Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Россия Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүүнү убактылуу токтотту
Дүйнө жүзүндө

Россия Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүүнү убактылуу токтотту

Кыргызстандагы саясий кырдаал турукташмайынча, Москва Бишкекке каржылык колдоо көрсөтпөйт. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыкты. 

Акыркы жолу Кыргызстанга мамлекеттик каржылык жардам берилгени тууралуу өткөн жылы маалымдалган.

“Кыргызстандагы учурдагы кырдаалды эске алып, каржылык жардам көрсөтүү өлкөдөгү саясий кырдаал турукташып, бийликтин иши калыбына келтирилгенге чейин токтотулган” – деп айтылат маалыматта.

Акыркы жолу 2019-жылы Кыргызстанга мамлекеттик каржылык жардам көрсөтүлгөн: анда Россия 30 миллион долларды берген, 2005-жылдан бери Россия дагы Кыргызстанга 700 миллион доллардан ашуун карызын кечкен (2018-жылдын февраль айында карыз толугу менен жоюлган). 2012-жылдан бери Москва Бишкекке 250 миллион доллардан ашуун суммадагы гранттарды берип келет.

Кыргызстанда кырдаал 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин курчуп кетти. БШКнын алдын ала маалыматы боюнча, добуш берүүгө катышкан 16 партиянын ичинен төртөө гана мыйзам чыгаруу органына кире алган. Андан кийин расмий жыйынтыкка нааразы болгон адамдар митингге чыгышкан.

Уруксатсыз митингдер күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен кагылышууга чейин жеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер Бишкектеги Ак үйдүн аймагына кирип келип, өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаев СИЗОдо жаткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин дарбазасын сындырышты. Демонстранттар мурунку мамлекет башчыны жана башка экс-чиновниктерди бошотушкан. 10-октябрда Атамбаев кайрадан баш калаадагы массалык баш аламандыкты уюштуруу ишинин алкагында камакка алынды.

Нааразычылыктардан кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, шайлоо босогосун төмөндөтүүнү сунуштады. Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү, премьер-министрди жана өлкөнүн Башкы штабынын башчысын кызматтан кетирди. Садыр Жапаров өкмөттүн башчылыгына дайындалды, ал президентти отставкага кетүүгө чакырды, анткени ал, премьер-министрдин пикири боюнча, убадаларын аткарган жок. Мамлекет башчысынын өзү буга чейин кырдаал мыйзамдуу жолго түшөөр замат кызматтан кетүүгө даяр экендигин билдирген.

Кремль Кыргызстандагы кырдаалда “хаостун ачык-айкын чагылдырылган элементтерин” көрдү. 12-октябрда Президент Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак Жээнбеков менен жолугушуу үчүн республикага келди.

7-октябрда Кыргызстандын Улуттук банкы капиталды өлкөдөн уруксатсыз чыгарып кетпөө үчүн SWIFT эл аралык каржы байланыш тутуму өчүрүлгөнүн жарыялады.

Дүйнөдө 1,6 миллиондон ашык адамдан таажывирусу аныкталган

АКШ Польшага кошумча аскерлерин жөнөтөт

АКШ Орусия менен Сирияга Идлибдеги соккулардын кесепеттери тууралуу эскертти