Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер: “Азырынча Илмияновдой таасирге ээ болгон адам президенттин жанында жок”

Атамбаевди камоодогу оор факторлорду саноо менен токтогонбуз. Азыр коомчулукта аракеттеги президент экс-президентти камабаса коррупция менен күрөштүн натыйжасы чыкпайт деген пикир көп айтылууда. Атамбаевди азыркы президент камай алса, элдин колдоосун ала алабы?

– Мамлекетте болуп жаткан азыркы процесстер менен ала албайт.

– Эмне үчүн?

– Баардык мамлекеттерде мурунку президенттерге күнөө коюш үчүн аракеттеги президент таза, туура, көп иштерди жасап жаткан адам болушу керек. Биздин өлкөдөгү саясат кризиске такалып келе жатат. Ички саясатта түндүк-түштүк маселеси бир топ эле курчуп калды. Бийликке болгон ишеним азайып баратат.

– Бийликте ким болсо деле сын айтылып, ишеним азайгансып көрүнгөнү мыйзам ченемдүү эле көрүнүш да?

– Ооба, бирок Өкмөткө болгон ишеним толугу менен кетти. Экономика талкаланып, өлкөдөн капитал чыгып кетип баратат, инвестиция келбеди, жумушчу орундары пайда болгон жок. Ушул фон менен мурунку президентке күнөө коюу, сотко алып баруу азыркы президентке кыйла эле оор болот. Сооронбай Жээнбеков маанилүү өзгөрүүлөрдү жасап, реформаларды кылып, улутка чоң аброю болуп калганда, каалаганын кыла берсе болмок. Тилекке каршы, бийликтин азыркы абалы менен оппоненттерине көп нерсе жасай албай калат.

– Сиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетүүсүн иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү болгонсуз. Парламенттин трибунасынан “Батукаевдин иши боюнча мезгили келгенде бир тобуңар камаласыңар” деп айткан элеңиз. Бүгүн өзүңүз айткандай бир топ чиновниктер камалып жатат. Бул камоолорду дагы саясий негиз деп баалайсызбы?

– Тилекке каршы, бул дагы саясатташып кеткендей болуп жатат. Себеби, эмне үчүн бул маселе мындан 2 жыл мурун көтөрүлгөн жок? Эмнеге азыр көтөрүлүп жатат? Канчалык көп убакыт өткөндөн кийин көтөрүлгөн маселе ошончолук саясатташып кетет. Бул ишти саясат эмес дейли, ошондо дагы ким күнөөлүү экенин далилдеш оор болуп баратат. Анткени, ал адам кетип калган, аны бизге эч ким кайтарып бербейт. Менин көз карашым боюнча ошол убакта күнөө кетирген мамлекеттик жогорку деңгээлдеги өзгөчө соттук-укук коргоо органдарынын жетекчилеринин баардыгы жоопкерчиликке тартылышы керек. Батукаев өлкөдөн чыгып кетип, биздин мамлекет – мамлекет катары калыптана электигин, адилеттүүлүктү коргогон соттук-укуктук институттарыбыз жараксыз экенин бир күндө көрсөтүп койду. Ушул мамлекеттик институттарды оңдоо үчүн күнөөлүү адамдардын күнөөсүн так аныктап, жасаган ишине жараша жоопкерчиликке тартышыбыз керек. Талкаланган институттарды ордуна алып келүүгө реформаларды жасоо зарыл болчу. Тилекке каршы, атайын кызматта, прокуратурада, сот системасында реформа жүрө элек. Жетекчилери гана алмашып жатат. Муну менен эч нерсе өзгөрбөйт. Сооронбай Жээнбеков ушул мамлекеттик институттарда реформа жасай алса, көп нерсе жасаганга мүмкүнчүлүк алмак. Азыр деле кеч эмес, аракет кылса болот.

– Өзүңүз атайын кызмат, прокуратура, сот бир эле адамдын айтканын жасап калган институт болуп калган деп айтып жатасыз. Батукаевдин ишинде деле бул институттар бир адамдын буйругу жок мыйзамсыз ишке барбайт болчу да?

– Асель Кодуранова “Азаттыкка” берген маегинде Аьамбаевдин “Баардык маселелер мыйзамдуу болсо жасай бергиле” дегенин, кийин “Бизди алдап кетти, кайтарып бергенге жардам бериңиз” деп Путинге жашыруун каттар менен кайрылганын айтты. Андай болгон соң, Атамбаев Батукаевдин чыгып кетишин билген деп айтсак болот. Себеби, мыйзамдагы ууруну чыгып кетип жатканда атайын кызматтын, прокуратуранын, соттун башчылары жөн эле бошотуп жибербейт. Ошол убактагы институттардын башчылары кандайдыр бир деңгээлде бири-бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, кеңешилгенин, акылдашылганын убагында эле билгенбиз.

– Атамбаевдин “Бизди алдап кетиптир” деп орус президентине жашыруун кат менен кайрылганы уят иш эмеспи?

– Албетте уят иш. Өлкөдөн чыгып кеткенден кийин башка мамлекеттин башчысына жашыруун кат менен кайрылган уят. Чыгарбашы керек эле, мыйзамдуулукту кеткенге чейин орнотууга тийиш болчу. Кетип калгандан кийин канча кат жазганы менен укпайт. Бул иште коомдук пикирди дагы күнөөлөсөк болот. Ошол учурда он чакты саясатчы маселе көтөрүп жатканда, жалпы коом кайда эле? Мага окшоп маселе көтөргөн саясатчыларды басмырлап тебелеп, жамандап, колун чаап карап турушкан. Азыр баардыгы Атамбаевдин падыша болуп алганын айткысы келет. Себеби, бийликтен кетип, колунан эч нерсе келбей калды. Кеткен президент менен күрөшүү жеңил. Ким болбосун аны сындай берет. Биз бийликти көзөмөлгө алып, туура нукка салууга аракет кылууга аракет кылышыбыз керек.

– Атамбаев бийликте турганда ага оппозиция болдуңуз. Азыр дагы бийликке сын айтып жүрөсүз. Эки бийликтин кайсынысы менен кармашуу жеңил экендигин сездиңизби?

– Мында дагы түндүк-түштүк маселеси роль ойнойт. Атамбаев түндүктөн чыккан президент катарында коомчулукта “Биздин бала” деген түшүнүк күчтүү болчу. Бизди жеп коё жаздашчу. Барган жерде айтпаган сөздү айтышып, басмырлаганга аракет кыла турган. Бир эле бийлик эмес, коом дагы ошондой абалда болчу. Атамбаевдин бийлиги менен күрөшүү оор болчу. Азыр массалык маалымат каражаттары күчөдү. Социалдык тармактар күчтүү иштей баштады. Бүгүн бийлик менен оппонент болуу жеңил. Абал кыйла өзгөрдү.

– Жакында эле Атамбаевдин иш бөлмөсүнөн тыңшоочу аппарат табылды деп айтып чыгышты. Экс-президент жеке өзүнө таандык болгон менчик имаратта олтурса, өзү ишенген күзөтчүлөрү менен жүрсө тыңшоочу аппаратты сырттан киши барып койгон дегенге ишеним барбы? Бул жөн гана саясий күрөштүн бир ыкмасы болгон провокация эмеспи?

– Мени зарыл учурларда атайын кызматтын саясатчылар менен иштеген бөлүмү аңдыйбы же аңдыбайбы?- дегенде аңдыйт деп жооп айтам. Бир нече жолу кармаган, телефонумду угуп, жарыялаган учурлар болгон. Маанилүү саясатчылардан сурасаңар деле жалпысынан жооп ушундай болот. Укук коргоо органы толугу менен мамлекетке кызмат кылып, жеке президентке кызмат кылбайт деген ишеним бизде барбы же жокпу? Кээ бирлерде ишеним болушу мүмкүн, менде жок. Көп учурларда жеке президентке кызмат кылат. Ушул багытта алганда, Атамбаевдин кабинетине укук коргоо органдары тыңшоочу аппараттарды коюп, же болбосо аракет кылып, кимдер келип-кетип жатканын, кандай сөздөр болгонун уккусу келгени УКМКнын кызыкчылыгына туура келет. Ошондуктан, бул маселеде Атамбаевдин тегерегиндегилер айткан сөзгө толугу менен ишенем.

Мүмкүн Атамбаевдин тегерегинде жүргөндөрдүн кээ бирөөлөрү башка тарапка кызмат кылып жаткандыр? Баары эле Атамбаевге чын дили менен берилгендер деген туура болбойт го?

– Бийликтен кетип, ыдык көрүп жаткан саясатчы тегерегиндегилерди кайрадан электен өткөрөт. Атамбаевдин коркунучу азыр 100 эсе өстү, душмандары аябай көп. Бир эле кыргыз саясатчылары эмес, башка мамлекеттин жетекчилери да душманы болуп эсептелет. Ошол себептен жакын адамдарын бир сыйра электен өткөрдү. Ошентсе да Атамбаевдин тегерегинде жүргөндөрдөн саткындар болушу мүмкүн. Кантип эле болбосун? Саткан адам деле кимдир бирөөгө маалымат алып барып бериши керек болот. Маалымат алгысы келген тарап укук коргоо органдары болору шексиз.

– Атайын кызмат жеке президентке иштейт деп баалап жатасыз. Атайын кызматта деле Атамбаевге маалымат ташыган адамдар бар болсо керек. Бул пикирди жокко чыгарып салган туура эмес болуп калбайбы?

– Андайлар сөзсүз түрдө болушу мүмкүн. Атамбаевге иштегендер аз десек болот.

– Экс-президент партия лидерлигин өткөрүп берди. Лидерлик кыргыз саясатында маанилүү болуп эсептелеби же жокпу?

– Саясатта партия лидери же болбосо мен биринчимин деп көрүнүп туруу маанилүү эмес. Мисалы “Кыргызстан” деген партия бар. Лидери Шаршенбек Абдыкеримов. Ал адам саясатта эмес, бирок эмне айтса партияда аткарылат. Атамбаев деле партиясынын артында тура берет. Экс-президентти саясаттан кетирдик деп мыйзам тапкан адамдар саясатты терең түшүнбөгөндөр, мыйзамды билбегендер болуп саналат.

– Атамбаев менен жолугушуп жүрбөйсүзбү. Жолугушууну ким биринчи сунуштайт?

– Атамбаев жабык уюмда олтурат. Күчтүү басымды башынан өткөрүп жаткандан кийин көп адамдар менен сүйлөшө албайт, көп жерлерге баралбайт. Саясатка көп анализ жүргүзгөнүмдөн улам менин оюмду угуу Атамбаевге кызык болсо керек. Көп учурда өзү “Ушул маселе боюнча сенин оюңду угайын дедим эле” деп айтып калат. Жолугушуп, сүйлөшүү керек деп өзүм суранган учурлар дагы бар.

– Кийинки шайлоого мурунку президент бара алабы?

– Бүгүнкү мыйзам боюнча баралбайт. Бара турган болсо мыйзамда каралган кепилдиктерден баш тартууга макул болушу керек. Ал киши саясатта бышкан, тажрыйбалуу, эр жүрөк саясатчылардын бири да. Аны менен сүйлөшүп да көрүп атам, ал саясаттан кетпейт деп так айта алам.

– Жалгыз чынар токой болбогондой эле, Атамбаев өзү жалгыз күрөш жүргүзүүгө чамасы жетпесечи?

– 2 жыл мурун Сооронбай Жээнбековду президенттикке Атамбаев өзү түртүп жатканда, бүгүнкү күндөгүдөй окуя болот деп Кыргызстанда канча пайыз эл элестетти эле?

– Ошондо эле экөөбүз маек куруп, Жээнбеков Атамбаевдин жетегинде болбой турганын айтпадык беле?

– Сен, мен дагы бир топ адамдар айткан. Айткандар араң 1 пайыз болушу мүмкүн. Калган 99 пайыз эл “Кыргызстанды Атамбаев башкарат” деп ойлогон. Кыргызстанда саясий абал бат-бат өзгөрүп турат. Атамбаев азыр саясатчылар менен иштей албай жатса, жарым жылдан кийин иштеше албайт деген сөз эмес. Биз күтпөгөн биригүүлөр, ажырашуулар болот. Мисалы, бир жыл мурун Атамбаев менен сүйлөшөм деп ойлогон эмесмин.

– Экөөңүздөр жолукканда тышкы байланыш тууралуу да сөз кылсаңар керек. Орустар менен байланышы тууралуу кеп болобу?

– Орустар менен мамилеси жакшы экенин билем. Көрүнүктүү саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер менен байланышып турганын сөздөрүнөн байкайм.

– Кремлден Андрей Бельянинов келип, Атамбаев экөө сүйлөшкөндөн кийин экс-президент саясий тайм-аут алды, орустардан шайлоого даярдан, биз колдойбуз деген сөздү укту деген кептин чындыгын сизден билсек болобу? Атамбаевдин оозунан Бельянинов келип кеткени тууралуу сөздү уктуңузбу?

– Бул маселени ачык айта берсек болот. Муну атайын кызмат деле билсе керек. Атамбаев экөөбүз сүйлөшкөндө өзү “Бельянинов үйгө келип конок болуп кетти. Көп маселени сүйлөштүк” деп айткан.

– Парламенттик шайлоого чейин саясатчылар президенттин тегерегинен кете баштайт деген пикирдесизби?

– Андай эмес, кийинки шайлоого чейин президент тегерегине өзү тандаган топту түзүшү мүмкүн. Жээнбеков Атамбаевге окшоп шайлоону каалагандай өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн бир топ ажырайт. Андай ыплас шайлоо өткөрө албайт. 2020-жыл Жээнбеков үчүн чоң сыноо. Андан жакшы өтө турган болсо, өзүн ишенимдүү алып жүрө алат. Өтпөй калуу мүмкүнчүлүгү да бар. Ошондуктан кийинки жыл тобокелчиликтүү болот.

– Мурунку президенттик аппарат аткаруу бийлигине басым жасап келгени анык. Азыркы президенттик аппараттын иштөө ыкмасы өзгөчөлөнө алдыбы?

– Азыркы президенттик аппараттын жетекчиси Досалы мырза чынында эле жакшы иштеп жатат. Көп нерселерге аралашпайт, кийлигишпейт. Болбосо, аппарат жетекчилери көмүскө премьер-министр болуп алышпады беле. Азыр андай жок. Президенттин ишмердүүлүгүн камсыз кылган аппарат болуп иштеп жатышат. Бул дагы жакшы жетишкендиктердин бири болуп эсептелет. Атамбаев учурунда азыркыга салыштырмалуу экономикалык, социалдык, кадрдык маселелерде өкмөттүн ишине кийлигишкени билинип турчу.

– Мурунку бийлик учурунда “серый кардинал” Илмиянов болуп, маселе чечүүдө таасири күч болчу. Азыркы президенттин жанында ошондой адам барбы?

– Азырынча Илмияновдой таасирге ээ болгон адам президенттин жанында жок. Өзүм деле байкаган жокмун. Бирок, пайда болуп келе жатканы айтылып баштады.

Маектешкен: Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *