Ректор шайлоо

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын флагманы Кыргыз улуттук университети азыркы убакта ректорсуз турат. Улуттук университеттин атагын чыгарып, жогорку даражага жеткирем дегендерге кулак кагыш. Ректор шайлоо 27-майга белгиленди. Ректор болот элем дегендер 15-майга чейин жумушуңарды жыйыштырып, салмагыңарды салып көргүлө. Азыркы тапта мен ректор болот элем деп 9 талапкер чыгыптыр. “Ат чуркабайт, бак чуркайт” демекчи, кимисинин жылдызы жанат алдыда күбө болобуз. Төмөндө талапкер болуп талпынып жаткан тогузу:

1. к.ю.н., доцент Абакирова Асель Мырзакановна, 1975-ж. өзүн-өзү көрсөткөн, ректор ЕУ.

2. к.ф.н., доцент Акунов Эмилбек Бердибаевич, 1979-ж. кафедра сунуштаган, КНУ.

3. к.ф.н., доцент Асанбеков Нурзак Кыштакович, 1961-ж. өзүн-өзү көрсөткөн, КУУ.

4. к.э.н., доцент Жапаров Гурас Дурболонович, 1968-ж. өзүн-өзү көрсөткөн КУУ.

5. д.ф-м.н, профессор Каракеев Таалайбек Тултемирович, 1964-ж. Факультет көрсөткөн, КУУ.

6. к.ю.н., доцент Казанбаева Зарема Равильевна, 1976-ж. өзүн-өзү көрсөткөн, КНУ.

7. д.ф.н., доцент Садыков Канат Жалилович, 1961-ж. КУУнун 18 факультети көрсөтүптүр, КУУ.

8. д.ф.н., профессор Саралаев Нур Керимкулович, 1957-ж. өзүн-өзү көрсөткөн, КГТУ.

9. д.э.н., доцент Суранаев Туратбек Джамалбекович, 1967-ж. өзүн-өзү көрсөткөн, КРСУ.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *