“Республика” партиясы чачырайбы?

Жалпы коомчулуктун эсинде болсо керек, 2010-жылы шашылыш түзүлө калган “Республика” партиясы чынын айтканда көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, кызыгуусун арттырган. Анткени жалаң амбициялуу жаштар, ишкерлер чогулган бул партия негизинен коомчулуктун колдоосуна ээ болгону менен саясий элитада “миллионерлер клубу” деген каймана атка калган. Анын лидери Өмүрбек Бабанов шайтанды болсо да эпке келтирген ушунчалык эпчил жигит экен, ошондон бери парламенттик шайлоодо экинин бири болуп келе жатат. Бир канча жылдан бери кыялданып, ал кыялынын ишке ашуусуна өңүт таппай келе жаткан Өмүрбек Бабанов азыр “мүйүздүү болом деп кулагынан айрылган” эчкинин абалында калды.

Дегенибиз, 2017-жылкы президенттик шайлоодо сырткы колдоо жана финансылык ресурстарына өзгөчө ишенген “республикачылардын” лидери президенттик шайлоого аттанган. Баарын так эсептеп чыккан Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы кландык, аймактык өзгөчөлүктү эске албай, анан калса өзүнүн басып өткөн жолундагы ишкердик репутациясынын шектүүлүгү менен президенттик шайлоодо уттуруп жиберди. Уттуруп эле токтоп калса мейли эле, бийлик бир колго топтолгон системанын кесепети менен өлкөдөн чыгып, кайра кире албай, кирсе да сурактан башы чыкпай жүрүп айрым мүлкүнөн айрылып кайра сыртка чыгып кетти.

Биздеги партиялык система анын идеологиялык фронтуна, программасына эмес, жалгыз лидердин көз карашына жараша түптөлгөндүктөн, партия лидери “мүйүзүнөн да, кулагынан да ажырап” «Республика» азыр комада. Мына 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо экинчи болуп кабелтең орун алгаң’”Республика – Ата-Журт” фракциясы Бабанов өлкөдөн чыккан күнү эле эки жаатка бөлүнүп, Ак үйгө ыңгайлуу, ашык сөзү, амбициясы жок Жыргалбек Турускулов фракция лидерлигин ээлеген. Шайлоочулары аз, социалдык базасы жок Турускуловдун фракция лидерине келиши Ак үй үчүн майрам болуп берди. Бийлик ооз ача электе “лям” дебей колдойт. Ал эми Бабановду колдогон төрт гана депутат калды. Алар жердеши Кенжебек Бокоев, жээни Мирлан Жээнчороев, досу Руслан Казакпаев жана финансылык жактан көз каранды Максат Сабиров.

Мына ушул жагдайдан алып караганда, экинин бири болуп турган фракция чачырап, төрт гана депутаттын колдоосуна ээ болгон, бүтүндөй партиясы бар саясий ишмер, ири бизнесмен Өмүрбек Бабановдун позициясы аябай алсырады. Өмүрбек Бабанов шайлоолордо элге убада берген жагынан эч качан алдына ат салбаган саясатчы. Колунан келсе да, келбесе да оозуна биринчи кирген сөз менен элди сооротот. Анын үстүнө кабелтең каражаты бар мурунку ишкер катары каражаттын күчү менен Украина, латвиялык пиар менеджерлер менен тыгыз иштешип, элдин психологиясын манипуляциялоо боюнча чыныгы мастер.

2010-жылдаң бери эч бир убадалары ишке ашпагандыктан же мындайча айтканда убадалары эпикалык жомокко окшоштугунан бир да программасы эсте калган эмес. Ипотекалык үйлөрдү жети пайыз дегени менен реалдуулуктан алыс экенин турмуш көргөздү. Инфляциянын сомго болгон катыштыгын эске алсак, эми гана бир канча жыл өткөндөн кийин жети эмес, сегиз пайызга чейинки ипотекалык турак жай менен камсыздоо ишке ашып жаткандай. Ал да болсо ченелүү.

Биз жогоруда айткандай, Бабанов тегерегине жалаң амбициялуу саясатчыларды кошуп алып, алардын ар бири азыр өз партиялары менен отурганы, андан тышкары өзүнүн керт башынын эркиндиги маанилүү болуп, бийлик «пресси» токтобой турган убакытта келерки парламенттик шайлоодо Бабановдун партиясынын Жогорку Кеңешке келиши өтө чоң эмгекти жана каражатты талап кылат.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *