Республика аймагынан мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар алынууда

Милиция кызматкерлери мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды ички иштер органдарына өз ыктыярлары менен өткөрүп берүү тууралуу жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда. Бул туурасыда ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ушунун негизинде, милиция кызматкерлерине Ноокен районунун тургуну “ИЖ-12” үлгүсүндөгү ок атуучу куралын, Токтогул районунун тургуну чоң атасынан калган жараксыз абалдагы “К-16” үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу куралын, Ат-Башы районунун тургундары ок атуучу куралдарын өз ыктыярлары менен тапшырышкан фактылар катталган.

Ал эми, Акталаа райондук милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундан мыйзамсыз сакталган “ИЖ-58” үлгүсүндөгү 16-калибрдеги ок атуучу куралын табышкан. 27 жаштагы Т.Б. аттуу Талас шаарынын тургунунун үйүн текшерүү учурунда 1959-жылы чыккан 16-калибрдеги стволу кыскартылган ок атуучу курал жана сайсыз ок атуучу куралдын 1 гильзасы табылып алынган. Талас районунда милиция кызматкерлери “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп, ага кароо жүргүзгөн учурда салондун ичинен “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал жана “ТОЗ-63” үлгүсүндөгү 16-калибрдеги эки ооздуу сайсыз ок атуучу курал 3 даана огу менен табылып алынган. Териштирүү учурунда аталган ок атуучу куралдар Талас ройонунун 27 жаштагы В.Т. аттуу жашоочусуна таандык экендиги аныкталган.

Ошондой эле, Ала-Бука РИИБнин кызматкерлери тарабынан 62 жаштагы М.Т. аттуу жергиликтүү тургундун үйү соттун чечими менен текшерүүгө алынып, натыйжада 16-калибрдеги 1959-жылы чыккан сайсыз ок атуучу курал алынган.

Ушуга эле катар, 39 жаштагы А.Ж. аттуу Ала-Бука районунун жашоочусунун короосунан милиция кызматкерлери 12-калибрдеги 1956-жылы чыккан сайсыз ок атуучу куралын табышкан.
Алынган ок атуучу куралдар экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *