Реквием. Марат Козукеев: “Куурап түшүп, кайрадан бүрдөп-көктөп туруш керек”

Адамдын адамдыгы – бир башта өлүм бар экенин билип, бирок өлбөчүдөй жашай билгендигинде окшобойбу. Болбосо эмнеге көп нерсени камырабастыктын курмандыгы кылабыз. Бул интервью Марат Козукеевден былтыр жаз айында алынган. Таанымал актер, таланттуу режиссер ошондо акыркы жолу маек курганын кайдан билдим.  “Көпкө сүйлөштүк. Мынчалык чечилип сүйлөп бере алчу эмес элем”, – деп жыргап күлүп алганы эсимде. Өкүнүчтүүсү, кайсы бир себептерден улам интервьюсу жарыкка чыкпай калган эле. Өзүнүн берген маегин гезит бетинен жаш балача кубанып окубай калганына ичим тызылдай ачышып отурат. Ар бир иш өз убагында бүтүшү керектигин ушул окуя дагы бир жолу далилдеп койду.

– Жаздын келиши чыгармачыл адамдар өзгөчө дем болот болуш керек, учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

– Азыркы учурда биздин театр Кайрат Иманалиевдин «Коркут ата» аттуу драмасы менен  чет өлкөгө фестивалга кеткен, ошону күтүп жатабыз. Андан тышкары, театрда күнүмдүк жашоо. Учурда орус драматургу Николай Коляданын «Шанель айымын» сахналаштырганы жатабыз.

– Казактар Чыңгыз Айтматовдун  «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөтүн» сахналаштырганда деңизди кантип чагылдырат болду экен деп атайын кызыгып келип көрдүк эле. Бирок чынында деңизди техниканын күчү менен мыкты чагылдырып беришкен. Ошондо эмне үчүн биз, кыргыздар, ушундай нерселерди жасай албайбыз деген намыс болгон. Анан Сиз койгон «Тумар ханышада» техниканын күчү менен жасалган жаңы стилдеги көрүнүштөрдү байкап, кыргыздар да жасай алат тура, биз да жасасак колдон келет тура деген жыйынтыкка келдим. «Тумар ханышаны» башкача стилде чагылдырууга аракет кылыптырсыз, буга чейинки сахнадагы техникалык колдонууларда жаңылыктар байкалат. Бул сиздин жеке чыгармачылыгыңызбы же кеңешчилердин көмөгү менен болдубу?

– Албетте, режиссер милдетин алат. Бардыгына режиссер жооп берет. «Тумар ханышаны» коюп жатканда көп эле кыйынчылыктар болду. Биринчиден, «Томирис» жөнүндө көпчүлүк эл биле бербейт, анын үстүнө кыскача гана маалымат бар болчу.

«Тумар ханыша» кыргыз болгон деген идеяны берүү ойдо болгон эмес беле, себеби сак уруусу саяк болгон деген да маалыматтарды айтып жүрүшөт го?

– (Күлүп). Жок, биз андай максатты көздөгөн жокпуз. Мен өзүм жалпы адамзаттык мааниде, тереңирээк көз караштамын. Тумар ханыша эми кыргыз дегенде болбой калат.  Тумар ханыша – кыргызча аты, грекчеси Томирис. Эми ошол убактагы көчмөн элдер, сактар кыргыз болбосо дагы, көчмөн элдерден тараганбыз, алыскы-алыскы ата-бабаларыбыз ошондой болгон деген болжол бар, бирок так айта албайбыз. Томирис казак болгонбу, өзбек болгонбу, тажик же кыргыз болгонбу, айырмасы жок, эң негизгиси, жөн эле тарыхты чагылдырып бериш керек. Эми тарыхты айтуучу эмгектер бар, летопистер бар. Андай эмгектерде перс ханы Кирге каршы чыга турган канчалаган кол башчылары бар болсо дагы, алардын ичинен аял киши бир мамлекетти колуна алып, Персия хандыгын жеңгендиги туурасында маалымат гана берилген. Ал эми биздин максат – «Тумар ханышанын» ошол учурда ички дүйнөсүндө кандай түйшөлүүлөр болгон, эмнеге кайгырган, эмнеге кубанган, эмнени сезген, ошону изилдөө. Мындайча айтканда, психологиялык талдоо жүрдү десек болот.

– Ролдорду бөлүштүрүүдө артисттерди тандоо кандай жүрөт? Сиз өзүңүз тандайсызбы?

– Албетте, өзүм тандайм. Артисттерди тандоодо кыйынчылыктар болот. Драманын таасирдүү чыгышы артисттерди туура тандоодон көз каранды. Артисттерди тандоо аябай маанилүү этап. Кээде бир ролго үчөө туура келип калат. Бирин тандасаң, бири таарынат дегендей (күлүп). Ошонун баарын жайгаштырып, кырдаалдан чыгып кетүү – режиссердун милдети. Кээ бир артисттер келет. “Мен ушул роль үчүн жаралгам, ушуну ойношум керек” дейт. “Жок, сен аны эмес, мына бул ролду ойносоң жүзүң көрүнөт”,- деп айтам. Анан качан спектакль чыккандан кийин “сиз туура айтыптырсыз” деп калышат.

Коомдун психологиясын башкарууда режиссердун бийлиги күчтүү дешет го?

– Ооба, кичинекей театр, кичинекей труппа менен жалпы коомдун психологиясын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү бар. Анан да негизги милдет – ар бир нерсенин алдын алуу. Чыгармачыл адам болуш үчун бүт кесиптин баардыгын тереңден билбесең да, үстүртөн билишиң керек, көп окуш керек. Баарынан кабардар болушуң керек. Мен өзүмдү психологмун деп айта албайм, негизи өзүмдү андаймын, мындаймын деп айтканды жаман көрөм. Бирок чыгармадагы каарманды тереңден билиш үчүн анын ички психологиясын изилдеп чыгыш керек болот. Бир спектаклде, маселен, жыйырма киши болсо, ар биринин психологиясын изилдеп чыгыш керек. Чындап эле жакшы спектакль коем десең, ар бир деталын эринбей изилдеп чыгуу керек.

Репертуарыңызда ошондо азыр канча спектакль бар?

– Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» романын сахналаштырдым, Кайрат Иманалиевдин «Коркут ата»  драмасы жана Бактыгүл Чотурованын которуусундагы «Тумар ханыша» драмасы.

Кээ бир режиссерлордун спектаклдеринде стилдик окшоштуктар кездешет. Кандай чыгарма болбосун, кимдики экендигин көрүүчү байкап коюшу да мүмкүн. Ал эми сиздин бул үч спектаклиңиз үч башка типте, үч башка стилде коюлду. Мисалы, «Саманчынын жолу» чыныгы эл турмушу, эненин күйүтү ж.б. чагылдырылып берилсе, «Тумар ханышада» элди, мекенди сүйүү чакырыгы күчтүү, ал эми «Коркут атада» баштанаяк абстракттуу түрдө психология орун алган. Чыгарманы сахналаштырууда сиз өзүңүздүн көз карашыңызга тууралап, чыгарманы кайра иштеп чыгасызбы же автордун көз карашын эске аласызбы?

– Көп учурда режиссерлор өзүнүн чыгармачылыгын таңуулаганга аракет кылат. Мен андайды жаман көрөм. Менимче, режиссуранын негизги максаты, эң туу чокусу – автордун берейин деген оюн жеткирүүгө. Албетте, кичине алымча, кошумча ой кошуу болот, ансыз болбойт. Сенин да позицияң керек. Бирок автордун айтайын деген оюн издеп, казып таап чыкса, чыгарма максатына жетет. Ар кандай авторду кескилеп, оюн бузуп, өзүңдүкүн таңуулоо анча деле кыйындыкка турбайт. Автор эмнени айткысы келген, ошону таап, өзүндүн оюң менен шайкеш келтирип, бир үндөштүктө чыгарыш керек. Менин табитим ошондой. Анан спектаклдердин окшош чыгып калуусунан мен аябай корком. Баягы жеңил жолго түшүү оңой да. Бир бийиктикке жетип алсаң, ошондон түшпөй эле тура бергиң келет. Бирок бир нерсени кайра-кайра кайталай берүү – чыгармачыл адам үчүн өлүм. Албетте, окшоштук болбой койбойт. Улам көктөп, кайра куурап түшүп, кайра көктөп туруш керек. Ар бир жаңы спектакль башталаарда кайра жаралып туруш керек.

Режиссерлук иште жүргөнүңүзгө канча жылдын жүзү болду?

Беш-алты жылдын тегереги болуп калды. Эми ага чейин окуу жайларда дипломдук спектаклдерди коюп жүрчүмүн. Эми алар – бир күндүк спектаклдер. Бир жолу коюлат, ошол бойдон коюлбайт. Менин ушинтип спектакль коюп жүргөнүмдү театр чөйрөсү билет  да, бир күнү Темирлан Камашевич  мага «Саманчынын жолун» кой деп сунуштап калды. Алгач укканда чалкаман кеттим. Эми башка чыгарма болсо бир жөн, Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармалары тең эле оңой эмес го, бирок «Саманчынын жолу» менен «Кылым карытар бир күн» романын сахнага алып чыгуу өтө татаал. Анан «Саманчынын жолу» экенин укканда “жок, койбойм, болбойт”  дедим. Корктум. Темирлан Камашович  үчүнчү ирет кайталап айтканда,  “улуу киши айтып жатса, кой, уят, эми бел байлап көрөйүн” дедим. Ушуну менен биротоло бар болоюн же режиссерлукту жыйыштырайын деп ойлодум. Анан иштеп баштадык. Иштөө процесси чынында өтө кызыктуу болду. Чынында Айтматов океан. Биз эми, четин эле көрдүк. Даярдоо мөөнөтү кыска болуп калды, эки айдын ичинде даярдаш керек болуп калды. Негизи мунун башын башка режиссер баштаган, ал киши жарымына келгенде ооруп калып, аягына чыкпай калган. Бирок мен кайра роль бөлүштүрүп, кайра иштеп чыктым. Эки ай кетти.

«Саманчынын жолун» мурда китептен окуп, киносун көргөндөгү  таасири жакшы болчу, бирок спектаклин көргөндө күнү бүгүн, мына азыр болуп өткөндөй башкача таасир алдык. Мунун сыры эмнеде?

– Чыгармада да, кинодо да мыкты чагылдырылган. Бирок эмнегедир сахнанын чындыгы башкача болот. Мисалы, турмушта чүпүрөктү илип коюп, “мына бул саманчынын жолу, мына бул араба” дегенге эл ишенбейт, бирок эмнегедир сахнага келгенде  ошол нерсеге ишене беребиз. Албетте, кинону чангым келбейт. Бирок сахнада жандуу турмуш жүрөт, анткени аны жандуу актер ойнойт. Кечээги спектаклден, бүгүнкү спектакль башкача болот. Ойногон сайын актер ролуна жаңы боекторду кошуп турат. Ошондуктан таасири күчтүү. Сахнада чыгарма бир жарк этип жанат, бирок экинчи кайталанбайт. Ар бир күнкү ойнолгон чыгарма ар кандай чыгат. Ал эми кинонун бир жакшы жери – бир тартылат да, түбөлүккө сакталып калат. Бирок болбой эле сахнада көрсөтүлгөн чыгарманын адамга болгон таасири күчтүрөөк болот. Адамда тазаруу болот. Албетте, эми ал жакшы спектакль болсо. Актер кайгырып, күлгөндө, көрүүчү да кошо кайгырып ыйлап,  күлүп жашарып алса, ошондо тазаруу жүрөт. Ошон үчүн театр беш миң жылдан бери жашап келе жатат да.

Бирок театр кээде көрүүчүлөрүн жоготуп алып жатпайбы?

– Азыр чыгармачылык кризис болуп жатат. Театр ушинтип бирде гулдөп турат, бирде ооруп турат. Ар кандай. Азыр бизде эле эмес, жалпы театралдык дүйнөдөгу акыбал ушундай. Былтыр театрга көркөм жетекчи болуп келгенде ойлондум да, биз кайсы жол менен кетебиз, биздин театрга эмне жетишпей жатат, акча жетишпей жатабы? Жок. Каражат тапса болот. Анда эмнеге жыйырма жылдын ичинде театрга эл келбей, драматургиябыз талкаланып калган? Биз мурдагы эле  классиктерди, Токтоболот Абдымомунов, Мырзабек Тойбаев, Мар Байжиев жана башкаларды азыркы күнгө чейин эле коюп келатабыз. Акыркы жылдары кичине жанданып, башка авторлор кошулду, бирок баары бир аз. Ошондуктан драматургдар менен театр кайрадан байланыш түзүш керек. Издей келсек, жазып жүргөн драматургдар көп экен да көрсө. Эмне үчүн театр көрүүчүдөн алыстап калды? Анткени биз жашоонун пульсун таппай калганбыз. Театрга адам  эмне үчүн келет? Театрга адам чындыкты издеп келет. Бирөөгө айта албаган, бирок жан дүйнөсүндө батпай жүргөн бир чындык бар да. Ошону көрмөйүнчө, театрга келбейт. Театрдын сыртына репертуарларды алтын менен жазып койсоң дагы, эгерде өзүнүн чындыгын таппаса, театрга келбейт. Көрүүчү келип “менин жүрөгүмдөгү  чындыкты башка эч жерден уга албагам, ушул театр айтып берди” десе, анда эл театрга батпай калат. Бирок муну жасоо абдан кыйын.

– Ошондо Сиз кандай спектакль коймоксуз?

Менде ойлор аябай көп. Алдыда бир чоң долбоор бар. Индия элчилиги менен бирдикте былтыр «Махабхаратаны» койгонбуз, бул аракетибиз жакшы ишке ашты. Быйыл май айында индия элинин чоң эпосу «Рамаянаны» коебуз деп пландап жатабыз. Классикалык чыгармалардан Шекспирге кайрылсамбы деп жүрөм. Кайсы чыгармасы экенин чече элекмин, “Гамлетти” койсомбу дейм. Анан дагы бир чоң максатым бар – Ибрагим пайгамбар жөнүндө спектакль койгум келет. Бул тема мени көп жылдан бери кызыктырат. Эми буга өтө кылдаттык менен мамиле кылыш керек. Сценарийин драматург менен бирге жазып, Ибрагим өзү пайгамбар болгондуктан дин аалымдары менен да кеңешүү керек. Буюрса, чоң спектакль болот деп ойлоп жатам, эми бул  2018-жылга пландалган. Өткөндө «Тумар ханыша» төрт күн болду. Төрт күн бою аншлаг менен өттү. Отурганга орун жок, кирбей эле койгула десек болбой киришти. Мен ойлодум эле азыр биртикеден кийин кетип калышат го деп. Жок, аягына чейин туруп көрүштү. Муну эмнеден улам айтып жатам? Азыр ушундай кызыгуу болуп турганда токтобостон андан ары улап кетиш керек. Азыр бир нукка түшүп калдык. Салмактуу спектаклдер коюлуп жатат. Эми биздин статусубуз ушундай. Бирок элдин да маанайын ойлоп, комедия жанрына кайрылсамбы деп турам. Жалаң тарыхый чыгармаларды, трагедияларды кое берип, жашоом да ошондой болуп баратат. Чынында чыгарма адамга өзүнүн таасирин берет экен. Үч спектаклде тең трагедия, ойлоруң да, тегерегиңде жашоо да ошондой болуп калат экен. Эми азыр театрга көп таланттуу жаштар топтолуп калды. Актердун ачылышына, сахнада өзүн эркин алып жүрүшүнө, ар бир актердун ичинде айта турган ою бар да, ошону дагы тереңдетип ачыш үчүн комедия керек. Комедияда каармандардын мүнөзү ачык болот. Ошон үчүн жаштарга комедия керек. Бүт жанрларды көрөлү деп атабыз. Мелодраманы мазакташып “мыльная опера” деп коюшат. Бирок мелодрама жакшы жанр.

Сиз бир гана драматургияны окуйсузбу же режиссер катары башка тармактагы китептерди да окуйсузбу? Учурда эмне жөнүндө китеп окуп жатасыз?

– Мен бардык тармактагы китептерди окуганга аракет кылам. Ошол эле Фрейдди алалы. Аны бир жолу окуган менен болбойт. Ар бир спектакль башталганда кайра окуганга туура келет.  «Коркут атаны», «Тумар ханышаны» койгондон башталды, азыр көбүнчө тарыхый, археологиялык китептерди казып окуй баштадым. Аябай кызыгып кеттим. Учурда «Оксфордская археология» деген китепти окуп жатам. Мисалы, сегиз миң жыл илгерки буюмду көрсөм, ошол кездеги жашоону элестетем. Ошол учурда адамдар эмнеден коркуп, эмнеге сүйүнүп, эмне кылып жашады экен деп алдыма археологиялык бир чоподон жасалган буюмду алдыма койсо, өзүм ошонун тарыхын ойлоп таап, сценарий түзүп, эки саат карап отура беришим мүмкүн. Археологиялык казууга катышуу – менин бийик кыялым. Манас – түрк университетинде жайында студенттер археологиялык казууга чыгып турушат экен. Ошол жакта эмгектенген бир агай мени быйыл чакырды. Көл тарапка барабыз дейт. Убакыт болуп калса, барып келсем деген тилегим бар. Андан тышкары, астрономияга кызыгам.

Маектешкен Кыял Тажиева

Булак: “Параграф”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *