ичинде «Адам, үй-бүлө, коом», «Экономикалык бакубаттык жана өнүгүү үчүн чөйрөнүн сапаттуулугу», «Мамлекеттик башкаруу» жана «Өнүгүүнү башкаруу» деген чоң төрт бөлүктөн турат.

Жыйындын жүрүшүндө саясаттын каймактары болгон аткаминерлер чогулуп, оң-терс пикирлерин билдиришти. Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Бул жакшы тилектерди кимдер ишке ашырат жана кайсы каражат менен аткарылат?» деген суроолор ойлондурбай койбойт. Мурунку стратегияны да кабыл алганда жакшы сөздөр, жакшы сунуштар айтылган. Бул документте экономикалык жана саясый абал камтылган эмес. Айрыкча тышкы карызыбыз тууралуу сөз жок. Дүйнөдөгү саясый-экономикалык абалдын бизге таасири тийбейт деп айта албайбыз» деп сын пикирин билдирди.

Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин мүчөсү, Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын жетекчиси Улук Кыдырбаев өкмөт мүчөлөрүнүн назарын көмүскө экониканын көлөмүнө бурду: «Биз көмүскө экономиканы ачыкка чыгарыш үчүн ага ьңгайлуу шарт түзүп беришибиз керек. Азыр баарыбыз эле «каражатты кайдан алабыз?» деп жатабыз. Бизде көмүскө экономиканын көлөмү чоң, акча бар. Ошону ачыкка чыгарыш үчүн ага ыңгайлуу шарт түзүп беришибиз керек. Эсимде, 2008-жылы көмүскө экономиканын көлөмү 50 пайыз экенин айтып жүрчүбүз. Быйыл деле 50 пайыз деген маалымат чыгып жатат. Менимче, 70 пайыздан да ашып кетти. Бул жерде мүмкүнчүлүктөр көп. Биз аларды ачыкка чыгарганга ыңгайлуу шарт түзүп беришибиз керек. Ошондо гана өзүбүздүн ичибизде кошумча каржы булактары табылат» деп белгиледи.

Экономикалык абалыбызды, стратегиянын келечегин профессионалдуулук менен көрө билген экс-депутат Равшан Жээнбековго кайрылганыбызда төмөндөгүлөргө токтолду.

– Ар бир мамлекеттин өнүгүү стратегиясы болот. Мамлекет кайсы жакка кандай багыттар менен барат? Жакынкы жылдары кандай приоритеттүү экономикалык саясый иштерди жасайт? – булар мамлекеттик көз караш болуп эсептелет. Бирок бизде стратегияны ишке ашырууда, жазууда аябай чоң соз кьиып, чйң жыйындарды өткөрүп, массалык маалымат каражаттары аркылуу даңазалайбыз. Мисалы, бизде төрт президент болду. Төртөөнүн тең ушуңдай стратегиялары болгон. Тилекке каршы, төртөөнүн тең стратегиялары дээрлик ишке ашкан жок. Бардыгы кагаз жүзүндө эле калып, ошону менен унутулуп жок болду. Ошондуктан бул стратегиянын ишке ашуу мүмкүнчүлүгү жогору эмес. Стратегия – абдан чоң каражат талап кыла турган маселе. Ошол жерде өздөрү айтып жатат, «аябай чоң ишканаларды ачабыз, ага 21 млрд, доллар каражат керек деп жатабыз» дешти. 21 млрд, долларды кайдан табабыз? Кыргызстандын ушундай алсыз экономикасына, стабилдүү эмес бийлигине кайсы мамлекет мынча каражатты берет? Экинчиден, ошол стратегияны ишке ашыра турган профессианалдуу команда барбы? Мен «андай команда жок» деп айтат элем. Үчүнчүдөн, ошол стратегияны ишке ашыра турган аябагандай күчтүү эрк керек. Көз караш керек. Бизде бул жагынан да чоң көйгөй бар. Ушул маселелерди зеке ала турган болсок, стратегиянын келечеги бир топ күмөн жаратат.

Биз көбүнчө тур-долбоорлорду эле жазып алып, анан ошону ишке ашырабыз дей баштайбыз. Мисалы, акыркы Атамбаевдин убагындагы «Датка-Кемин», түндүк-түштүк жолу, ушуга окшогон долбоорлорду коп жазабыз. Анткени бул долбоорлор кандайдыр бир деңгээлде керек, бирок көпчүлүгүнүн акчасы азыркы ЖЭБге окшоп уурдалып кетет. Ошондуктан ал долбоорлор ишке ашпай калат даты, жон гана мамлекеттин карызы күн санап көбөйө берет. Андан коре мамлекет маанилүү реформага көңүл бөлө турган болсо, мисалы, социалдык реформа, жергиликтүү бийлик реформалары, билим тармагындагы реформаларга көңүл болсо, анда ал өзүн тезирээк актаганга шарт түзүлмөк. Бирок, биз ал жакка көңүл бурбастан эле жанагындай жеп-ичүүгө ыңгайлуу курулуштарга басым жасаганыбыз кейиштүү.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *