Ректор Усенов кудайдын эрке баласыбы?

Жалал-Абад мамлекеттик университенин ректору Кеңешбек Усеновдун эмгек жамаатты бөлүп-жарып, ката кеткенин ачык айткан окутуучуларды куугунтуктап, жумуштан кетирүүнү көздөп, “желмогуздарга аңчылык” баштаганын буга чейин массалык малымдоо каражаттары армансыз жазып чыгышкан.

Аргасы кеткен эмгек жамааттын кайрылбаган жери калган жок. Президент Жээнбековдон баштап ЖК депутаттарына чейин кайрылуу багышташкан. Бирок, анткен менен, эч биринен майнап чыккан жок. Ошондо, “керек болсо президент менен түз сүйлөшөм, а мага каршы чыккандар абдан жаман болосуңар”- деп Усеновдун айтканы чынбы? Эмнеге эле өзүнөн кетип тербелеңдейт ия? Оозун ачып сүйлөсө баарын кыйратып аткандай, а чындап текшере турган болсо, накта коррупция ЖАМУдан чыгып жүрбөсүн? Же бир убакта башпрокурор Өткүрбек Жамшитов менен чогуу чай ичишип жүргөндөгүсүнүн пайдасы тийип жатабы? Ошого керсейип, тендерлерден каймактарды калпып байып жаткан го? Мындай адамдар билим берүү тармагы гана эмес, бүтүндөй өлкөдөгү кадр саясатына терс таасир тийгизет. Усенов – президент Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүнүн “клиенти”. Бир күнү аны “крышалап” олтургандарга да күрөштүн эпкини жетет. Деги аны көп эркелетпей, ордуна койгулачы, ауу, Ак үй!

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *