Россияда каза болгон, кара-кулжалык маркумдун жубайынан коронавирус илдети аныкталды

Кара-Кулжа районунда Россияда каза тапкан маркумдун жубайынан коронавирус аныкталды. Ал эми маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан, үй карантинине алынган 60 адамдын анализи таза чыкты. Башкача айтканда алардан коронавирус илдети чыккан жок. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Кара-Кочкор айылына карантин режими киргизилип, блокпосттор коюлду.

“Маркумду Россиядан алып келгендер, акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкандардын баарынан анализ алынды. Жыйынтыгында анын жубайынан коронавирус илдети аныкталды. Азыркы учурда Кара-Кочкор айылында 72 жаран обсервацияда жатат”, – деди Ош ОИИБдин басма сөз катчысы. Ал эми маркумдун жубайы Өзгөн аймактык ооруканасындагы изоляторго жеткирилди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *