Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Атамбаевдин оппозицияга өткөнү өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берет”

– Ар бир өлкөдө оппозициянын орду аябагандай маанилүү. Себеби оппозиция бар жерде бийлик эффективдүү иштейт. Оппозиция бар жерде бийлик коррупция менен алектенүүдөн коркот. Оппозиция бар жерде бийлик дайыма алдын-артын кылчактап карап турат. Оппозиция бийликке карама-каршы турган, бийликти кандайдыр бир жаман нерселерден кармап турган негизги, саясий күч болуп эсептелет. Ошондуктан дүйнө жүзүндө бийлик бар жерде оппозиция бар болот. Анткени оппозиция бийликтин тең салмактуулугун да сактайт. Кыргызстанда Атамбаев башында турган социал-демократтардын оппозицияга өтөбүз деп жарыялашы толугу менен саясаттын, өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берет. Алар өздөрү чечет. Өздөрүндө ошондой каалоолору боло турган болсо аларга эч ким тоскоолдук кыла албайт.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *