Россияда алдын ала маалымат боюнча 8 кыргызстандык жол кырсыгынан жабыркады

Россия Федерациясынын Рязань облусунун Шацкий районунда 2018-жылдын 1-апрель күнү саат 09:30 чамасында (Москва убактысы боюнча) Урал М5 унаа жолунун 377-чакырымында (Кучасьево айылы) “Хонда-Степ” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгиндеги электр карагайын сүзгөн, – деп маалымдады КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын ичиндеги 8 адам жабыркап, Шацкий райондук ооруканасына жеткирилген.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар Кыргызстандын жарандары.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *