“Росинбанк” эмнеге “Керемет банк” болуп алды, ыя?

“Российский Инвестиционный Банк” ачык акционердик коому Адилет министрлигинен кайра каттоодон өттү. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Эми ал “Керемет Банк” ачык акционердик коому аталат. Мындан тышкары лицензиясын жана № 049 лицензиясындагы уруксат берилген банк операцияларынын тизмеси да өзгөрүп, улуттук же чет элдик акча бирдигинде банк операциясын жүргүзүүгө уруксат алды.

Банктын аталышын өзгөртүү чечими банк акционерлеринин кезексиз жыйынында 2019-жылдын 16 августунда кабыл алынган.

Белгилей кетсек, «Росинбанк» АККсынын 95,07%ы Кыргызстандын улуттук банкына тиешелүү. Банк башкармалыгынын чечими менен эми ал адистешип, инфраструктураны, байланышты, үй курулушушуна кредит берүү багытында иштемекчи.

2018-жылдын 2-октябрында Улуттук банкта 71,66% акциясы болгон, Кыргыз Өкмөтүнүн мүлк фондунда – 8,3%, жеке тараптарда -20% болгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *