Республика боюнча 19-ноябрдан 20-ноябрга чейин 199 кылмыш,137 жоруктар каттоого алынган

Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, республика боюнча 19-ноябрдан 20-ноябрга чейин  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 199 кылмыш, 137 жоруктар каттоого алынган.

Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.  Ички иштер органдары тарабынан кылмыштарды аныктоо, бетин ачуу жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда.

Республика аймагында  укук бузууларды алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *