Өмүрбек Бабанов мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча арыз ды 15-январда Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылды. Бул тууралуу Govori.TV  агенттигине  “Республика” партиясынын штабынан билдиришти.

БШК ал арызды карап, чечим кабыл алышы керек. Бүгүн туштөн кийин боло турган Боршайкомдун жыйынына бул маселе киргизилди.

Президенттик шайлоодо экинчи орун алган Өмүрбек Бабанов былтыр октябрь айында өлкөдөн чыгып кеткен.

Ошондон кийин Бабановго карата конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга үндөө жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголгон.

Ага анын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө Ош шаарындагы өзбек улутундагы шайлоочулар жашаган Он-Адыр аймагына барган учурда сүйлөгөн сөздөрү негиз катары каралууда.

Бабанов Жаңы жылдык майрам алдында билдирүү таратып, депутаттык мандатын өз эрки менен тапшырып, саясаттан кете турганын айткан. Ал партиялык ишмердиктен да кетип жатканын белгилеген.

16 январда, Бабанов “мени тынч койгула” деп журналистерден суранды. Ал саясаттан кеткенин жар салып, Орусияга чыгып кеткен боюнча кайрылып келе элек.

Булак: Govori.tv

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *