Революцияны эл жасады, пайдасын жетим жүгүрүктөр көрдү

– Март-апрель революциясынан мамлекет үчүн пайда болдубу же пайдасынан зыяны көп болдубу?
Медербек Сатыев, “Ата-Журт” саясий партиясынын мүчөсү:

“КӨРҮНҮКТҮҮ ӨЗГӨРҮҮЛӨР БОЛГОН ЖОК”

– Эки революция болгону менен мамлекетибизде көрүнүктүү өзгөрүүлөр болгон жок. Баардык тармактарда коррупция гүлдөп өсүп жатат. Айрыкча сот системасы Ак үйдүн буйруктарын түздөн-түз аткарып, саясий кугунтуктоолор күчөдү. Соттор мыйзамдуу чечим кабыл алышпай, жалаң тана саясий чечимдерди кабыл алышууда. Президентибиз С.Жээнбеков Коргоо кеңешинде коррупция менен катуу күрөшүү боюнча эң туура маселени көтөрүп чыкканын толугу менен колдойм. Ушул актуалдуу маселени президентибиз аягына чыгарат деген үмүттөмүн. “Айтылган сөз, атылган ок”.

Ырысбек Өмүрзаков, журналист:

“2010 -ЖЫЛДАН БЕРИ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУДА, ӨНДҮРҮШТӨ, ЖАШООДО, КЫЙЛА АРТКА КЕТТИК”

– 24-мартта болгон революциядан кийин мамлекетибиз өнүгүп, элдин турмушу оңолот деген үмүт чоң эле. Чындыгында, алга жылуулар 2007-2009 жылдары болбоду десек, анда сырткы карызыбыз 2 млрд 700 млн. доллардан 1 млрд 900 миллионго азайганын түшүндүрүү кыйын болуп калат го.

24-марттан мамлекет пайда тапты десек болот. Бирок, пайда бир жагдайлуу болду. Саясаттагы кыйыр иштер токтотулган жок. Баягы эле Акаевдин мезгилиндеги чиновниктер революционер боло калып, иштей калып, мамлекетибизди муруңку “тас кейпине” келтирүүгө аябай чоң өбөлгө болду деп айтсак болот… 7-апрелдеги кандуу окуяларды революция деп атайбызбы, төңкөрүш деп атайбызды, өнүгүү жолунда турган Кыргызстан “улуу агабызга” жакпай калгандын себебинен болуп калды. “Бакиев энергохолдинг менен газ чарбаны бизге берип койгондо, азыркыга чейин падыша болуп жүрө бермек”,- деп Москвадан Россиянын бир саясат таануучу журналистти айтты эле.

Ал туралуу мен “Президенттин тагдыры” аттуу китебимде белгилегем. 2010-жылдын 7-апрелинде келишпес оппозициянын лидеринин бири “5-6 кыргыз өлсө андан кыргыз кемибейт”,- деген “ураан” алдында болгон окуя. Кан төгүү пландашылган окуя. Бул төңкөрүштөн соң, биздин шордуу мамлекетибиздин сырткы карызы беш миллиардан ашты. Анын эки жарым миллиард доллары – Кытайга карызыбыз. Ал акчаны, биздин алкымы бузулган чиновниктерге бир азын берип, кытайлыктар өздөрү эле “ап” деп койгонун эч жашыра албайбыз. 2010-жылдан бери, биздин мамлекетибиз банкрот болуу чегине аябай жакындап, Кытайга кул болуп калаарыбызды да көрсөтүп калды. Ошентип, 7-апрелде болгон төнкөрүш мамлекетибизге пайда келтирди деп Ош базарында краска сатып жүрүп, бизнеси 3 тачканы арендага берип оокат кылып, 2010-жылдагы тоноолордон кийин байыгандар эле айтпаса, акыл ээси ордундагы адамдар: “2010 -жылдан бери, биз маданиятыбызда, мамлекеттик башкарууда, өндүрүштө, демек, жашоодо, кыйла артка кеттик”,- деп айтышы абзел.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер:

“‘7-АПРЕЛДЕ ШЕЙИТ КЕТКЕНДЕР 0ЙГ0НУП КАЙРА КЕЛИШСЕ, АЛАР “ЭМНЕГЕ БУЛАР ҮЧҮН КАН ТӨКТҮК” ДЕШМЕК”
-Март-апрелде эл көтөрүлүп, бирок ошол эле күнү женишин коррупционерлерге алдыртып ийди десек болот. Революция эмес, экөө тең контрреволюция десек болот. Атамбаевдин эле кадр саясатынан байкасаңар болот – өкмөтү, Башкы прокуратурасы, Улуттук банкы, Улуттук телевидениеси, Улуттук коопсуздугу, Эсеп палатасы, Энергохолдинги жана башкалары баардыгы ошол Бакиевдин сүйүктүү кадрлары. Мен дайыма айтам, мына азыр 7-апрелде шейит кеткендер ойгонуп кайра келишсе, алар “биз эмне кылдык кан төгүп булар үчүн” деп айтышмак. Акыйкаттык орнододубу? Жок! Ким утту? Мурун бакиевдерден коркуп жүргөн ууру олигархтар утту, ошолор кутурду. Эми алар мамлекетти талкалап атышат ар бириси. Үй-бүлөлүк режим менен салыштырмалуу мындайдын зыяны аз эмес, керек болсо көбүрөөк. Компрадорский режим деп коёт мындайды. Мындай жолду бизге чейин көптөгөн Африка жана Латын Америка мамлекеттери өткөн. Бизге элдик кызыкчылыкты коргоо үчүн күчтүү бийлик керек. Демократиянын азыркы учурда жыты да жок. Ошону менен жабынып алышып элден алыс элементтер мамлекетти талкалап атышат!

Булак: “Майдан

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *