Равшан Жээнбеков: Саясый чөйрөнү өзгөртүүгө президенттин эрки жетеби?

– Равшан мырза, Кыргызстандын 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы боюнча оюңузду билели дедик эле?

-Чынын айтсак, кыргыз тарыхындагы акыркы 30 жылда андай стратегиялар аябагандай көп жазылды. Маселен, Акаевдин, Бакиевдин, бир жарым жыл иштесе да Отунбаеванын жана Атамбаевдин стратегиясы бар болчу. Артка кылчайып карай турган болсок, ал стратегиялардын дээрлик бардыгы тең ишке ашкан жок. Ал стратегиялардын ишке ашпаганынын 3 маанилүү себеби бар. Биринчиси, аны ишке ашыруу үчүн аябагандай күчтүү, системалуу, саясый эрк жана көз караш керек. Экинчиси, аны ишке ашырууга ири суммадагы каражат сарпталат. Үчүнчү себеби, ал стратегияны ишке ашырууга президенттин тегерегинде саясый жана профессионалдуу команда керек болот. Мына ушул нерселердин баары болсо, Сооронбай Жээнбеков аталган стратегияны ишке ашыра алат. Эгерден ушул нерселер жок боло турган болсо, стратегия мурунку президенттердикиндей эле кагаз жүзүндө калып, иш жүзүнө ашпай калышы ыктымал.

– Президент “бул стратегияны ишке ашырууга бардык шарт бар. Бирок, аткаминерлер гана оңолушу керек”деген оюн айтты го?

– Аткаминерлердин бардыгы саясый системага байланышкан. Эгерде саясый система бири-бирин коргоп, бири-бирин жаап жашырган жоопкерчилиги жок система боло турган болсо, анда президент айткандай бюрократтар да, мамлекеттик кызматкерлер да ошол системага ылайыкташып алат. Эгерде президент ошол системаны сындырып, атаандаштыгы бар, адилеттүү ачык айкын, саясый система түзө турган болсо, коомдун көзөмөлүндө аткаминерлер президенттин командасы жок эле өздөрүнөн оңдой баштайт. Мен айтып жаткан система жаман адамды жакшы, жакшы адамды андан да жакшы кылат. Тилекке каршы, биз жашап жаткан система жакшы адамды жаман, жаман адамды карышкырга, акмак адамга айланта турган система. Ошондуктан, президенттин алдындагы аткарыш керек деген эң жогорку талаптын бири өлкөдөгү саясый чөйрөнү өзгөртүү. Эгер президент саясый чөйрөнү өзгөртүүгө күчү жете турган болсо, жанагы айткандай эле аткаминерлер өзгөрөт. Өзгөртүүгө күчү жетпесе, мурунку президенттердей эле өзгөртө албай көптүн бири болуп калат.

– Президенттин күчү, саясый эрки жетти дейли. Бирок, каражат жагын кантет?

– Азыркы күндө “каражат булагы кайдан?”-деп Сулайманов туура айтты. 21 миллиард долларды Кыргызстанга бере турган мамлекет, эл аралык уюмдар, күчтүү финансылык корпорациялар барбы? Жооп жок. Кыргызстандын базары кичинекей, сот системасында жеке менчик корголбойт, Кыргызстанда коррупция аябагандай күчөгөн. Ошондуктан, мындай мамлекетке 21 млрд, долларды кайсы бир мамлекет же уюмдун бериши күмөн. Керек болсо, акыркы мезгилде ТЭЦке, түндүк-түштүк жолуна алган акчабыз коррупциялык жол менен жок болгонун баарыбыз көрүп жатабыз. Ошондуктан жакынкы мезгилде Кыргызстанга инвестициянын келиши кайсы гана чоң реформа, инфраструктура болбосун, каражат табылышы күмөн. Кыскасы, эми мунун ишке ашар-ашпасы, президентке байланыштуу болот. Анткени, президентте эрк болсо, мыкты программаны сунуш кыла алган, аны ишке ашырууга шарт түзө алган профессионалдуу команда топтой алса, анда ал акчанын келишине негиз жана шарт түзөт.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *