Россиянын экономикалык өнүктүрүү министри Алексей Улюкаев үй камагына алынды

Москванын Басман соту коррупцияга айыпталып жаткан экономикалык өнүктүрүү министри Алексей Улюкаевди үй камагына алуу чечимин чыгарды. Тергөө дал ушундай баш коргоо чарасын белгилөөнү өтүнгөн болчу.

Сотто айыптоо тараптын күбөсү катары эки киши катышты.

Министрдин өзү коюлган кинелерди четке кагып, көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Бирок ошол эле маалда тергөө менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Улюкаев Орусиянын заманбап тарыхында камакка алынган алгачкы федералдык министр болду. Ал“Роснефть” мунай компаниясынын “Башнефть” ишканасына ээлик кылуусуна шарт түзүү үчүн 2 миллион доллар пара алган деп айыпталууда.

Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев экономикалык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу кылып Евгений Елинди дайындады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *