Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер: “Эртели-кеч Кремль Атамбаевди колдошу толук мүмкүн”

– Равшан байке, Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынына чакырылдыңыз. Эмнелерди билесиз, эмне себептен сизден маалыматтар суралып жатат?

– Кой-Таштагы окуяны иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия Жогорку Кеңештин чечими менен түзүлүптүр. Биринчиден, айта кетишим керек, бул комиссия бир тараптуу болуп калыптыр. Себеби, бийлик, өкмөт кайсы гана маселеде болбосун, саясый жана мыйзамдуу баа беребиз (!) дей турган болсо, ал комиссиянын мүчөлөрүнүн баары бейтарап болуп, бийликке көз каранды болбошу керек. Негизинен, бийликтин адамдары жана бийликке боор тарткан саясатчылар кирип калыптыр. Ошондуктан, бул комиссиянын чыгарган чечими объективдүү жана адилеттүү болбой турганын алдын ала айтам. Мындай окуяларды иликтеген комиссияга сөзсүз түрдө жарандык коомдун эгемендүү өкүлдөрү кириши керек эле. Клара Сооронкулованы кошушуптур, бирок, ал кийинки убактарда бийлик тарапка боор тарткан болуп жүрөт..

Ал эми комиссиянын жыйынына чакырылган себебим, Кой-Таштагы ошол күнкү окуяларды көргөн, билген, катышкан адам катары маалыматтарды суроо болду. Бардым, билгенимди, көргөнүмдүн баарын айтып бердим. Мен өзүм Кой-Ташка окуя ортолоп, алтургай аягына чыгып калганда баргам. Мени эч ким ал жакка чакырган эмес, интернеттен, теледен көрүп, өзүм бардым. Биринчиден, жарадар болгон атайын кызматтын кызматчыларын сактаганга биз чоң салым коштук. Экинчиден, милиция менен жаш балдар кагылышууга жеткени калганда, сүйлөшүү жолу менен провокация жасатпай, кагылышууну болтурбай, сактап калдык. Жарадар болгон адамдардын санын кыскарттык, мүмкүн кандайдыр бир дагы каргашалардан сактап калдык. Мына ушул эки нерсе тең менин көз карашымда, бийликке чоң салым болду.

-Билишимче, Кой-Таш окуясына чейин сиз Атамбаев менен тыгыз байланышта иштешип жаттыңыз. Ал киши кармалып, камалып калышы мүмкүн экенин билдиңиздер беле?

– Албетте, мен ал окуяга чейин Атамбаев менен бир топ жолу жолуктум. Кой-Таштагы ошол үйүнө көчүп баргандан кийин да биз саясый маселелерди чогуу талкуулап, сүйлөшүп турдук. “Колубуздан келсе, кененирээк оппозициялык, мамлекеттик, улуттук деңгээлде кыймыл түзөлү, ошол кыймылдын негизинде күчтүү оппозиция жаратып, программалык, идеялык, бийликтин каталарын көргөзүп, каршылык көрсөтүү саясатын жүргүзөлү” деген сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаттык. Бул нормалдуу нерсе. Өзгөчө мурдагы президент оппозицияга өтө турган болсо, анда менин көз карашымча, оппозицияга бир топ салмак бермек. Бир топ чоң кадыр-барк, бир топ чоң ресурстарды алып келмек. Тилекке каршы, ал максатка жете алган жокпуз. Штурм болуп кетерин ойлогон эмеспиз.

– Окуядан кийин сиз да суракка чакырылдыңыз. Анда күбө катары суралдыңызбы,
сизге карата кандайдыр бир айыптоолор болбогон чыгар?..

– Мени күбө катары сурашты. Ошол окуялардын ичинде жүргөн адам катары маалыматтарды алышты. Бул нерсе тергөөнүн жүрүшүндө нормалдуу эле. Билгенимди тергөөгө деле айтып бердим. Жашыра турган эч нерсе жок. Баардыгы мыйзамдын негизинде болду. Бирок, “сурактагы деталдарды айтпайм” деп милдеттенме алгам.

– “Курсан Асанов Атамбаев менен сүйлөшүп жаткан” деген маалыматтар айтылды. Бул тууралуу эмне билесиз?

– Комиссия жыйынында ошол күнкү окуялар жөнүндө сурашты. Менин саясый позицияларым жөнүндө, Европа, АКШ менен болгон мамилелерим тууралуу сурашты. Кээ бирлери түшүнүп-түшүнбөй суроолорду беришти. Жалпысынан, баарына тең жооп берип кеттим. Мен барган учурда Курсан Асанов жок эле. Ал мен кетерде келди. Андан эмнелерди сурашканын билбейм. Ал эми Атамбаев менен Асановдун иштешкенин, же Атамбаевдин кимдер менен мамилеси болгонун мен билбейм. Бирок, “Курсан Асанов менен мамилем бар” дегенин бир да жолу Атамбаевдин оозунан уккан жокмун.

– Атамбаевге бир топ айыптар коюлуп жатат. Ал киши азыр камакта. Мындан кийинки тагдыры кандай болот?

– Атамбаев бир эле эркиндикте турганда бийлик үчүн баш оору жараткан жок. Атамбаев түрмөдө отуруп дагы бийлик үчүн баш оору жаратат. Себеби, мурдагы президент катары, көрүнүктүү саясатчы катары бийлик үчүн түрмөдө отуруп дагы көп кыйынчылыктарды, көп баш ооруларды алып келет. Бирок, ал албетте, бийликтин өзүнө тийешелүү. Себеби, бийликтин Атамбаевди өзүнө баш оору катарында жаратышы, же жалпы коомдук нааразылыктардын жаралышы бийликтен көз каранды. Эгер экономика өспөсө, социалдык маселелер чечилбей турган болсо, кечээкидей кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек ара маселелери күндөн-күнгө курчуй бере турган болсо, реформаларды жасай албаса, анда бийликтин баш оорусу болуп, жалпы коом, ошону менен бирге түрмөдө отурган Атамбаев дагы бир күндө жарала калат. Ошондуктан, бийлик өзү кандай чечимдерди кабыл алат, кандай реформаларды, кандай кадамдарды жасайт – өзү чечиши керек. Чече албаса, күндөн-күнгө абалы начарлайт. Атамбаев дагы чоң оппонент болуп күчтөнө берет.

– Туура бир жылдан кийин, балким күздүн этеги менен шашылыш шайлоо болуп кетсе, ага, анын айланасындагы саясый процесстерге Атамбев таасир эте алабы?

– Менин оюмча, жакынкы шайлоого Атамбаев өзүнүн катышуусу менен таасир эте албайт. Анткени, кантсе да ал түрмөдө отурат. Бирок, Атамбаев процесс катары, көрүнүктүү түрмөдө отурган мурдагы президент катары жана кандайдыр бир деңгээлде биздин коңшулардын, өзгөчө Россиянын колдоосуна ээ болуу мүмкүнчүлүгү чоң саясатчы катары сөзсүз түрдө шайлоого таасир эте алат. Анткени, канчалык абал оорлой турган болсо, ошончолук бийликтин мурдагыдай административдик ресурстарды колдонуусу, добуш сатып алуу жолдору менен шайлоо өткөрүүсү кыйындайт дагы, өлкөдө нааразьыык күчөп, бийликтин шайлоонун чечимин чыгаруу мүмкүнчүлүгү оорлойт. Менин анализим боюнча, бийлик азыркы темпи, мамлекетте болуп аткан экономикалык, социалдык, чек ара оорчулуктары менен шайлоону өткөрө албайт. Мен ойлойм, жакынкы убактарда баары бир оппозиция пайда болот. Оппозициялык уюмдар, кыймылдар пайда болуп, алардын ролу күндөн-күнгө саясатта күчтөнө берет.

– Кыргыз-тажик чек арасындагы абалдын жаралышы Атамбаевге байланыштуу эмеспи? Россия аны камактан бошотуу талабын коюп жатканынан улам келип чыккан жокпу?

– Менде андай далил жок. Бирок, анализ, логика катарында мен ойлойм, Россия, Кремль, же Россия президенти Владимир Путиндин тегерегиндеги адамдар кандайдыр бир Атамбаевдин тагдыры боюнча маселе коюшу ыктымал. Арменияны карап көрөлү. Пашинян аябай легитимдүүлүгү күчтүү мамлекет башчысы болуп эсептелет. Аны коомдун колдоосу 70-80 пайыздын тегерегинде. Мына ошол Пашинянга каршы Кочарянды чыгарып алуу боюнча Россия аябагандай чоң иштерди алып барууда. Ал ачык эле көрүнүп турат. Россиянын Армениядагы элчиси Кочарян менен түрмөгө барып жолугуп жатат. ОДКБнын жолугушуусу жакында Ереванда болот. Ошол жерге Путин бара турган болсо, “Кочарян менен жолугат” деген маалымат бар. Бул нерсенин өзү “Кочарянды Путин же Россия өзүнүн өнөгү катары системалуу, чоң колдоого алып жатат” дегенди түшүндүрөт. “Кыргызстанда деле ошондой болбойт” деп айтуу кыйын. Менин оюмча, эртели-кеч Кремль, Россия Атамбаевди колдошу толук мүмкүн.

– А өзүңүз алдыдагы шайлоого катышканга камылга көрүп атасызбы?

– Мен баардык варианттарды карап атам. Демократиялык саясатчылардын, «реформа кылабыз» деген саясатчылардын парламентке келүү мүмкүнчүлүгү аябагандай төмөн. Анын бир топ себептери бар. Биринчи себеби, коом бүгүнкү күндө демократтарды, реформаторлорду колдобойт жана түшүнө албайт. Экинчиси, биз бийликке баш оорубуз. Бизди бийлик өткөрбөй коюу үчүн көп аракеттерди жасашы мүмкүн. Үчүнчүсү, мага окшогон демократтардын парламентке келиши биздин коңшуларды: Казакстанды, Россияны да бир топ кабатыр кылат. Ошол себептерден улам биздин парламентке баруу мүмкүнчүлүгүбүз төмөн. Албетте, парламентке баргым келет. Биз ар кандай саясый сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Демократтар өзүбүзчө, же оппозициялык маанайдагы саясатчылар өзүбүзчө, же болбосо кандайдыр бир кызыкчылыгы туура келген партиялар менен чогуу альянс болуп бара алабыз. Биз мындай саясый конструкцияларды ойлонушубуз керек. Мен ойлонуп жатам. Бирок, экинчи вариантым бар, эгер алдын ала өткөрүшпөсүн билип турсам, каражат талап кыларын билсем, барбай деле коём.

– Сиздин анализиңизде, бул жолу канча партия утуп келет жана кайсылар, кимдер?

– Сөзсүз түрдө бийликтин партиясы. Бийлик бизде дайыма административдик ресурс, каражат маселесинен утуп келген. Шарттуу түрдө бир же эки партия утат. Аттарын айтпай туралы. Үчүнчү партия – бул башка саясатчыларга байланыштуу болот. Эгерде коомдогу көрүнүктүу саясатчылар, олигархтар биригип нейтралдуу чоң альянсты түзө алышса, балким келишет. Алар: Ахматбек Келдибеков, Нариман Түлеев, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров ж.б. Алардын биригүү мүмкүнчүлүгү жогору деп айта албайм, бирок кандайдыр бир деңгээлде ар бири өз кызыкчылыгын эске алып, «биз шайлоодон өтүшүбүз керек» деп максат коё турган болсок, анда биригүү мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Анда өтөбүз, келебиз. Ал эми бийликтин 1-2 партиясы сөзсүз өтөт.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *